Маданият министрлиги 7 телеканалга 46 миң сомдон айып салды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗапрещенные фильмы на ТВ в Узбекистане
Запрещенные фильмы на ТВ в Узбекистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият министрлиги Кыргызстандагы телерадиону пландык лицензиялык текшерүүдөн өткөрдү. Министрлик пландык жана пландык эмес текшерүү учурунда кандай мыйзам бузуулар катталгандыгын айтты.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти 2019-жылы 7 телеканалга айып салгандыгын аталган министрлик кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, департамент ыйгарым укуктуу орган катары телерадио уюмдар жана телерадиоберүү операторлору тарабынан КРдин телерадиоберүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча лицензиялык көзөмөл жүргүзүп, 2019-жылы телеканалдардын пландык жана пландык эмес текшерүүлөрүн өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча 59 жазма эскертүү берген.

Глава правового отдела Департамента информации и массовых коммуникаций Бектур Ибрагимов  - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ибрагимов: медиа борборлор райондук гезиттердин жабылышын шарттабайт
Аналогдук берүүдө жана берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга 806 уруксат, анын ичинен 132си телерадио уюмдарына (телеканалдарга – 92, радиоканалдарга – 40) жана 8 телерадиоберүү операторлоруна 674 уруксат берилген.

Департаменттин адистери 21 телерадио уюмдун дареги боюнча пландык лицензиялык текшерүүлөрдү өткөрүп, "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу" мыйзамынын 8-беренесинин пункттары боюнча (телерадиопрограммалардын жана телеберүүлөрдүн көлөмүндө улуттук өндүрүштүн жана мамлекеттик тилдин сакталбашы) 7 телеканалга — "РЕН ТВ", "ООВА ТВ", "НТВ Kей Джи", "8 канал", "Я", "НБТ" жана "Россия РЦТ") 46 миң сом айып салган. Бүгүнкү күнгө карата "РЕН ТВ" телеканалы айыпты төлөдү.

Ал эми "НТВ Кей Джи", "Я" жана "НБТ" телеканалдары табылган бузуулар менен макул болгон жок, протоколдорго дагы жазылды, ошондой эле "НТВ Кей Джи" телеканалы айыпты жокко чыгаруу боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине административдик доо арызы менен кайрылган.

Министрликтин административдик доолорду кароо боюнча комиссиясы, "НТВ Кей Джи" телеканалынын материалдарын карап чыгып, доо арызын канааттандырган жок.

Азыркы учурда Департаменттин адистери тарабынан "Семейный+Домашний", "Два Ноль. Пятница", "Эхо Манаса" телеканалдарына айып салуу үчүн документтердин пакети даярдалып жатат.

КРдин мыйзамдарын бузуп жаткандыгына карабастан, административдик жол-жоболорго ылайык, "Керемет", "7 канал", "Семейный", "ТНТ Кыргызстан", "Кыргызстан", "24 ТВ" жана "КТРК Баластан" телеканалдарына КРдин "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу" мыйзамынын жогоруда аталган пункттарын бузгандыгы боюнча жазма эскертүүлөр берилди. Эгерде табылган бузуулар белгиленген убакыттын ичинде жоюлбаса, анда бул телеканалдарга дагы айып салынат.

Көрсөтүү үчүн уруксат алган, бирок бир айдан ашуун убакыттан бери көрсөтүүлөр берилбей жаткан жана ачык түрдө же код коюлган түрдө көрсөтүлбөй жаткан телеканалдарга, мурда берилген уруксатты кайтарып алуу үчүн доо арыз берилип, сот аркылуу жокко чыгарылат. Көрсөтпөй жаткан телеканалдардын жалпы саны 30дан ашат.

Өлкөдөгү телеканалдардын биринин башкы продюсери Алтынбек Деркембаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Деркембаев: медиалар ортосунда рекламалык "токоч" калыс бөлүнбөй калууда
Мындан сырткары, телеканалдардын көпчүлүк бөлүгү жарнама жөнүндө, автордук жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү мыйзам ченемдерин аткарбай, "пираттык" продукцияны колдонушат, ошондой эле мыйзамсыз фильм продукцияларын көрсөтүп жаткан убактарда коммерциялык жарнамаларды көрсөтүп турушат.

Телеканалдардын мониторингин жүргүзгөн учурда бузуулар аныкталып, мыйзамсыз фильм продукцияларын көрсөтүп жаткан убактарда коммерциялык жарнамаларды көрсөткөн телеканалдар — "7 канал", "8 канал ", "312 Кино", "Cinemax", "Керемет", "New TV", "Nur TV", "OOVA TV", "Ош ТВ", "RTV", "TV1KG", "Азия ТВ", "Домашний", "Кыргызстан", "Любимый", "Марва", "НБТ", "КТРК", "НТВ", "НТС", "ОшПирим", "Пятница", "РенТВ", "Санат", "Семейный", "Эхо Манаса", "Я", "СТВ" жана "Пирамида". Ал эми "5 канал", "24 ТВ", "Некст ТВ", "Баластан-КТРК", "Маданият, Тарых, Тил", "ЭлТР" жана "Илим жана билим" каналдары жарнама үчүн берүүлөрүн үзгүлтүккө учуратпайт деп табылды.

Автордук жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү аныкталган бузуулардын жыйынтыгы боюнча Департамент телерадио уюмдарга фильм продукцияларын телеканалдардын эфирлеринен трансляциялоого уруксат берүүчү документтерди көрсөтүүнү талап кылды.

Тиешелүү материалдар Ички иштер министрлиги менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0