Министрлик: мыйзамга дарыгерлерди коргогон норма киргизүү пландалууда

© Sputnik / Алексей СухоруковГородская клиническая больница имени архиепископа Луки в Тамбове
Городская клиническая больница имени архиепископа Луки в Тамбове - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги дарыгер менен эненин ортосундагы ызы-чуудан кийин кандай иштер аткарылып жатканы боюнча маалымат берди.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Жоруктар кодексине мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнө, алардын ичинде медицина кызматкерлери менен мугалимдерге жеңил зыян келтирген адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү норма киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Жумакеев билдирди.

Пожар в здании церкви и в частной школе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ооруканадагы чатак: милиция врач менен урушту делген аялды издеп жатат
Анын айтымында, буга чейин ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына Билим берүү, Саламаттык сактоо, Социалдык өнүктүрүү министрликтеринин өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова кирген.

Жумакеев билдиргендей, Жоруктар кодексинде бир жарандын экинчи жаранга жеңил зыян келтиргени боюнча норма каралган. Эми комиссия ушул эле кодекске мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнө жана мугалимдер менен медицина кызматкерлерине зыян келтирилген учурда жоопко тартуу боюнча өзүнчө норма киргизүүнү сунуштаганы жатат.

"Мында жазаны күчөтүү жөнүндө сөз болгон жок. Биздин максат — кодекске конкреттүү негизде жазып коюу", — деди Жумакеев.

Ал ошондой эле медкызматкерлердин статусу жөнүндөгү мыйзамда дарыгерлер өзүнүн функционалдык милдеттерин так аткарууга тийиш экени көрсөтүлгөнүн белгиледи.

"Бейтаптар тараптан дагы нааразычылыктар болуп келет. Андыктан конфликтиге бир тараптуу караган болбойт. Бул норманы Эмгек кодексине дагы киргизүүнү пландап жатабыз", — деди юрист.

Ал мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кечээки окуя эмес, андан мурдагысы себеп болгонун айтты.

Эске салсак, 21-январь күнү соцтармакка №3 балдар ооруканасына кайрылган аялдардын бири дарыгерди жулкулдатып, урушуп жаткан видео соцтармакка тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0