Көркөм сүрөт музейиндеги уникалдуу эмгектерди интернеттен көрүүгө жол ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековГапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи. Архив
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда биринчи жолу көркөм онлайн-галерея түзүлдү. Музейдин сайтынан белгилүү сүрөтчү менен скульпторлордун кайталангыс эмгектерин көрүүгө болот.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи artmuseum.kg домени менен сайт ачып, ага 4000ден ашуун картина жана скульпторлордун миңге чукул эмгеги коюлду.

Сайт ушул тапта иштей баштады. Чыгармаларды "Галерея" бөлүмүнөн табууга болот. "Графика" жана "Кол өнөрчүлүк" бөлүмдөрү азырынча толтурула элек.

"Долбоордун максаты — санарип технологиянын жардамы менен музейдин фонддорунан жана коллекцияларынан чогултулган улуттук маданий баалуулуктардын жеткиликтүү болушун камсыздоо. Эми искусство ышкыбоздору музейдин байлыгы менен үйдөн отуруп эле таанышып, жаңылыктардан кабардар боло алат", — деп айтылат музейдин маалыматында.

Эмгектерди даярдоо үчүн музейге жогорку ылдамдыктагы интернет туташтырылып, ноутбук, сервер сатып алынган. Санарипке өткөрүү иштери 2018-жылдын ноябрында башталганы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0