Коронавирус Бишкекке жеттиби? Дарыгердин жообу

Жазылуу
Медиктер оору адамдан адамга жугарын айтышты. Кытайдан башка бир нече мамлекетте да бул ооруну жуктуруп алгандар каттала баштады.

БИШКЕК, 26-янв. – Sputnik. Кытайда тарап жаткан коронавируска кабылган бейтап жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Белгилей кетсек, WhatsApp мессенджери аркылуу коронавирус Бишкекке жеткени боюнча аудио билдирүү тарап жатат. Анда эркек киши Инфекциялык ооруканага бейтап түшкөнүн, бул боюнча ага ошол жакта иштеген жубайы айтканын билдирген.

Гүлжигит Аалиев Sputnik агенттигинин кабарчысына “кокус вируска кабылган бейтап түшүп калса” деп даярдалган палаталар бош турганын билдирди.

“Кудай сактап ал палаталар бош эле болсун. Мындай факты болгон жок, эч ким кайрыла элек. Интернетте тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт”, - деди дарыгер.

Коронавирустун жаңы белгилери менен материалдан таанышыңыздар.

Вирус тууралуу эмне белгилүү

Райондо дезинфекция жүргүзүп жаткан кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк зыркыраткан статистика: Кытайда коронавирустан көз жумгандар 56га жетти
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Вирус адамдарга базарда сатылган жыландар аркылуу жуккан деген версия бар.

Медиктер оору адамдан адамга жугарын айтышты. Кытайдан башка бир нече мамлекетте да бул ооруну жуктуруп алгандар каттала баштады. Буга байланыштуу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтүштү. Кыргызстанда да мындай абал көзөмөлгө алынып, ТИМ мүмкүн болсо Кытайга барбай турууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0