"Ата, сиз өлбөңүз!". 30 баланы канатына калкалаган үй-бүлөнүн ак жарыгы

© Sputnik / Табылды КадырбековИса Өмүракунов балдары менен. Архив
Иса Өмүракунов балдары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Sputnik агенттиги окурмандарга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет. Бул ирет 20дан ашык баланы канатына калкалап багып жаткан Иса байке менен Таалайкүл эже тууралуу сөз кылабыз.

Сокулук районунун Маловодное деген айылында жүрөгү таза, пейили кенен, ниети ак үй-бүлө жашайт. Жасаган ишин жарнамалабайт же милдет кылып өкмөттөн жардам сурашпайт. Жөн гана жардам беришет. Болгондо да кароосуз калган балдарга, социалдык жетимдерге, томолой жетимдерге... Алар кубанса кубанып, кайгырса кайгырып жашоосун балдарга арнап коюшкан.

Жубайларды эки жылдан бери жакындан тааныйм. Алар тууралуу 2018-жылы видеоматериал жасап, таанышып калганбыз.

Иса Өмүракунов менен Таалайкүл Арызматова ар кайсы курактагы 25 бөбөктүн ата-энеси. Ага өздөрүнүн беш баласын кошкондо 30 бала багышат. Бирок алар бул бөбөктөрдү мыйзамдуу түрдө асырап алышкан эмес. Айрымдарын акы албай эле, ата менен эне мээримин төгүп, жөн эле багып беришет. Элестетиңиз, ЖӨН ЭЛЕ. Бул баарынын эле колунан келе бербесе керек...

Иса байкенин үйүндөгү кээ бир бөбөктөрдү атасы таштап кеткен, энеси чет жакта иштеп жүрөт. Апасы тыйын таап, өз алдынча жашап калганда гана балдарын алып кетет. Ага чейин Иса байке менен Таалайкүл эже "жалгыз бой энелерге жеңилдик болсун" деп чүрпөлөрүн убактылуу карап, мээрим төгүп багып беришет.

"Аялын баласы менен таштап кеткен эркектер көп. Чүрпөмдү багам деп энелери чет өлкөлөп кетип, балдар ар кай жакта калууда. Андай балдар ата-эненин мээримин көрбөй калат. Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүлгөнүн айткан жаңылыктарды угуу биз үчүн оор. Ошол себептен жардам беребиз. Аз убакыт болсо да ата мээримин төгүп, тарбия бергим келет. Биздин максат — эне баланы бири-биринен ажыратпоо", — дейт Иса Өмүракунов.

Мээримдүү адамдардын үйүндө жаңы төрөгөн келиндер дагы бар. Алардын кээ бири кокустан боюнда болуп калып, ата-энесинин үйүнө бара албай жүргөндөр.

Рублевые банкноты. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Ак жарык. Алтайда балалуу эненин жол акысын төлөгөн өспүрүм миллионер болду
"Айрым кыздар кокустан боюна бүтүп калса, ата-энесинен коркуп боюнан алдырып салышат же бейкүнөө балдарды таштандыга таштап кетет. Бул көрүнүштү алдын алуу үчүн үйдөн ушундай кыз-келиндерге өзүнчө бөлмө даярдап койгонбуз. Өзүнө келип, балдарын торолтуп, чоңойтуп алгыча биздин камкордукта жашайт", — дейт Таалайкүл Арзыматова.

25 баланын төртөөсүн жубайлар мыйзамдуу асырап алышкан.

"Бул төрт баланын аталары ар башка, энеси бир, орус улутундагы аял экен. Бирок азыр апасы кайда экени белгисиз. Буга чейин таенеси карачу дешет. Кийин таякеси түрмөдөн чыгып келип, экинчи уулун сабап жатканда кошуналары милицияга чалып, балдарды мамлекет алып койгон. Төртөө мамлекеттен бизге өтүп, Таалайкүл экөөбүздүн балдарыбыз болуп калды", — деди Өмүракунов.

Төртөөнүн ичинен өзгөчө боорукер кызы бар. Анын аты Ниара. Бирок өз каалоосу, суранычы менен Таңсулууга айланган.

"Ниараны багып алганда эле "ата, мага кыргызча ат коюңузчу" деп калды. Жубайым экөөбүз ойлонуп, экинчи кызыбыз Нурсулууга уйкаштырып Таңсулуу деп койдук. Азыр Таңсулуу мектепте окуйт, кыргызча суудай сүйлөп, комуз черткенди үйрөндү. Бир күнү ооруп төшөккө жатып калсам, "ата, сиз өлбөйсүзбү, эгер өлүп калсаңыз бизди ким багат?" деди. Аябай жаман болуп кеттим. Байкуштар, ата-энесин жоготкон немелердин жүрөгү үшүп калган да. Күлүп эле "жок балам, өлбөйм. Мен өлсөм силерди чын эле ким карайт?" десем, аябай сүйүнгөн эле…", — дейт Иса байке.

Тигүү цехинин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак жарык. Канададан баштыкка буюртма берип, өмүр узарткан мекендештер
Балдарды "өз" же "бөтөн" деп бөлбөй, өздөрү эмне жесе кошо бөлүшүп, жашоосун жетимдерге, жалгыз бой энелерге арнап койгон бул адамдардан үйрөнө турган нерсе көп. Башкысы мунун баарын алар "эл көрсүн" деп жасабайт. Чын жүрөктөн жасашат. Ар биринин туулган күнүн өзгөчө өткөрүп, балдардын жүзүнө жылмаюу тартуулап келишет.

Учурдан пайдаланып Иса байке менен Таалайкүл эжеге ыраазычылык айткым келет. Бул макаланы окуп жатсаңыздар, сиздерден үлгү алам. Балдарыңарга белек-бечкек алып барайын деп чыгынбай жүрөм. Балдардын жүзүнө жылмаюу тартуулап жүрө бериңиздер. Тима, С4, Таңсулуунун бетинен өөп коюңуздар. Иса байке, сиз айткандай, "бөтөн" бала болбойт. Мен да эжемдин кызына энелик мээрим төгүп, мамасы келгиче өз апасындай мамиле кылып, аны жакшылап караганга аракет кылып жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0