Кара-Балта тарапта "уурдалган" кыздар. Милиция ата-энесинин видеосун таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудник милиции города Бишкек
Сотрудник милиции города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, 22-январь күнү интернеттин кыргыз сегментинде Панфилов районунун Эркин-Сай айылында эки кыз уурдалгандыгы боюнча аудио билдирүү тараган.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы өздөрүн Эркин-Сай айылынын тургундарыбыз деп тааныштырган аял менен эркектин балдарын эч ким уурдабаганын айткан видеосун жарыялашты.

Эске салсак, 22-январь күнү интернеттин кыргыз сегментинде Панфилов районунун Эркин-Сай айылында эки кыз уурдалгандыгы боюнча аудио билдирүү тараган.

Видео "Бишкек сегодня" Telegram каналына жарыяланды.

Кардларда өзүн Нурбек Бообеков деп тааныштырган адам кыздардын биринин атасы экенин, анын кызын эч ким уурдабаганын айтат. Экинчи кыздын энесимин деген Жийдегүл Шаршембиева дагы кызы үйүндө, аман-эсен экенин билдирген.

22-январда эки кичинекей кыз уурдалганы боюнча аудио жазылма тарап, кийин милиция сөз болуп жаткан кыздарды суракка алган учурда "дал келбөөчүлүктөр болуп жатканын" айткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0