Улуу Жеңиштин урматына Путиндин атынан кыргызстандык блокадачыга медаль тапшырылды

© Sputnik / Ангелина ИнюшинаБишкекте Ленинград блокадасын жарып өтүүнүн 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болду. Иш-чарадан кийин Россиянын элчилигинин кеңешчиси Андрей Сургаев Владимир Путиндин атынан блокадачы Тамара Нестеровага "Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы" аттуу юбилейлик медаль менен сыйлады
Бишкекте Ленинград блокадасын жарып өтүүнүн 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болду. Иш-чарадан кийин Россиянын элчилигинин кеңешчиси Андрей Сургаев Владимир Путиндин атынан блокадачы Тамара Нестеровага Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы аттуу юбилейлик медаль менен сыйлады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык президенттин медалына блокадачы Тамара Нестерова татыды. Сыйлыкты Россия элчилигинин кеңешчиси тапшырды.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкекте Ленинград блокадасын жарып өтүүнүн 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болду. Иш-чарадан кийин Россиянын элчилигинин кеңешчиси Андрей Сургаев Владимир Путиндин атынан блокадачы Тамара Нестеровага "Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы" аттуу юбилейлик медаль менен сыйлады.

© Sputnik / Ангелина ИнюшинаБишкекте Ленинград блокадасын жарып өтүүнүн 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болду. Иш-чарадан кийин Россиянын элчилигинин кеңешчиси Андрей Сургаев Владимир Путиндин атынан блокадачы Тамара Нестеровага "Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы" аттуу юбилейлик медаль менен сыйлады
Улуу Жеңиштин урматына Путиндин атынан кыргызстандык блокадачыга медаль тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Ленинград блокадасын жарып өтүүнүн 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болду. Иш-чарадан кийин Россиянын элчилигинин кеңешчиси Андрей Сургаев Владимир Путиндин атынан блокадачы Тамара Нестеровага "Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы" аттуу юбилейлик медаль менен сыйлады
"Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата КМШ өлкөлөрүндөгү бардык ардагерлерге, блокадачыларга, тылда иштегендерге, концлагерлерде туткунда кармалгандарга РФ президенти Владимир Путиндин атынан юбилейлик медаль тапшырылып жатат. Тилекке каршы, Тамара Васильевна ооруп жатыптыр. Анын туугандары тынчын албоону өтүнүштү. Ошентсе дагы биз блокадачы энебизди жеңиши менен куттуктап, небереси аркылуу белек-бечкектерди берип жиберебиз", — деди Сургаев.

Ленинград 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин, тагыраагы, 872 күн фашисттер тарабынан курчоодо болгон. Бул убакыт аралыгында канча адам курман болгону тууралуу так сан жок. Ар кандай маалыматтарга караганда, алардын саны 400 миңден 1,5 миллионго жетиши мүмкүн. Алардын 4500ү кыргызстандык жоокерлер болгон. Блокада учурунда советтик Кыргызстанга 16 миңге чукул адам эвакуацияланган. Алардын 3,5 миңи балдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0