Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги орнотулат

© Sputnik / Табылды КадырбековМонумент памяти павшим в Великой Отечественной войне в Бишкеке
Монумент памяти павшим в Великой Отечественной войне в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саамалык Бишкек мэриясы менен баатырдын ысмын алып жүргөн фонддун демилгеси менен ишке ашырылганы жатат.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкекте жаңы курулуп жаткан сейил бакка Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги тургузулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Маалыматка ылайык, айкел Түлөбердиев көчөсү менен Көкчөтау көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы түшүп жаткан сейил бакка тургулузмакчы.

Мэриянын жана Чолпонбай Түлөбердиев атындагы фонддун демилгеси менен ишке ашырылуучу саамалыкка Россиянын Кыргызстандагы элчилиги көмөктөшүү ниетин билдирген. Бирок каржы маселеси азыр толук чечиле элек.

"Аталган парк курулуп бүткөндөн кийин анын ачылышында Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигин да ачуу үчүн Чолпонбай Түлөбердиев атындагы фонд менен биргелешип иштеп жатабыз. Жаңы сейил бак Биринчи Май районунун аймагында болгондуктан, бул тууралуу аталган райондун акимине тапшырма берилди", — деди Алмамбетова.

Мэриядан кабарлагандай, учурда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы эксперттик-көркөм комиссия Түлөбердиевдин эстелигинин кошумча деталдарына, баатырдын образына, айкелдин көркөмдүгүнө байланышкан маселелерди талкуулоодо. Анын курамына министрликтин өкүлдөрү, скульпторлор жана сүрөтчүлөр кирген. Кийинки талкуу 15-февралда болот.

Бишкекте Ленинград блокадасын жарып өтүүнүн 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болду - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстандыктар жардам берген". Бишкекте Ленинград блокадасы эскерилди
Эске салсак, Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Чымкент кыштагында туулган. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чыкырылып, согушка кирген.

Ал 1942-жылы 6-августта Россиянын Воронеж облусундагы Селявный кыштагын бошотууда душмандын дзотунун амбразурасын денеси менен жаап, баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.

Чолпонбай Түлөбердиевдин сөөгү ал курман болгон Селявный кыштагындагы Кашка тоого (Лысая гора) коюлуп, эстелиги орнотулган. Анда "Эрдигиң менен элиңди сактап калдың" ("Подвигом своим ты обессмертил свой народ") деп жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0