Сотрудник центра протезно-ортопедических изделий в Бишкеке

Кош бойлуу апасын сактайм деп бутунан ажыраган Айбек. Ооруканадан жасалган репортаж

499
(жаңыланган 14:40 23.01.2020)
Sputnik Кыргызстандын чыгармачыл тобу протездик-ортопедиялык буюмдар борборунда болуп, көргөндөрүн төкпөй-чачпай баяндап турат.

…Аргасы түгөнгөн кош бойлуу аял уулун жаакка чапкылап жатты.

— Айбек, көзүңдү аччы!.. — деп уулуна жалбарып турду ал.

Уулу менен тоого сейилге чыккан маалда Биназир өйдөтөн өзүнө карай чоң таштын кулап келе жатканын байкабайт. Кулакчын тагынып ыр тыңдап турган эле. "Апа, ары качыңыз" деп өспүрүм болгон күчү менен кыйкырат. Акыры айласы куруган уулу чуркап барып апасын ары түртүп, энесин жана али төрөлө элек карындашын куткарып калат. Көз ирмемден соң өспүрүм онтоткон оорудан эс-учун жоготот.

Айбек жаны ачый кыйкыра көздөрүн ачат... Ошол каргашалуу окуядан бери жарым жылдан ашуун убакыт өттү. Палата бош, терезеде гана кош балдак жана бут протези турат. Жарым жыл мурун врачтар анын бутун сактап калууга болгон аракетин жумшашкан, бирок майнап чыккан жок. Кулаган таш бутун жамбаш сөөгүнө чейин талкалап кеткен. Эсине келгени бир жумача бала эч үн катпай, даам да сызган эмес. Биназир уулунан кечирим сурай жалбарып, каргашага өзүн күнөөлөй берген.

Протездик-ортопедиялык буюмдар борборунун алдындагы реабилитациялык оорукананын жетекчиси Чынара Турганбаева сөөк жаракаты менен кайрылгандардын саны күн санап өсүп жатканын айтып кейийт. 

Заведующая реабилитационной больницей при Центре протезно-ортопедических изделий Чынара Турганбаева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Протездик-ортопедиялык буюмдар борборунун алдындагы реабилитациялык оорукананын жетекчиси Чынара Турганбаева
"Мурда бизге түшкөн бейтаптар негизинен жүрөк кемтигинен жапа чеккен адамдар эле. Эми жол кырсыгына кабылгандар көбөйүп баратат. Жалпы жонунан майыптыгы бар 12 миң киши каттоодо турат", — деп түшүндүрдү врач.

Протездик-ортопедиялык буюмдар борбору — эби-сыны жок советтик имарат. Кире беришинде эки чоң пандус бар. Комплекстин бир бөлүгүндө бейтаптар реабилитациядан өтөт, экинчисинде усталар ден соолугунан жабыркаган адамдар үчүн протез жасап, бут кийим тигишет.

Балдакчан жигит лифтке кирди. "Тепкич менен деле чыга алчу элем, бүгүн чарчап турам. Экинчи кабатка чыгам мен", — деди бир аз тартынгандай.

Чакан залда мында дарылангандар үчүн телевизор, бирин-эки жумшак отургучтар бар. Жанындагы бөлмө машыгуучу зал экен.

— Бизди сүрөткө тартпаңыздар, сураныч! Же дегеле жолтоо болбоңуздар. Биз машыгып жатабыз, — деди машыктыруучу айым. 

Тренивки в спортивном зале обязательны. Физические нагрузки — неоъемлимая часть реабилитации.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спорт залындагы машыгуу — реабилитациянын ажырагыс бөлүгү

Борбордун жетекчиси машыгуу ден соолукту калыптандыруунун ажырагыс бөлүгү экенин түшүндүрдү. Организм өз калыбына келиши үчүн орточо кыймыл керек.

"Бейтаптар бизге ампутациядан жарым жылдан кийин келишет. Ошол маалга протези даяр болуп калат. Биздин адистер бир нече багытта иш алып барышат: психологиялык, ошондой эле протез менен турмушка көнүүгө көмөктөшүшөт. Бизде чоңдор жана ДЦП менен балдар дарыланышат", — деди Турганбаева.

Чакан бөлмөдөн шыңга бойлуу жигит чыкты. Кырсыктан улам Виктор Гончаров эки бутунан тең ажыраган. Протез киет, балдакчан жүрөт. Виктор атайын тепкичте бир саат бою тынбай машыккан. 

Мужчина с инвалидностью Виктор Гончаров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кырсыктан улам эки бутунан тең ажыраган Виктор Гончаров
"Кыймылдаткыч кулап түшүп, бир бутумдан айрылгам. Сантехник болуп иштечүмүн, лебедка (оор нерсени көтөргүч) үзүлүп кетип, механизм дал бутума кулаган. Врачтар кеспесе болбой турганын айтышкан", — дейт ал киши.

Көп өтпөй Виктор айыгып, өзү жактырган машыгуу залына бара баштаган. Ал жакта экинчи кырсыкка кабылган. Машыгуу маалында соо бутуна оор снаряд кулаган. Сөөгүн, тканын калыптандырууга мүмкүн болбой калган экен.

"Башта тизеге чейин кесишерин айтышкан, бирок бутту толугу менен кесип салууга туура келиптир. Коляскам бар, бирок басып жүргөнүмдө өзүмдү жакшы сезем. Ачыгын айтсам, көп күч келет, протез оор, бирок наалыгым келбейт, басып жүргөн мага ыңгайлуу. Көпчүлүгү менин көйгөйүмдү байкай беришпейт. Жалгыз турам, өзүмдү өзүм багам, басканда жеңилирээк болсун деп балдакка таянам", — дейт ал. 

Каждый день пациенты центра тренируются здесь, чтобы приспособиться передвигать на новом протезе
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Борборго келгендер протезге көнүү үчүн күн сайын ушул жерде машыгат

Чолпон-Атадагы спорт залда машыгууну Виктор эч калтырбайт. Өзү жашаган шаарда ары-бери жүрүү эч мүмкүн эместигине кейийт.

"Бишкекте майыптыгы бар адамдар үчүн аздыр-көптүр шарттар түзүлгөн, ал эми бизде машинасыз төрт дубалдан чыга албай каласың. Буту-колунан ажыраган бир топ адамдарды тааныйм, кай бири андан ары жашоо керектигин аңдаган, тилекке каршы, көпчүлүгү терең кайгыга чөгөт. Кол куушуруп отуруп калууга акысы жоктугун, андан ары жашоого умтулууга тийиш экендигин айткандан чарчабайм", — деп белгиледи ал.

Кыргызстанда бул багытта жападан жалгыз адис бар

Имараттын башка бир бөлүгүндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протез жасалып, бут кийим тигилет. Ольга Николаеванын иш бөлмөсүндө кол-бут протездеринен бир нечеси турат. Протездик тилкенин жетекчиси аларды ремонтко калтырып кетишкенин айтат. 

Начальник протезного участка Центра протезно-ортопедических изделий Ольга Николаева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Протездик тилкенин жетекчиси Ольга Николаева
"Мезгил өткөн сайын протездер эскирип, сынып да калат. Биздин чеберлер аларды оңдоп же жаңысына алмаштырышат. Мисалы, оң жана сол колдун протездери Камаловго таандык. Так эсимде жок, бирок бир кырсыкта ал эки колунан тең ажыраган. Миңдеген адамдар кайрылат бизге. Протездердин жардамы менен Камалов тамак жеп, дааратканага бара алат, алар, албетте, бионикалык эмес, бирок иштейт. Биздин борбордо "акылдуу" протездер жасалбайт, алар өтө кымбат. Бирөө эле 50 миң доллардан жогору турат, ал эми аларды даярдоочу жабдыктар андан да кымбат. Мамлекеттин андай акчасы жок", — деп түшүндүрдү адис.

Жетекчи белгилегендей, 2015-жылдан тарта каржылоо өзгөрө элек, ал эми майыптыкка кабылган адамдар көбөйдү. Көрсөткүч ушунчалык жогору экенин мындан билиңиз, төрт жыл аралыгында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 40 пайызга өскөн. 

Протезы изготовленные сотрудниками центра протезно-ортопедических изделий в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ар бир протез жеке өлчөм менен даярдалат

"13 миң бейтапты тейлейбиз. Жыл сайын биздин борбордо дарылангандардын саны жогорулоодо, ал эми бизге төрт жыл мурун канча каражат бөлүнсө, азыр да ошондой эле көлөмдө бөлүнүп келет. Кеп кызматкерлердин арзыбаган маянасы да эмес, көйгөй алда канча терең, карапайым адамдар жапа чегүүдө", — деп белгиледи ал.

Бизге немец технологиясы менен протездер даярдалган чоң залды көрсөтүштү. "Бул биздин кичинекей сыймыгыбыз, мындай протездер эң кымбат, алар кесилгенден кийинки калган бөлүккө вакуумдук соргуч менен бекитилет да адам басып жүрө алат. Бирөөсүнүн эле баасы 150 миң сомду чапчыйт. Жыл сайын төрт жарым миңдей даана даярдалат", — деди адис.

Өлкө боюнча жападан жалгыз врач — кол жана бут боюнча протезист Олег Гущин алектенет. 40 жылдан ашуун убакыт мурун заводго ишке кирген. 

Протезист верхних и нижних конечностей центра протезно-ортопедических изделий Олег Гущин
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Протезист Олег Гущин
"Мурда адистер көп болчу, азыр мени менен дагы бир уста иштейт, бирок азырынча кол протездерин гана жасайт. Бизге ишке келишпейт, себеби айлыгы арзыбаган тыйын. Менин маянам 7200 сом, ушу да айлыкпы? Жакын арада пенсияга чыгам, андан кийин борбор эмне болот билбейм", — дейт ал.

Ар бир протезде бейтаптын мүнөздөмөсү бар: курагы, фамилиясы жана диагнозу жазылган. Аларды жеке өлчөм менен жасашат. Ушундай эле ыкма менен атайын ортопедиялык бут кийим тигишет. Жыл сайын аталган ишкана ден соолугунан жапа чеккен адамдар үчүн 7 миңден ашуун ботинка даярдалат.

Соңку убакта борбордун кызматкерлери церебралдык шал диагнозу коюлган балдарга атайын бут кийим көп тигүүдө. Ар түгөй бут кийим бул жакта дарылангандардын жеке өлчөмү менен тигилет. Баары кол менен нукура териден даярдалат. Бут кийимдер толук даяр болгондо аймактарга почта аркылуу жөнөтүшөт.

— Кечирип коюңуздар, мен протезди ремонтко таштадым эле. Даяр деп айтышты. Алып кетсем болобу? 

Протезы изготовленные сотрудниками центра протезно-ортопедических изделий в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Борбордо жыл сайын майыптыгы бар адамдар үчүн 7 миң бут кийим тигилет

Босогого балдакка таянган Айбек келди. Тоодогу кырсыктан бери жети жылдын жүзү болду. Боз улан университетке өткөн, спорт менен машыгат, англис тилин үйрөнүп жүрөт. Жигит шамдагайлык менен протезди такты.

— Чоң рахмат! Жапжаңы болуп калыптыр, жакшы туруңуздар. Кечирим сурайм, сиздер менен дагы кенен баарлашмакмын, бирок сабакка шашып баратам.

Айбек бизден аны сүрөткө тартпоону өтүндү. "Капа болбоңуздар, көпчүлүк протез менен жүргөнүмдөн кабары жок. Жеңил болсун деп балдакка таянам, бирок сырымды эч ким билбейт. Андан жаңылык кылгым жок. Анан да Германияга реабилитацияга акча топтоп жүрөм, дурус бионикалык протез орточо 80 миң евро турат. Азырынча менде 800 гана евро бар. Жакында иштей баштайм. Жаңы протез менен марафондорго да катыша алам", — дейт улан таксиге отуруп жатып. 

 Сотрудник центра протезно-ортопедических изделий в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бейтаптын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ар бир бут кийим колго тигилет

Биздин чыгармачыл топ протездөө борборунда бир нече саат жүрдү. Тагдырдын оор сыноосунан кийин да жашоону үйрөнүп, ишенимин жоготпогон адамдарга суктанып бүтө албадык. Анан да карапайым үй-бүлөдөн чыккан 17 жаштагы жигит жарым өмүрүн, балким, андан да көбүн балдаксыз жүрүүгө мүмкүндүк бере турган протезди сатып алууга жумшарын ойлоп алып жүрөк тилинди...

499
Белгилер:
кырсык, бейтап, майып, протез, оорукана
Тема боюнча
Кырсыктан майып болуп жатсам күйөөм жаш аял алып кетти. Үй-интернаттан репортаж
Оорудан онтогон үндөр жаңырат... Республикалык күйүк борборунан репортаж
Өткөрүү бекетинде медициналык кызматкер. Архив

Жээнбеков: коронавирус инфекциясы аймактардагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды

14
(жаңыланган 14:02 04.06.2020)
Жээнбеков бүгүнкү онлайн-жыйында аймактарды санариптештирүү боюнча талаптар эми бир топ күчөтүлөрүн билдирди.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынан кийинки өзгөчө кырдаал аймактардагы топтолгон бир топ кемчилик, көйгөйлөрдү ачыкка чыгаргандыктан, облустарды санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон калат. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен санарип баарлашуу учурунда айтканын анын маалымат кызматы кабарлады.

Президент аймактарды башкаруу, жергиликтүү бизнести колдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланып, региондордун атаандаштык артыкчылыктарын болушунча жогорулатуу керектигин баса белгилеген.

"Аймактарды санариптештирүү боюнча талаптар күчөтүлөт", — деген Жээнбеков.

Бул жыйында облус жана райондордун жетекчилеринин ишин баалоонун башкы критерийи эмнелер болорун да айткан.

"Негизги максатыбыз — жаңы санарип мамилелерди колдонуу менен региондорду комплекстүү жана ырааттуу өнүктүрүү. Бюрократияны кыскартып, жер-жерлерде калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, муниципалдык кызматтагы жол-жоболорду автоматташтыруу менен жарандарыбыздын жашоо-турмушун жеңилдетүү — негизги милдеттерибиздин бири. Региондорго санарип технологияларды киргизүү жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү облус жана райондордун жетекчилеринин ишин баалоонун башкы критерийлеринин бири болуп калат", — деген президент.

Онлайн-жыйында өлкөнү санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чаралар талкууланды.

14
Белгилер:
жетекчи, талап, аймактар, коронавирус, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Жээнбеков жардамчысын Кадр кызматынын жетекчи орун басары кылып дайындады
Эл аралык Манас аэропортунда учак. Архив

15-июндан тарта тышкы каттамдар жанданат. Кайсы компаниялар учууга макулдук берди

41
(жаңыланган 13:44 04.06.2020)
“Түрк аба жолдору” 22-июндан баштап аба каттамдарын баштоого арыз берсе, “Аэрофлот” компаниясы июндун ортосунан тарта ишке киришүүгө даяр экендигин билдирген.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Эл аралык аба каттамдарын 15-июндан баштап жаңылоо пландалып жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги, аэропорттор жана Жарандык авиация агенттиги бир аптанын ичинде сырткы каттамдар боюнча алгоритм иштеп чыгат.

"Чет элдик компанияларга 15-июндан тарта учкула деп сунуштап жатабыз. "Түрк аба жолдору" 22-июндан баштап аба каттамдарын баштоого арыз беришти. Ал эми "Аэрофлот" компаниясы 15-июндан тарта ишке киришүүгө даяр экендигин билдирди", — деди Акышев.

Директор кошумчалагандай, бардык компанияларга бир ай бою жумасына бир жолу учуп туруу сунушталып жатат.

"Жалпысынан Кыргызстанга каттаган 6-7 компания бар. Алардын жарымы эле аптасына бир ирет учса, бир жумада барып-келиши менен 6-7 каттам жасап калат экен. Биздин жергиликтүү "Авиа Траффик" жумасына бир жолу ар кыл шаарларга учуп, 3-4 каттамдан аткарат", — деди жетекчи.

Каттамдардын саны азырынча дал ушунча болушуна Саламаттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери макул. Анткени бул көрсөткүч анча көп эмес болгондуктан, жүргүнчүлөрдү тосуп алып, медициналык кароодон өткөрүүгө жана обсервацияга жаткырууга мүмкүнчүлүк жетет.

Эске салсак, 5-июндан тарта өлкөдө ички авиарейстер менен аймактар аралык коомдук транспорт иштеп баштайт.

41
Белгилер:
авиакомпания, коронавирус, алгоритм, учак, каттам, Курманбек Акышев, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Министр: Бишкек — Оштун ортосунда авиакаттам жумасына бир эле жолу болот
РФ элчилиги "Кант" базасынын аймагы Россияга өтөт деген кабарды төгүндөдү