Кесиптик бирликтер тууралуу мыйзамдын аткарылышын иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму

400 миң сом айлык алышат! Депутат профсоюз башчыларынын маянасын санап берди

5064
(жаңыланган 14:02 28.01.2020)
Профсоюзда иштегендер бир жолку маянасынан сырткары такай 60 миңден 159 миң сомго чейин алып турганы айтылды.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Кыргызстандагы Кесиптик бирликтердин жетекчилери ири суммадагы маяна ала турганын айтып, таң калды.

Бүгүн "Кесиптик бирликтер тууралуу" мыйзамдын аткарылышын иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму өттү.

Жыйында Рыспаев бул тармактын жетекчилерине көзөмөл жок болуп, өзү билемдик менен бир топ мыйзамсыз иштерди жасап  келгенин белгиледи. Мисал катары тоо-кен металлургия тармагын караган Алмазбек Жакыпов 2014-жылы айына 400 миң сом алып турганын айтты.

"Өз кесиби менен иштеген жөнөкөй кызматкерлер 5000 сом айлык алат. Аны да кыйнап, үч айга бөлүп беришет экен. Эми өзүлөрүнүн айлыктарын санап берейин. Билим берүү министрлигинин кесиптик бирлигинде иштеген Асылбек Токтогуловдун маянасы 159 миң сом, Тоо-кен металлургияны карагандар 150 же 99 миң сом, Муниципалдык мекемелерди тескегендер 77 миң сом айлык алат. Ал эми маданият тармагындагылар 60 миң, Жайчиева 82 миң сом, Токой чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигин карагандар 59 миң сом алат. Саламаттык сактоодо Накен Саалиев 90 миң, Каратаев 70 миң, энергетика тармагын караган Шамил Осмонов 74 миң сом маяна алып турган", — деди Рыспаев.

Эл өкүлү бул туруктуу маянасы гана экенин белгилеп, андан тышкары, бир жолку эмгек акы дагы алышарын кошумчалады. Элдар Тажибаев бир жолу 244 миң сом, кийин такай 125-130 миң сом маяна алып жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, алар эки-үч жылдын аралыгында 10-20 ирет чет өлкөгө командировкага чыкканын белгилеп өттү.

Ошондой эле депутаттар кесиптик бирликтер өлкөдөгү ден соолукту чыңдоочу курортторду жеке менчикке сатып жиберишкен деп сынга алышты.

Жогорудагы фактылар боюнча териштирип чыгуу жыйынга катышкан укук коргоо органдарынын жетекчилерине тапшырылды.

Депутаттар кесиптик бирликтердин укуктарын кайрадан ыраатташтыруу үчүн мыйзам долбоорун сунуштаган. Кесиптик бирликтердин федерация өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы экени белгилүү болгон. Бул мыйзам долбоору талкууга түшкөндүктөн талдоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

Аталган мыйзамга 1998-жылдан бери өзгөртүү киргизиле элек. Мында кызматкерлердин жаш курагын 65тен ашырбоо, чогулган каражаттын ачык-айкындуулугун камсыздоо жана мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, жакында эле Финансы министрлиги кыргызстандыктардын орточо маянасы 16 563 сомду түзөрүн жарыялаган.

5064
Белгилер:
депутат, мыйзам бузуулар, мыйзам, акча, маяна, акы, эмгек
Тема боюнча
Депутат профсоюздардын мал-мүлкүн тыкыр текшерип чыгууну тапшырды
Ирсалиев соттордун пенсиясы кандайча 80 миңге чейин жетип жатканын түшүндүрдү
Электр линиялары. Архив

Түндүкэлектр: Бишкекте жарыктын массалык өчүшүнө биздин кабелдер себепчи эмес

38
(жаңыланган 23:48 30.10.2020)
ТЭЦтеги авариядан кийин ишкананын кызматкерлери ТЭЦ-Б жана Бишкек-1 подстанцияларынын 110 киловольттуу кабель чубалгыларын текшерип көрүшкөн.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. 110 жогорку киловольттук кабель чубалгысы бузулган эмес. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады. 

Эске салсак, кечээ, 29-октябрда, Бишкектин бир топ бөлүгүндө электр жарыгы өчүп, ЖЭБден буу чыккан.

"Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, ТЭЦтеги авариядан кийин ишкананын кызматкерлери ТЭЦ-Б жана Бишкек-1 подстанцияларынын 110 киловольттуу кабель чубалгыларын оңдош үчүн чыгарып кетишкен.

"Адистер кабель чубалгыларын комплекстүү лабораториялык текшерүүдөн өткөрүшкөн. Жыйынтыгында анын техникалык талаптарга жооп бере турганы аныкталган. 30-октябрда кабелдик чубалгылардын өзүн эле иштетип көрүшкөн, андан соң көмөк чордонго кошуп текшеришкен. Бул иш-чаралардын жыйынтыгында 110 киловольттуу кабель чубалгылары бузулбаганы далилденген", — деп айтылат маалыматта.

Ишкана ЖЭБдин "системалык авариянын келип чыгышына 110 киловольттуу кабель линиясынын ("Түндүкэлектр" ишканасына тиешелүү) зымдары тийишип кеткени себеп болгон" деген маалыматы тастыкталбаганын кошумчалады.

Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео

Эске салсак, калаада жарык жапырт өчкөндөн кийин "Түндүкэлектр" ишканасы ТЭЦте авария болуп, жогорку вольттогу подстанция чыңалуусуз калганын кабарлаган.

Кийинчерээк ТЭЦтин директору Андрей Воропаев ЖЭБде авария болбогонун, жөн гана авариялык коргонуучу система иштеп кеткендиктен ТЭЦтен буу чыкканын билдирген.

38
Тема боюнча
Бишкекте митингге чыккан энергетиктер эмнеге нааразы? Видео
Кызыл Жарым Ай коомдун мобилдик бригадасы

COVID-19га кабылган бейтаптарга Кызыл жарым ай коому жардам берүүдө

37
(жаңыланган 21:22 30.10.2020)
Мобилдик бригада бейтаптарды биринчи кароодон өткөрүүгө көмөктөшүп, кычкылтек концентраторун беришет. Ошондой эле ооруканага жаткырып, жеринде биринчи жардам көрсөтө алышат.

БИШКЕК, 30-окт. – Sputnik. Бишкектеги Кызыл жарым ай коому COVID-19га кабылгандарга тез жардам көрсөтүүгө көмөктөшүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, Кызыл жарым ай коомунун бригадасына окуудан өткөн ыктыярчылар, медициналык академиянын дарыгерлери жана студенттери тартылган.

"Мобилдик бригада бейтаптарды биринчи кароодон өткөрүүгө көмөктөшүп, кычкылтек концентраторун беришет. Ошондой эле ооруканага жаткырып, жеринде биринчи жардам көрсөтө алышат", — деп айтылат маалыматта.

Дарыгер коронавируска кабылган балдарды дарылоонун өзгөчөлүктөрүн айтты

Бишкек шаарынын тургундары оорунун белгилери байкалган учурда 0502 300 190 номерине (мобилдик бригада) чалып, кайрыла алышат.

37
Белгилер:
жардам, бейтап, коронавирус, Кызыл жарым ай коому
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өткөн суткада COVID 596 кишиден табылды. 90 бейтаптын абалы өтө оор
Коронавирустан үч киши каза болду
Сейсмаограф маалыматтары. Архив

Түркияда экинчи ирет күчү 5 баллдан ашкан жер титиреди

0
(жаңыланган 00:00 31.10.2020)
Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн түштүк-батышындагы Айдын аймагынын Кушадасы районунан 20 чакырым алыс жайгашкан.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Түркиянын Эгей деңизинин жээгинде күчү 5,1 баллга жеткен дагы бир жер силкинүү катталды. Бул тууралуу Anadolu агенттигинин маалыматына таянып РИА Новости билдирди.

Ага ылайык, жер титирөөнүн очогу өлкөнүн түштүк-батышындагы Айдын аймагынын Кушадасы районунан 20 чакырым алыс жайгашкан. Анын кесепети боюнча азырынча маалымат жок.

Бул бүгүнкү күндүн эсебинен Түркиядагы экинчи жер титирөө. Биринчисинин күчү 6,6 баллга жетип, зилзаланын очогу Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан. Жер титирөөнүн очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзгөн.

Ураган имарат, кафеден чыга качкан эл. Түркиядагы зилзаланын видеосу

Акыркы маалыматтар боюнча, Измирдеги жер титирөөдөн көп кабаттуу үйлөр урап, 400дөн ашык киши жабыркап, 12 киши көз жумган.

0
Белгилер:
жаратылыш кырсыгы, жер титирөө, Түркия