Чек арадагы санитардык-карантиндик пункттар күнү-түнү иштөөгө өттү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүУсиление санитарно-карантинного контроля из-за вспышки коронавируса в Китае
Усиление санитарно-карантинного контроля из-за вспышки коронавируса в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер жүргүнчүлөрдү учактан түшөрү менен текшерүүгө алышууда. Ушу тапта төрт тепловизор иштеп жатат, зарыл болсо изолятор дайын экени кабарланды.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандын чек арасындагы өткөрүү бекеттеринин баарына, Бишкек менен Ош шаарындагы аэропортторго коронавирустун бар-жогун аныктоочу тепловизорлор орнотулду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Санитардык-карантиндик пункттардын адистери өлкөгө Кытай жана башка мамлекеттерден келгендердин баарын текшерүүдө.

11 пункт күнү-түнү иштөөгө өттү. Алар Кыргызстандын Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек араларына орнотулган.

“Ушул тапта ЕАЭБдин ички чек арасына да (Кыргызстан — Казакстан) санитардык-карантиндик пункттарды ачуу каралууда. Мындай жайлар өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү менен жоюлуп кеткен. Кийинки жумадан тарта “Ак-Жол”, “Дунларов көпүрөсү”, “Ак-Тилек” жана “Чалдовар” өткөрүү бекеттеринде убактылуу санитардык-карантиндик пункттар иштей баштайт”, — деп айтылат маалыматта.

Жаңы жыл майрамына байланыштуу Кыргызстан менен Кытай чек арасы жабылып, 23-январдан 1-февралга чейин Бишкек — Үрүмчү каттамынын токтогонуна карабастан, аэропорттогу санитардык-карантиндик пункттардын адистери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы айтылды.

Дарыгерлер жүргүнчүлөрдү учактан түшөрү менен текшерүүгө алышууда. Ушу тапта төрт тепловизор иштеп жатат, зарыл болсо изолятор дайын экени кабарланды.

Эскерте кетсек, коронавирустун алдын алып, абалды көзөмөлдөп туруу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын штаб түзгөн.

Вирус тууралуу эмне билүү керек?

Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: коронавирустан Кытайда дарыгер көз жумду
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Вирус адамдарга базарда сатылган жыландар аркылуу жуккан деген версия бар.

Медиктер оору адамдан адамга жугарын айтышты. Учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтсө, ал эми кыргыз ТИМи мүмкүн болсо Кытайга барбай турууну сунуштады.

Акыркы маалымат боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1287ге жетип, 41 киши каза тапты.

Кытайдан башка өлкөдө да бул ооруну жуктуруп алгандар каттала баштады. Алсак, Гонконгдо беш, Макаодо үч, Тайванда эки, Тайландда үч, Японияда үч, Түштүк Кореяда үч, АКШда экөө, Вьетнамда үч, Сингапурда үч, Непалда бир, Францияда үч жана Австралияда үч адам дартка чалдыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0