Интернетте кулчулукка "сатылган" бала. Ата-энеси милицияга арыз жазды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын берген маалыматына ылайык, сүрөтү жарыяланган өспүрүм 13 жашта. Ал Сузак районунда жашайт.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Интернетте "кулчулукка сатылат" деп жарыяланган жарнамадагы баланын ата-энеси облустук милицияга кайрылып, арыз жазды. Бул тууралуу ОИИББдин маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта аялдар кулчулукта кармалып турат деп билдирген киши камалды
Эске салсак, буга чейин Lalafo сервисине 10-11 жаш чамасындагы бала кулчулукка сатылат деген жарыя чыгып, баасы 200 сом деп белгиленген. Муну көргөн соцтармак колдонуучулары укук коргоо органдары окуяны териштирүүсү керектигин жазып, кызуу талкууга алышкан.

Милициянын берген маалыматына ылайык, сүрөтү жарыяланган өспүрүм 13 жашта. Ал ата-энеси менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жашайт.

"22-январь күнү баланын ата-энеси уулу тууралуу маалыматты телеканалдардын биринен көргөн. Ал эми 23-январда милицияга арыз жазып, жарыяны чыгарган адамдарды жоопкерчиликке тартууну өтүнүштү", — деди Жээнтаев.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "Бейбаштык" беренеси боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0