Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева ири курулушка Кыргызстан тараптан инвестор болуп жаткан ишкер, "Нур Строй Монтаж" курулуш компаниясынын жетекчиси менен баарлашты.
— "Ат-Башыга логистикалык борбор куруу" долбоорунун инвестору экенсиз. Бул шыбага кандайча сизге буюруп калды?
— Кокусунан буюрду. Аскар Салымбеков өткөндө айткандай, буга чейин Ат-Башыга мындай ири өндүрүш борборун куруу боюнча бир топ аракеттер болуп, бирок ишке ашпай келген экен. Бир жыл мурда бизнес-форум өтүп, ал жактан Ат-Башыга логистикалык-өндүрүш борборун куруу тууралуу сөз болгон. Эгер бул кен казуу, алтын же базар болсо, мен аралашмак эмесмин. Ал эми логистика-өндүрүш деген башка да. Карап, таанышып чыксам жакшы долбоор экен.
Негизи Кыргызстанда реформа жүргүзүү жеңил. Болгону стабилдүүлүк керек. Буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткем, азыр ишкерлик менен алектенем. Негизи өлкөнүн экономикасын көтөргөн долбоор болсо деп ойлоп койдум эле, ойлогонум ишке ашканы турат. Ат-Башыга мурда такыр барбаптырмын. Эми ат тезегин кургатпай каттай баштадым. Долбоорду колго алганыбызга тогуз ай болду. Негизи эле өлкөдө логистика болушу керек. Ансыз экономика көтөрүлбөйт. Азыр глобализациянын мезгили. ЕАЭБге мүчө болуп кирдикпи, андагы өлкөлөр менен атаандашып оокат кылышыбыз керек. Биз да өз продукциябызды өндүрүп, жөн өндүрбөй дүйнөлүк рыноктогу продукцияларга атаандаша алгыдай кылып өндүрүшүбүз зарыл. Ошол себептен да бул ишке белсендим.
Анын үстүнө бул — тарых. Кесибим курулушчу болгондуктан, мен бир нерсени жаратканды жакшы көрөм.
— Кытай инвестору тууралуу кененирээк маалымат берип кетсеңиз. Өткөн маалымат жыйында ал киши Кыргызстанга завод курган деп айтып жаттыңыз эле?
— One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын жетекчиси Лю Инь Бишкекке жакында эле кагаз чыгарган үч миллион сомдук завод салды. Азыркы тапта мамлекеттик мекемелердин текшерүүлөрүнөн өтүп жатыптыр. Ал заводу бир айга жетпей ачылат деп жатат. Андан чыккан кагаздар Кытай менен Россияга экспорттолот. Биз менен иштеше турган инвестор Казакстандагы "Хоргостун" курулушуна баштан-аяк катышыптыр.
Келишим түзүлгөндөн кийин соцтармакта "ал эмне болгон инвестор экен, элди алдап кетпейби?" деген билдирүүлөр жазылды. Сырттан келип жаткан инвесторду Тышкы иштер министрлиги жана башка атайын кызматтар текшерет да. Кытайдын элчилиги да инвестордун ишеничтүү экенин айтты. Кытай элчилиги биздикинен да катуу көзөмөлдөйт. Бул чакан долбоор эмес. 280 миллион доллар эмес, 280 долларды бир ишке салып жатсаң да анын келечегин ойлойсуң. Демек, бул инвестор акчасын жөн салып жаткан жок. Ал эч кимден насыя албай 280 миллион долларды өз чөнтөгүмөн чыгарып курам деди. Ал каражат логистикалык борбордун инфракструктурасына гана жумшалат. Жөнөкөй сөз менен түшүндүргөндө, жол салганга, электр жарыгын, суу тартканга гана сарпталмакчы. Өнөктөш "кеп 280 миллион долларда эмес, ал жакка курулчу завод-фабрикаларда. Жогорку технология өндүргөн компанияларды тартып келүү чоң маселе. Ага Кыргызстан да жардам бериши керек" деп өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөшүү учурунда айтты. Андай эл аралык ири компанияларды тартыш үчүн алгач шарт түзүш керек. Компания өкүлдөрү келип өздөштүрөт, келечегин сураштырып, караштырып, анан макул болот. Дагы бир жолу элге айткым келет, биз кен чыгарып же экологияны талкалап жаткан жокпуз. Ээн талаага чоң бир шаар куруп, элдин жашоосу оңолсун, экономика өссүн деп жатабыз.Кытай, Сингапур, Англиядан ири компанияларды аталган борборго тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
— Бул долбоорго инвесторлук кылып, милдетти алганда кооптонгон жоксузбу? Анткени сизге чейин да 2000-жылдан бери эле "терминал салынат" деп, бирок салынбай, ишке ашпай келе жатат.
— Логистика тууралуу мага сунуш түшкөндө бул маселени да караштырдым. 1992-жылы легендарлуу парламенттин депутаттары Нарын облусуна "эркин экономикалык аймак" деген статус берген. Себеби Нарында өндүрүш таптакыр эле жок. Чек ара маселеси боюнча айтсам, "жерди алдырып жибербейбизби" деп эл кооптонбой деле койсо болот. Азыр заман өзгөрдү. Кыргызстан ЖККУнун мүчөсү. Алар менен түзүлгөн ортодо келишимдер бар. Башкысы — Кытай менен Кыргызстандын ортосунда чек ара боюнча маселе жок. Эки элдин чек арасы эбак эле чечилген, талаш маселе жок. Миграция боюнча мыйзамда "80 пайыз жергиликтүү калк, 20 пайыз инвестиция кылган өлкөнүн эли иштеш керек" деп жазылып турат. Бирок элдин кооптонуп жатканын эске алып, Кытайдан беш эле пайыз адам тартканы жатабыз. Бул боюнча сүйлөшүү жүрдү. Ал беш пайыздын баары атайын адистер болот. Аларсыз биз бул борборду кура албайбыз.
— Эмне үчүн Кытай менен чектешкен башка аймак эмес, Ат-Башы тандалып алынды?
— Нарын облусуна "эркин экономикалык аймак" деген статус 1992-жылы берилсе, Ат-Башыга жакында эле берилди. Тагыраагы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп киргенден кийин Ат-Башы району ал жакта өзүнчө эркин экономикалык аймак деп аталды. Мындай статуска ээ болгон аймакта өндүрүлгөн товарларды сыртка алып чыгарда аларга төлөм алынбайт. Мисалы, Ат-Башыга логистикалык борбор курулуп калса, ал жактан чыккан продукция, товар Казакстан, Россия, Белоруссияга түз эле, көйгөйү жок, кошумча төлөмсүз жөн эле өтүп калат. Ошол эле жашылча-жемиш, эт да ушундай болот. Эч кимдин тосконго акысы жок. ЕАЭБдин мыйзамында ушундай деп жазылган. Ат-Башынын артыкчылыгы ушунда.
Мындан сырткары, 2015-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда чек арадагы аймактарды өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюлган. Бул да эске алынды. Ээн талаага шаар курулса, элди жумуш менен камсыз кылса эмнеси жаман? Нарын элинин жарымы Бишкек, жарымы Россия, жарымы Казакстанда жүрөт. Бул жерден жылуу-жумшак, үй-бүлөсүнүн жанында иштешет. 15 миңдей адам жумуш менен камсыз болот деп жатабыз. Анын баары эле жергиликтүү тургундар болот. Биз ар дайым башка өлкөлөргө суктанып келебиз. Бирок жакшы ой-тилек кылып, ниет-пейилди кенен койсоң баары жакшы болот. Алдыда чоң пландар бар. Ат-Башы Сингапурдай болот.Дагы бир нерсени кошумчалай кетейин, логистикалык борбор курулгандан кийин кыргыз-кытайдын ортосунда банк ачылып калышы мүмкүн. Ал банк борбордо иш ачам деген ишкерлерге өтө төмөн пайызда (3 же 5) насыя берет. Бул эми келечектин иши, "буюрса" деп турабыз. Чек ара маселеси боюнча эл кооптонбой эле койсо болот. Ат-Башынын жаштары жумушка тартылып, дал ушул жерде иштейт. Тескерисинче, логистикалык борбор чек арадагы коопсуздукту бекемдейт.
— Кытай инвестору 280 миллион долларды өз чөнтөгүнөн чыгарат деп калдыңыз. Бул долбоордо сиздин милдетиңиз кандай болот?
— Негизи башында кытайлык компанияга эле жер ижарага берилмек. Тагыраагы, кытай компаниясынын жетекчиси эле жалгыз инвестор болмок. Бирок баягы эле коопсуздукту карап, эки өлкө өкүлдөрү "Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин экономикалык аймагы" деген компания түздүк. Жоопкерчилиги чектелген коомду Кыргызстандын Юстиция министрлигинен каттаттык. Каттоодон өткөндөн кийин инвестор биздин мыйзам менен иш алып барат. Долбоордо мен өнөктөш менен иштешип, уюштуруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзөм.
— Эки тараптын ортосунда түзүлгөн келишим эмне себептен ачыкка чыкпай жатат. Бул нерсе элди уу-дуу кылып жаткан жокпу?
— Келишимди жашырган жокпуз. Жакын арада ачыкка чыгат. Ал жерде жашыра турган эч нерсе жок. Келишимде "Кыргыз өкмөтү 2016-жылы жерди Нарын эркин экономикалык аймагына берген. Анын ижарага бергенге акысы бар. Кокус инвестор коюлган шарттарды аткарбаса, Кыргызстан андан баш тарта алат" деп эле жазылып турат. Аны кезеги келгенде басма сөз беттерине деле жарыяласа болот.
— Логистикалык борборго 10го чукул завод курулуп, анда телефондун дисплейин чыгарган, электрондук автомобиль чогулткан заводдор салынат деп жатасыздар. Бул канчалык ишке ашат?
— Бул жаатта башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын көрүп, таанышып келип жатабыз. Казакстан, Белоруссияда болдук. Белоруссия аэропорттун жанындагы 11 миң гектар жерди кытайлык инвесторлорго "өндүрүшкө" деп 99 жылга ижарага берген. Азыр ал жерде 50дөй завод иштеп жатат. Экономикасы өсүп, канчалаган адам жумуш менен камсыз болду. Биз болсо 10 жакшы завод курсак деп жатабыз. Жөн эле завод эмес, дүйнөлүк рейтингде атаандаш боло турчу завод салышыбыз керек. Анын бири "телефондун дисплейин чыгарат" деген пландар бар. Анткени азыр технология гүлдөп турган убакта алар сөзсүз сатылат. Азыркы тапта бул компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан улам заводдор боюнча толук маалыматты кийинчерээк беребиз. Биздин биринчи милдет — инфраструктураны баштоо. Шарты жок болсо, дүйнөлүк ири компаниялар кайда келип, кайда жашамак эле...
— Жогоруда мамлекеттик кызматтарда иштегем деп айтып кеттиңиз. Өзүңүз тууралуу да кыскача кыстырма кылып кетсеңиз.
Бир топ жыл мурун Марсель Тынаев япон ашканасынын чакан дүкөнүнө 2000 доллар салат. Ай өтпөй ал иш өзүн 150 пайызга актаган.
— Москвада көп жыл жашапсыз, эмне менен алектенип жүрдүңүз?
Көп жумуштарда иштедим, турак жай көйгөйү да бир жагынан кыйнайт. Алгач Москвадагы кыргыздар ачкан чайханага кирдим. Анда узакка иштей алган жокмун, көңүлүмө жакпаган жактары көп эле. Кийинки жумуштар деле коомдук тамактануу тармагына байланыштуу болчу. Россияда ресторан, ашкана жана кафелер — ири жана кирешелүү бизнес.
Бирок мага бир жерден алган маянам жетпейт десеңиз. Өзүмө жана ата-энеме жөнөтүп турууга жеткирүү үчүн бир жумуштан экинчисине чуркоого туура келчү. Кандай гана жумуштарда иштебедим, адегенде официант, кийин чакан ишти баштадым, андан соң башкаруучу болдум. Мага ошол жайдын ишин тескөөчү инспекторлукту да сунушташкан. Бирок мен баш тарттым, себеби жумушка толук сүңгүп, өз ойлорумду ишке ашыруу жылып кете бермек. Андайга жол бергим келген эмес.
— Москвада официанттардын маянасы абдан жогору, жүз миң рублге чейин чыгышы ыктымал экен. Чындап эле ушунчалык кирешелүүбү?
— Ар кимдики ар кандай, бул ишке анчалык ынтызарлыгы жок балдар абдан пассивдүү болушчу. Өзүм кандай гана маанилүү мейман (андайлар толтура эле) келбесин, өз калыбымдан жазбай тейлечүмүн. Конок убактысын жагымдуу өткөрүүгө келет, ал үчүн мен тек гана көмөктөшүп коём. Меймандар менен тамашалашам, албетте, чектен чыкпайм. Алар мен өңдүү официанттарга дайым берешен келишет. Чайпул көп ташташчу, бир кечеде мен башка кесиптештеримдин айлык маянасынан да көбүрөөк таап койчумун. Бир жолкусунда мага 800 доллар таштап кетишкен! Жарымын Кыргызстанга жакындарыма жөнөтүп, калганына өзүм самап жүргөн телефон сатып алгам. Бир айда официант бир нече миң доллар таап коё алат. Тапканымдын дээрлик баарын туугандарыма жиберем, үй-бүлөбүз үчүн турак жайга да топтоп жүрдүм.
Жумушта мени баалашчу, анткени жалгыз өзүм ошол жайдын кирешесинин 10 пайызын камсыздап тургам. Мактанганым жок, тек гана менин баянымды окуган киши ишке кол учунан мамиле кылбоо керектигин түшүнсүн дегеним.
— Рублевкада, Москванын айтылуу жайларында иштепсиз, сизге белгилүү меймандар келчү экен. Алар тейлөөчү персоналга кандай мамиле жасашат?
— Владимир Жириновский, Филипп Киркоров жана башкалар менен таанышкам, баарын эстей деле албайм. Жылдыздар ресторанда көбүнесе өздөрүн тынч алып жүрүшөт. Адамдардан обочо отургусу келип, эмне каалаганын официантка так айтышат. Ал убакта мен ресторанда башкаруучу болуп иштеп, меймандарды тейлебей калган элем. Бирок алардын жанына барышым керек болсо, колумдан келгендин баарын жасачумун.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
— Бишкектин кымбат ресторандарында иштеген официанттар колунда бар коноктор тейлөөчү персоналга өтө жаман мамиле кыларын айтып калышат. Москвадагы тамактануу жайларында сиз ошондой көрүнүштөргө кабылган жоксузбу?
— Жеке өзүм андайга тушукпадым, бирок абдан жагымсыз бир окуяга күбө болгом. Бардар мейман официантты кемсинтет, ага бир нече ирет эскерттик. Биздин ресторанда андайга жол берилбейт.Бирок тиги киши басылгысы жок, ошондуктан чыгып кетүүсүн өтүнүүгө аргасыз болдум. Ал ого бетер кыжырданып кирди, уруш чыкты. Жетекчилик буга аябай каарданды, бирок байкуш кызды кемсинткендерин жөн карап тура албадым. Ошол окуядан соң ал ресторандан кетип калдым.
— Жогоруда Россияда чакан ишти баштаганыңызды айттыңыз. Эмне долбоор эле, эмне үчүн жабылып калды?
— Бир нече ресторан менен макулдашып, аларды чай үчүн сырьё менен жабдып турмак болдум. Алар суусундукту даярдап, мен сатып, түшкөн кирешени теңме-тең бөлүп алмакпыз. Иш абдан кирешелүү болчу, бирок ошол убакта тажрыйбасыз элем, документтерди каттаткан эмесмин. Дал ошол себептен көп өтпөй менин долбоорум башка адамдардын колуна өтүп кетти.
— Чет жакта иштөөнүн эң кыйын жагы кайсы?
— Жакындарымды сагынчумун, көп иштедим, башында абдан чымырканып жашадым. Себеби кадимки мигрантмын, топ бала Москванын четиндеги чакан батирди ижаралап жашачубуз. Азык-түлүктүн да эң арзанын сатып алабыз. Батирдеги коңшуларыбыз уктап жатканда эч кимиси байкабасын деп түнкүсүн алардын тамагын уурданып жечүбүз. Чет өлкөгө иштеп кеткенде ошондой шартта жашоо кадыресе көрүнүш деп эсептешет. Түк андай эмес! Андайга чыдай албасымды аңдадым, акыры акысы туура келген жумуш таптым, башта бир бөлмөнү, кийин бүтүндөй батирди ижаралоого жетишип калдым.
— Кыргызстанга кайтканыңызда жумуш табуу кыйын болдубу?
— Мекенге келгенден кийин да мурдагы жетекчилерим ресторанга кайра чакырып, маянамды жогорулатып берүүнү убада кылышты. Бирок азырынча бул жакта калууну чечтим. Кайткандан көп өтпөй бизнес ачтым, электрондук техника менен алектенүүгө кириштим. Бул долбоорго төрт жылдан ашуун убакыт арнадым, кийин ал ишти менден сатып алышты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
— Кымбатка карматтыңызбы? Акысын эмнеге сарптадыңыз?
— Долбоорду 35 миң долларга баалашты. Албетте, өзүм алып калсам деле болмок, бирок ага убактымдын көбүн арнай берип, көңүлүм кала түшкөн. Акчаны колума алып, унаа базарга жөнөдүм. Өзүм кыялданып жүргөн машинаны сатып алдым. Жакшынакай аппак Mercedes, ачыгы бир ай өтпөй ага да кызыгуум тарады.
— Бишкекте ресторан ачып, коомдук тамактануу тармагына байланышкан дагы бир нече долбоорду ишке киргизипсиз. Кыргызстандагы ресторандык бизнес Россиядагы бизнестен кескин айырмаланабы?
— Ким эмне дебесин, Кыргызстанда иш ачуу мага чет өлкөгө караганда жеңил болду. Бишкекте маселелер алда канча бачым чечилет, чакан шаарлардын бир артыкчылыгы ушунда. Анткени баары бири-бирин тааныйт.Адамдар менен түздөн-түз иштешкендиктен, чет жакта меймандар официант менен тезирээк тил табышып кетерин, жаңы тамактын даамын татуу сунушун кубануу менен кабылдай турганын байкадым.
Кыргызстанда кардарлар түнтүрөөк келет, бирок, менимче, азырынча гана ушундай. Жакшы жайлар канчалык көп ачылса, мындай мүнөз ошончолук тез өзгөрөт.
Биз бир орунда турбайбыз. Кыргызстандыктар жалпы дүйнөлүк тренддерден артта калбайт, маселен, пайдалуу тамактарды көп тандашчу болду. Дал ушул себептен саламаттыкка эч кандай залал келтирбестен, даамдуу тамак ичүүгө боло турган япон ресторанын ачтым. Тескерисинче, организм үчүн пайдалуу.
— Ресторан ачууга канча каражат салдыңыз?
— Ресторан ачардан оболу бир долбоорду баштадым. Тамак жеткирип берүү дүкөнү эле, япон ашканасынын тамактарын даярдачубуз. Аны ишке киргизүү үчүн 2 миң доллар жана бир нече жакшы ашпозчу керектелди. Бир айдан соң менин чакан ишим мага 3 миң доллар алып келди, ишим өр алды. Өзүм да бул тармакта өнүгө баштадым.
Биз, кыргыздар, япон ашканасын кандай жакшы көрөрүбүздү элестете да албайсыз! Бишкекте суроо-талап күч болгон жүздөн ашуун суши-бар иштейт.
— Бир катар ишкерлер пандемияда сызга отуруп калышты, сиз кантип чыктыңыз бул жагдайдан?
— Чындыгында көпчүлүк үчүн оор мезгил болду. Ага карабастан кирешебизди көбөйтүүгө жетиштик. Иш өрчүдү, ал түгүл бизнесиме кызыккан сатып алуучулар да чыкты.
Япон ашканасынын түйүнү боюнча менин долбоорумду 300 миң долларга баалашты. Бизнесмен дароо сатып алууга даяр эле, бирок азырынча өзүм бул иш менен алектенүүнү улантууну чечтим. Мага керексиз эле машинага 35 миң доллар сарптап койгонумду айтпадымбы жогоруда, эми андай катачылыктарга жол бергим жок.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
— Жолу болбой калган долбоорлоруңуздан кеп салсаңыз. Учурда иши жүрүшпөй турган ишкерлерге кандай кеңеш берер элеңиз?
Жаш балага бизнес үчүн мынчалык акча берүүгө кантип макул болгону өзүм үчүн деле табышмак. Бирок тийиштүү аргументти таба алган өңдөнөм. Ошол иш мага киреше алып келген эмес, ал эми карызымдан бир нече жылдан кийин кутулдум. Көйгөйлөр чыга берет, аларды акыр замандай кабыл алуунун кереги жок. Он жыл оболу жашоом жыргатарлык эмес эле, бирок мен жагдайды жакшырта алдым.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Коронавирус менен ооруп айыккандар суук мезгилде эшикке чыгып спорт менен машыкпашы керек. Бул тууралуу РИА Новостиге улуттук фитнес-коомчулугунун өкүлү, спорт дарыгери Елена Рябинкова айтып берген.
"Муздак аба, температуранын алмашышы жана абанын нымдуулугу мурун көңдөйү менен трахеянын ишине тоскоолдук жаратып, дем алуу органдарында былжырларды пайда кылат. Мунун кесепетинен вирустук жана бактериялык оорулар өөрчүйт. Андан ары өтүшүп кетсе курч респиратордук синдромдорго, миокардит, стресстик кардиомиопатия, аз кандуулукка, бөйрөктүн, жүлүндүн жабыркашына жана башкаларга алып келет", — деген Рябинкова.
Адис бейтаптарга илдеттин оордугуна жараша өзүнчө көнүгүүлөрдү жасатыш керектигин белгилеген. Маселен, бардыгына эле дем алуу көнүгүүлөрүн кылдыруу туура эмес экенин, анын да зыян жактары болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргыз-корей кызматташтыгынын алкагында айыл чарбасына кызыккандарга Бишкекте ботаникалык бакча ачылат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Аталган министрлик, Кыргыз улуттук университети жана Кореянын аймакты өнүктүрүү департаментинин айыл чарба илимдери жана технологиялары жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
Анын алкагында университеттин ботаникалык бакчасынын базасында демонстративдик талаа, же башкача айтканда, өзүнчө ботаникалык бакча ачуу каралган.
"Долбоордун негизги максаты айыл чарба адистерин, студенттерди, окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү, дыйкандарды, деги эле айыл чарбага кызыккандарды Кореянын акыркы агротехнологиялары менен тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле эки өлкөнүн алдыңкы илимпоздорун тартуу менен жергиликтүү калктын айыл чарба бизнесине болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
2021-жылы кызматташуунун алкагында төмөнкү долбоорлор пландалып жатканы айтылды: