Бир бөтөлкөгө арыктын эле суусун берип ийгилечи... Мирзат Мукановдун айылга каты

© Фото / Жанылай КекееваДиктор Мирзат Муканов. Архив
Диктор Мирзат Муканов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ирет айылга катты диктор Мирзат Муканов жазды. Алып баруучу айылынын "жаман уулу" экенин мойнуна алып, жердештеринен кечирим сурады.

Мирзат Муканов 1989-жылы 5-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында төрөлгөн.

"Кат" десе эле улуу агам Нурзат аскерде жүргѳндѳ жазган каттарын эстейм. Улуулар айтып калышкандай, кат жазып, жообун айлап күткѳн учурга туш болбой калдым. "Кечээки эле бала" эмесминби…

Агамдын каттары "Салам кат. Саламым менен алыскы Ош шаарында аскердик кызмат ѳтѳп жүргѳн уулуңар Нурзат" деп келчү. Аны баарыбыз тегеректеп алып окуйбуз. Чоң энем абамды кичинесинен ата-энеме бербей ѳзү тарбиялап ѳстүргѳнү үчүнбү, кѳзүнѳ жаш алмайын укчу эмес. Апам ортого отуруп алып, окуп берет. Мени да сурап калар бекен деп чыйпылыктап күтѳм. Ошол каттарынын биринде бир жолу "Асек абам (улуу агам чоң атанын колунда ѳскѳнү үчүн ата-энемди "аба", "эже" деп кайрылар эле. Кийин эле "ата", "апа" деп калды) арагын ичпей калдыбы?" деп сураптыр. Анысы апама жага бербей, ого бетер үнүн бийигирээк чыгарып окуп койду. Ошондо атамдын катуу арданганы эсимде. Учурда ошол аскерден кат жазчу Нурзат абам чоң атамдын керээзи менен ата конушту ээлеп калган. Ата-энем болсо шаарга жакыныраак кѳчүп кетишти.

Алып баруучу Нурзат Токтосунова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кой кайтарган кара кыз, эмгекчил коңшулар. Нурзат Токтосунованын айылга каты
Менин бала кезимде айылыбызда арак ичпеген киши аз эле. Жакшылыкта деле, жаманчылыкта деле, куран окутканы барса деле баштыктын ичинен шыңгырап "кѳңүл айтар" нерсеси чыкчу. Буудай сепсе деле, чѳп алып келсе деле ыраазычылык иретинде "бир бѳтѳлкѳ бузуу" шарт болчу. Эми такыр башкача болуп калыптыр ырас. Баягы күнүгѳ алагүү болуп жүрчү абаларымдын айрымдары сакал ѳстүрүп, мечитке каттачу болуптур. Кѳбү жер тырмалап, мал кѳбѳйтүп, ѳз иштери менен алек. Ыраазы болосуң…

Сокур Мукандын уулумун

Бала чагымда салам айтуу маданиятына аябай кѳңүл бурулчу. Машина айдап бараткан киши дагы токтой калып, унаадан секирип түшүп, улуулар менен учураша кетчү. Бизди да үйдөгүлөр "улуу кишиге салам айткыла" деп үйрѳтүшкѳн. Айтпасаң "Салам айтпаган кандай бала?!" деген жеме угасың, тааныбаган кишиден деле.

© Фото / из личного архива Мирзата Муканова"Кат" десе эле улуу агам Нурзат аскерде жүргѳндѳ жазган каттарын эстейм. Улуулар айтып калышкандай, кат жазып, жообун айлап күткѳн учурга туш болбой калдым. "Кечээки эле бала" эмесминби…
Бир бөтөлкөгө арыктын эле суусун берип ийгилечи... Мирзат Мукановдун айылга каты - Sputnik Кыргызстан
"Кат" десе эле улуу агам Нурзат аскерде жүргѳндѳ жазган каттарын эстейм. Улуулар айтып калышкандай, кат жазып, жообун айлап күткѳн учурга туш болбой калдым. "Кечээки эле бала" эмесминби…

Алдыңан чыккан улуу кишиге тааныбасаң да "Ассалоом алейкум" деп учурашасың.

— Аалейкум ассалам (кээ бири "Алекисалам" дешет. Тили келбесе керек). Кимдин уулусуң?/
— Мукандын.
— Кайсы Мукан?

Тартынып туруп калам.

— Сокур Муканбы?
— Ооба…
— Ой, азамат! Чоң атасынын уулу турбайбы. Жакшы кишинин уулу турбайбы… Чоң атасынын атын айткан, даана Шапактын урпагы турбайбы…

Батасын берип, жылуу коштошот. Бул мага "чоң атанын уулу" деген ыйык милдетти ошентип аткарып жаткандай сезилчү. Ѳз атаңдын атын айтсаң, анын уулу болгонуң үчүн тил угасың.

— Кимдин уулусуң?
— Асектин (атамды ошентип таанышат).
— Кайсы Асек? Жанагы темир уста, кѳк кѳз Асекпи?
— Ооба.
— О, ошол Асек экѳѳңдүн атаңдын оозуна!.. Чоң атаңды айтпайсыңбы!

Мындай жеме уккан "эксперименттен" да ѳткѳм. Мен теңдүү балдардын бардыгы андай кырдаалдан ѳткѳн үчүн ѳз атабызды айтпай, чоң атанын уулу болуп алчубуз. Бир жолу атамдан чоң атамды эмнеге "сокур Мукан" дешээрин сурагам. Чынында чоң атамдын бир кѳзү кѳрбѳгѳн киши болуптур. Жаш кезинде бирѳѳлѳр менен чабыша кетип, кѳзүнѳ катуу токмок тийип (анда чокмор, келтек менен урушчу тура) бир кѳзү кѳрбѳй калса керек… Айтор, чоң атам атама деле так айтып бербеген кѳрүнѳт. Кийин бир кѳзү кѳрбѳгѳнү үчүн согушка алынбай калыптыр. Анткен менен бир айыл элди баккан экен.

Айылымдын суусу шекер салып койгондой ширин

СМС жазган, андан бери вотсап менен скайптан сүйлѳшкѳн муундун ѳкүлү болсом да, саламымды кат аркылуу сан жылкылуу Сарыбай байырлаган Короо-Карагайы бар, улар үнү басылбаган Ой-Четиндүү, Солдат, Керкей тоолору кѳзүңдү кубанткан, тѳрүндѳ Кѳл-Тѳрдѳй кѳлү бар, жери да кең, суусу да кең, эли да кең пейил Кең-Суума жолдойм! Айылдаштарым ѳздѳрү дагы "Кереметтүү Кең-Суунун кулунубуз" деп калышат. Керемети — керемет эле жер.

Акын Гулжамила Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Шагылда чуркаган кайберендерди сагындым. Гүлжамила Шакированын айылга каты
Айылга барганда кичинемде агаларым таарынтса, нан жапкан айрысын кѳтѳрѳ чуркап, мени коргогон Батийма (Фатима) энеме сѳзсүз учурашчу элем. Эми ал энем да кетиптир, ээсине. Бир барганымда: "Журналист эмессиңби, сага ич күптүлѳр кѳп болот. Бирок коркпо, эми деле айрымды кѳтѳрүп, Бишкегиңе бара калам", - деп тамашалады эле. Анан келгенимди укса, Какиш эжем балпалактап чуркап жетип келчү.

Кичинемде кеңсуулуктар нанды орус мешке жабышчу. Мештери атайы ошондой шарт, талап болгонсуп, сѳзсүз кѳчѳ тарапта. Ким нан жапса, бүтүндѳй кѳчѳгѳ жыты буркурайт. Анан нан чыгарып жаткан келин "А-ай, келгиле, нан бышты" деп чакырат. Кѳчѳдѳгү ѳзбү, жатпы, жапырт барып ооз тийүү шарт. Ошентип бышырган нандын жарымын элге таратып берет, калганын тасмалга ороп, үйгѳ кѳтѳрүп кетет. Мешти элге таратуу үчүн гана так кѳчѳ тарапка салып коюшчу го… Эми бардыгы нанды "электир мешке" бышырып калышыптыр. Какиш эжем мага атайы орус мешке бышырылган нан менен каймак кѳтѳрүп келчү. "Эми Шаарыңда кайдагы каймак? Кел, жакшылап жеп ал" дечү Какиш эжем да кемпир болду, ээсине кетти. Ѳгүнү Жайлообай жездеме жолуктум. Ал деле картайыптыр… Жездемден башка биздин кѳчѳдѳ сакалдуулардан Калый атам, Армия аталарым эле калыптыр. Калган улуулардын кѳбү "кетишкен". Оо, биз бала кезде кандай эле?!. Ѳлкѳнүн чар тарабынан издеп келчү сыныкчы Ысрайыл ата бар эле. Чоочун машина токтоп, ичинен "Ысрайылдын үйү кайда?" дешсе, алыстан издеп келген кишиси биздин айылда, болгондо дагы биздин кѳчѳдѳ жашаганына сыймыктанчу элек. Токтогул ата, Мукай ата, Жамай ата, Кайыр ата, Үсѳнакун аталар биздин айылдын кѳркү боло турган. Кайсы гана жердин суусу болбосун, даамы менин айылымдыкына жетпейт. Билинер-билинбес шекер салып койгонсуп, шириндигин кантейин?.. Айылга барганда кѳбүрѳѳк суу ичип алуу үчүн кѳп тамактанбоого аракет кылам. Адам туулган жеринин суусу менен калыптана турганын кийин окуп жүрбѳймүнбү. Ошондуктан ар ким үчүн туулган жеринин суусу таттуу сезилет тура.

© Фото / Жанылай КекееваМирзат Муканов: Эмесе, жакшы жүргүлѳ, айылдаштарым! Калган кеңсуулуктарым "бизди айтпай коюптур" деп таарынбай тургула. Кокус биз жакка каттап калчулар болсо, бир бѳтѳлкѳгѳ арыктын эле суусунан берип жибергилечи!
Бир бөтөлкөгө арыктын эле суусун берип ийгилечи... Мирзат Мукановдун айылга каты - Sputnik Кыргызстан
Мирзат Муканов: Эмесе, жакшы жүргүлѳ, айылдаштарым! Калган кеңсуулуктарым "бизди айтпай коюптур" деп таарынбай тургула. Кокус биз жакка каттап калчулар болсо, бир бѳтѳлкѳгѳ арыктын эле суусунан берип жибергилечи!

"Жаман баламын"

Ѳгүнү Кабыл абам чалып: "Ай бала, ушу сага жолуксам бир сабайм го! Жамандык-жакшылыкка кѳбүрѳѳк аралаша жүрсѳң", - деп калды. Жѳнү бар. Түмѳн түйшүктү моюндарына илип алган "шаардыктардын" иши бүтпѳйт эмеспи. Шаардагы убакыттын дагы берекеси тар. Айылдачы?.. Бардыгына жетишесиң. Кээде айылга барып калганда кѳчѳдѳ отуруп алып саясатты саймедиреп, аны жыйыштырып коюп дүйнѳлүк саясатты талдашып эки-үч саат сүйлѳшүп койгондорду кѳрүп таң калам. Ошол эле учурда оокаты деле жүрүшүп жатат.

Доктор медицинских наук, кардиохирург Калдарбек Абдраманов - Sputnik Кыргызстан
Оорукчан элем, атам желкесине көтөрүп бакты. Кардиохирург Абдрамановдун айылга каты
Теңтуштарым ай сайын бир койду "кѳтѳрүп чаап", шерине жешет экен. Аларга да аралаша албайсың. Быйыл бир теңтушумдун үлпѳт тоюнда классташтарым таарынычын айтып алышты. Айтышсын, жѳндүү. Таарына турчу кишиге таарынат да. "Биз менен катышпайсың" дешти. Шаардык деген эмелердин ар бир мүнѳтүнѳ чейин саналуу экенин кенен жүрүп калган кишилер билип коёт бекен?.. Башты шылкыйтып, күнѳѳлүү киши болуп турдум. Мен ушундай "жаман баламын". Ошол катыша албай жүргѳн, кѳп жолуга албай жүргѳн теңтуштарыман кечирим сурайм.

Эмесе, жакшы жүргүлѳ, айылдаштарым! Калган кеңсуулуктарым "бизди айтпай коюптур" деп таарынбай тургула. Кокус биз жакка каттап калчулар болсо, бир бѳтѳлкѳгѳ арыктын эле суусунан берип жибергилечи!

Кудай кааласа, адаттагыдай Ортоктун тоосуна чыгып алып, айылымдын абасынан кере-кере дем алчу күндѳр алыс эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0