Кыргызстанда коронавирустун алдын алып, абалды көзөмөлдөөчү штаб түзүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаслуженный врач КР хирург Юсуп Уметалиев
Заслуженный врач КР хирург Юсуп Уметалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы иштер министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарга Кытайга барбай турууну сунуштады.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча абалды көзөмөлдөп жана алдын алуу боюнча атайын оперативдик штаб түздү. Бул тууралуу ведомствонун Коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова журналисттерге маалымат жыйыны учурунда айтты.

Аталган жыйынга катышып жаткан Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев Кыргызстанда Кытайда жайылып жаткан коронавируска кабылды деп шектелгендер жок экенин жана болуп калса оорукана кабыл алууга даярдыгын билдирген.

Акматованын айтымында, штабга бир гана медиктер эмес, Чек ара кызматынын, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сыяктуу сырттан келген жарандар жана конокторго тиешеси бар бардык ведомстволордун өкүлдөрү кирди.

Штаб Кытайдагы абал жөнгө салынмайынча иштемекчи.

Дарттын чоо-жайы

Пресс-конференция по распространению короновируса в Китае - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Аалиев: коронавируска кабылгандар болсо кабыл алууга даярбыз
Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Вирус адамдарга базарда сатылган жыландар аркылуу жуккан деген версия бар.

Медиктер оору адамдан адамга жугарын айтышты. Учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтсө, ал эми кыргыз ТИМи мүмкүн болсо Кытайга барбай турууну сунуштады.

Акыркы маалымат боюнча, коронавирус жуктуруп алгандардын саны 830га жетип, 25 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0