Тынч жашайлы! Кыргызстандыктар коронавирустун айынан саякаттоодон баш тартууда

© AFP / MLADEN ANTONOVКхай аралы, Таиланд. Архив
Кхай аралы, Таиланд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө элинин жүрөк үшүн алган коронавирус туризмге бир топ зыянын тийгизчүдөй болуп турат. Оору жугузуп алуудан корккон туристтер Кытайга гана эмес, башка өлкөлөргө дагы чыгуудан кооптонуп турган кез.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстандык туристтердин арасында коронавирустун айынан Кытай гана эмес, Таиландга дагы баруудан баш тарткандар көбөйүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкектеги туристтик агенттиктердин биринин кызматкери Альбина Асанова билдирди.

"Кышкысын кыргызстандыктар арасында Хайнань аралы (Кытай), Таиланд, Египет жана Дубай өтө популярдуу. Бирок коронавирус чыгары менен Кытайга барбайбыз деп чыккандар көбөйгөндүктөн, өзүбүз дагы бул өлкөгө турларды токтотуп койдук. Жарандар саякаттоодон коркуп жатышат. Кардарлардан "жуктуруп албайлы", "тынч жашайлы" деген билдирүүлөр келип жатат. Жада калса мессенджерлердеги тайпалардан айрым колдонуучулар чыгып кетүүдө", — деди Асанова.

Анын айтымында, азыр баш тартылган турлардын так санын жана андан келтирилген зыяндын өлчөмүн айтууга эрте.

Асанованын сөзүн Кыргызстандын Туристтик альянсынын жетекчиси Медер Тилекматов дагы бышыктады.

"Чындап эле мурда алып койгон турлардан баш тарткандар бар. Кытай го түшүнүктүү. Бирок эмнегедир Таиланддан дагы чочулап жатышат. Негизи эле саякаттоодон коркуп турушат. Ар кайсы өлкөдөн келген элдер чогулган аэропорттодо коронавирус жугузуп алабыз деген кооптонуу бар окшойт", — деди Тилекматов.
Тилекматов: кыргызстандыктар Кытай гана эмес, Таиландга баруудан дагы чочулап жатат
Тынч жашайлы! Кыргызстандыктар коронавирустун айынан саякаттоодон баш тартууда - Sputnik Кыргызстан
Тилекматов: кыргызстандыктар Кытай гана эмес, Таиландга баруудан дагы чочулап жатат

Бул гана эмес, өкмөт 27-январь күнү Кытайдагы абал турукташканча деп чек араны жаап, Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү аба каттамын токтотту.

Ал эми Туризм департаменти Кытайда болуп жаткан эпидемиологиялык абалга байланыштуу кыргызстандыктарды бул өлкөгө кызматтык жана туристтик сапарларын токтотуп турууну сунуштаган.

Вирустун айынан көпчүлүк мамлекеттер туристтерин Кытайга жиберүүдөн баш тартып жатышат.

Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун очогу Уханда жашаган кыргыз кыз: интернеттегинин баары чын эмес
Мисалы, шаршемби күнү россиялык "Русь-тур" компаниясы Хайнань аралында эс алып жүргөн 180 туристти алып келүү үчүн учак жиберет. "Ростуризм" мамлекеттик ишканасы 25-январь күнү Кытайга жолдомо сатууга тыюу салып, азыр көпчүлүк компаниялар жиберген туристтерин алып келүү аракетинде.

Ал эми коңшу Казакстандын эң ири авиакомпаниясы болуп эсептелген Air Astana коронавирустун айынан февраль айындагы Кытайдын шаарларына болгон бардык каттамдарын токтотуп койду.

Элди дүрбөлөңгө салган жугуштуу оору Кытай бийлигинин өзүн дагы туристтерди кабыл алуудан баш тартууга мужбурлаганын РИА Новости жазды. Өлкөнүн туристтик компаниялары 25-январдан тарта тобу менен жүрчү туристтерди кабыл албай калды. Ошондой эле алар мейманкана кызматтары камтылган турларды уюштуруусун токтотту.

Коронавирус тууралуу

Коронавирус жайылган өлкөлөр - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус ааламга кантип тарап жатат? Карта
Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Ал Кытайдан тышкары 17 өлкөгө жетти. Кыргызстанда бардык чек ара пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, "Манас" жана "Ош" аэропортторуна тепловизор коюлган.

Баса, кечээ Кыргызстанда бир адам коронавирус жуктурду деп шектелип, текшерүүдөн өткөнү тууралуу маалымат тарады. Эркек киши 27-январда Таиланддан келген. "Манас" аэропортундагы тепловизор анын дене табы көтөрүлүп турганын аныктаган. Киши жөтөлүп да жатканын билдирген. Оорулуу Республикалык инфекциялык ооруканага жеткирилип, текшерүүдөн өткөн соң коронавируска кабылбаганы аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0