Кыргыз окумуштуулары фермерлерге уйду туура тандоо боюнча жаңы ыкма таап берди

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүКороодогу уйлар. Архив
Короодогу уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фермерлер саан уйларды тандаганда көбүнчө сүттүүлүгүнө карап, кийин бул нерсе жакшы натыйжасын бербей, сүтү азайып кетип жатканы белгилүү.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргыз айыл чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун окумуштуулары саан уйларды жана букаларды туура тандоо үчүн фермерлерге жаңы ыкма таап беришти. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

"Жаңы ыкманын негизин сүт алуу жана тукум көбөйтүү максатында жаш малдан туулган музоолорду алуу түзөт. Изилдөө маалында кунажындан туулган музоолордун 90 пайызы кийин фермерлерге ар тараптан пайдалуу болору аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин фермерлер саан уйларды тандаганда көбүнчө сүттүүлүгүнө карап, бирок кийин жакшы натыйжасын бербей, сүтү азайып кетип жаткан.

Окумуштуулар бул ыкманы былтыр, сентябрь айында, "Сүт жана эт багытындагы уйларды жана асыл-тукум букаларды тандоо ыкмалары" деген аталыш менен "Кыргыз патент" ишканасынан каттоодон өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0