Бишкектеги "Манас" аэропорту 2-февралга чейин Кытайдан рейстерди кабыл албайт

Жазылуу
Рейстер бүгүнкү күндөн тарта токтоду. Анын себебин аба майдандан түшүндүрүп беришти. Буга чейин Кытайдан келген жүргүнчүлөр коронавируска текшерилген.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү каттамы 2-февралга чейин токтотулду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Кытайдан каттаган жалгыз рейс Жаңы жыл майрамына карата бүгүнкү күндөн тарта токтотулду.

Буга чейин бул рейстин жүргүнчүлөрү коронавируска текшерилип жатканы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0