Депутат Акаев: элди мазактаган Жеңиш Разаков кечирим сурасын

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК Жанар Акаев
Депутат ЖК Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер чек ара көйгөйү боюнча митингге чыккандарды "кимдир бирөөдөн акча алган" деп билдирген.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин жалпы жыйынында "вице-премьер Жеңиш Разаков элди мазактады" деп кечирим сурашын талап кылды.

Буга вице-премьердин кечээ тармактык комитеттин жыйынында чек ара көйгөйү боюнча митингге чыккан эл тууралуу "кимдир бирөөдөн акча алган" деп айтканы негиз болгон.

"Бүгүндөн калбай элден кечирим сурашы керек. Кыш чилдеде айыл-ападан келип өкмөткө чек ара көйгөйүн айтып жатса, вице-премьердин минтип сүйлөгөнү элди мазактоо. Жеңиш Разаков ошол сөзүнө сот алдында жооп берсин же элдин алдына чыгып кечирим сурасын!" — деп төрага менен өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылды Акаев.

Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Тилек өткөрүү пунктунан өтүү татаалдашып, жүк ташуучулар үчүн чатырлар тигилип, ысык чай уюштурулду - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чегинде турган фуралар: айдоочулар үчүн чатыр тигилип, чай берилүүдө
Мындан сырткары, депутат Баткенде кармалган эки жергиликтүү тургунга массалык башаламандык уюштурган деген кине коюлганын сындады. Ал эми айыл башчысы Бишкекке келип митингге катышса, аны куугунтуктап жатышканын белгиледи. Муну менен өкмөт маселени чечпей эле тескерисинче элди козутуп жатат деп сыпаттады.

Белгилей кетсек, 15-январда Бишкек менен Баткен шаарында митинг өткөн. Чогулган эл өкмөттүн Кыргызстандын түштүгүндөгү чек арасын делимитациялоо иштерин жүргүзбөгөндүгүнө нааразы болгон. Ошондой эле күч түзүмү боюнча вице-премьер Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин талап кылып, аткаминердин чек ара маселесин чечүүдө алсыздык кылып жатканын жүйө келтирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0