Онкологиялык ооруларды шарттачу жаман адаттар тизмектелди

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүМеждународный аэропорт Дубай
Международный аэропорт Дубай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиядагы ракты изилдөө борборунун адистеринин ою боюнча, онкологиялык ооруга чылым менен туура эмес тамактануу гана алып келбейт.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Немец окумуштуулары онкология илдетине алып келиши мүмкүн делген адаттарды атады. "Булар сиз үчүн да күтүүсүз болушу ыктымал" деп жазат Известия басылмасы.

Германиядагы ракты изилдөө борборунун адистеринин ою боюнча, онкологиялык ооруга чылым менен туура эмес тамактануу гана алып келбейт.

Бейтаптардын медициналык кароо бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адистер ашказан рагынын белгилери жана алдын алуу жолдорун айтты
Учактын тегерек терезесинин түбүнө отургандардын да ракка кабылуу коркунучу күч. Анткени аба кемесинин айнектери 47 пайыз UVA нурун өткөрөт. Бул нурлар терини эрте картайтып, тери рагына чалдыктырышы мүмкүн. Автоунаада кетип баратканда терезени ачып коюу өпкө, табарсык шишигине кабылтышы ыктымал.

Смартфондун экранынын түсү да аты жаман илдетти шартташы толук мүмкүн.

Курамында минералдуу май кошулган косметика да зыян. Суюк тамактарды, суусундуктарды ысык кылып ичүү да сунушталбайт. Анткени +65 градустан ашкан температурадагы суусундук тканды, тамак сиңирүү клеткасын өлтүрүп, ракты пайда кылат.

Боор, ооз, тамак, эмчек рагы ичимдиктен келип чыгышы ыктымал экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0