Маршруттук такси. Архивдик сүрөт

Айылдык аксакал ордунан тура калды... Маршруткадагы жүрөк жылыткан окуя

16944
(жаңыланган 11:15 30.01.2020)
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Sputnik агенттиги окурмандарга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет. Бул жолу маршруткадагы улгайып калган аксакалдын жакшылыгы тууралуу сөз болот.

Апта аягы. Жумуштан чарчап чыгып, көнүп калган 185-маршруткага отурдум. Бул маршрутка жаңы конушка, биздин районго каттаган жападан жалгыз транспорт. Жердин баарын айланып, элдин баарын салат. Таң аткандан күн батканга чейин киши үзүлбөй түшөт. Ак-Ордонун жолуна ушул эле түттү окшойт. Айтор, акордолуктардын көзгө басары. Ал каттабай калса кантебиз, билбейм.

Маршруткага түшсөм, адаттагыдай ичинде киши жыкжыйма. Эптеп жылып жатып артына өттүм. Курсагым ачка болгонгобу, бир маалда көңүлүм айланып, дем жетпей кыйнала баштадым. Отургум келди. Түшүп калайын дейм, кайра бир саат маршрутка күтүш керек. Таксиге да тыйыным калбай калган. Айла жок, чыдап турдум. Дем жетпегенинен топумду чечип, шарфымды алып, автоунаанын кармагычына башымды жөлөдүм...

Анымды арттагы улгайып калган аксакал байкаган окшойт. "Кызым, кел бул жакка отуруп алчы" деди. Жашы 60тарга барып калган адам экен. "Жок, отура бериңиз" дедим. Болбой эле "кел, мен бир аздан кийин түшөм" деп эң акыркы орундукту бошотуп берди. Жанымда эле кыз-жигит отурган. Анын жигити байкап, маани да берип койгон жок. Кызына жөлөнүп уктамыш болуп калды.

Отурарым менен терезени бир аз ачып, дем алып, кыйшайып уктап кетиптирмин. Көзүмдү ачсам баягы мага орун бошотуп берген байке түшө элек экен. Баштыгын кармап алып турат. Чочуп кеттим, уялдым. "Байке, сиз түшпөйт белеңиз, келиңиз отуруңуз" десем. "Жок, отура кой" деди. Аңгыча болбой жанымдагы окуучу кыздар түшүп кетип, тиги байке кайра отурду. Шаарда бейтааныш адамдар бири-бири менен сүйлөшпөйт эмеспи. Тиги байке айылдан келиптир, мени биринчи көрсө да эски таанышындай божурап баратты.

— "Жаштар орун береби десем, эч ким унчукпайт. Кыйналып жатканыңды байкадым. Алдымдагы жигит деле уктап калды окшойт... Мен да Ак-Талаадан келгем. Белим ооруп дарыгерге көрүнүп жүрөм", — деди.

"Ии, белиңиз ооруп жатса, отура бербейт белеңиз... Сизди түшөт го деп ойлоп отуруп алгам да...", — деп жаман болуп кеттим.

"Ай, эч нерсе эмес. Андан эч нерсе деле болбойбуз. Грыжа дегенинен бир кишиге белимди көрсөтүп жатам. Операция кымбат экен, анын үстүнө бычак тийгизгим келген жок. Сен жанагы чоң сааттын жанынан түштүң го, ээ?" — деп жеткиче сүйлөп барды.

Аны угуп баратып көчөбүздөн өтүп баратыптырмын. Ырахматымды айтып "тезирээк сакайып кетиңиз" деп түшүп кеттим.

Бакылдаган акталаалык аксакалга ал күнү абдан ыраазы болдум. Жашмын, орунга, отурганга деле азыр муктаж эмесмин. Бирок ошол күнкү абалымды түшүнүп, улуу башын кичүү кылып, ооруп жатса да туруп бергени адамгерчилик эле. Жанымда отурган жаш жигит андай ажат ачмак тургай, маршруткага кирген-чыккан адамды байкап да койгон жок. Кулакта кулакчын. Сүйүктүүсүнө жаңы жеткен немедей же паркта отургандай ага башын жөлөп уктап кетип баратты.

Шаарда иш көп. Кээде майда-барат нерселерге маани бербей жүрө беребиз. Кайыр сураган канчалаган адам көчөдө отурат. Ага деле маани бербей калганбыз. Өлүм менен күрөшүп канча адам дарыланууга акча сурайт, буга деле көнүп калганбыз. Маани бербейбиз. А бирок адамдын көңүлү гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу айтылган сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрүшү ыктымал. Ушуну унутпайлы. Адамгерчилик деген сапатты жоготуп албай, анда-санда болсо да ажат ача жүрөлү!

16944
Белгилер:
ак жарык, маршрутка, окуя, эл, жакшылык, каражат
Тема:
Ак жарык (26)
Тема боюнча
Базардагы эл менен Ак үйдөгү аткаминерлерге кандай жардам керек? Видео
Жумушуна 5 саат жөө баскан официант кызга кардарлары унаа белек кылышты
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

33
(жаңыланган 14:21 20.10.2020)
Буга чейин социалдык трамактарда Матраимов фамилиясын өзгөртүп алды делген паспорттун сүрөттөрү жарыяланган.

Маалымат толукталууда

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Райым Матраимов фамилиясын алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнө жеке өзү кайрылган. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматы расмий түрдө билдирди.

Фото паспорта, в котором Райым Матраимов якобы поменял фамилию
фото распространяемое в мессенджерах
Райым Матраимов фамилиясын алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнө жеке өзү кайрылган
“Матраимов Р. Ы. аттуу жаран аты-жөнүн өзгөртүүнү сурап кайрылган. Фамилиясын алмаштыруу процедурасы КР мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлгөн. Ал аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүктү алгандан кийин е ID паспортун алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборуна кайрылган. Бирок аталган жаранга документ берүүгө тыюу салуу боюнча чечим бар болгондуктан, ага берүүдөн баш тартышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Мамкаттоо укук коргоо органдары тарабынын жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунан жогоруда аталган паспорт алынганын белгилейт.

33
Белгилер:
фамилия, паспорт, Райымбек Матраимов
Тема боюнча
Райым Матраимовдун кармалышы. Белгилүү болгон маалыматтар
Райым Матраимов кармалды

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун маалымат жыйыны. Түз эфир

24
Суракматов борбор калааны жетектөөгө мындан эки жыл мурун, 2018-жылы киришип, Албек Ибраимовдун ордуна келген.

Бишкек мэри болуп эки жылдан бери иштеп келе жаткан Азиз Суракматовдун кызматтан кете турганы тууралуу маалымат бүгүн тарады. 

Мэрия шаар башчысы маалымат жыйын өткөрө турганын кабарлаган. 

Sputnik жыйынды түз алып берүүдө

24
Белгилер:
отставка, кызмат, мэр, Бишкек мэриясы, Азиз Суракматов
Тема боюнча
Бишкек мэри Суракматовдун иштен кетери айтылды
Бишкек мэри Азиз Суракматов. Архив

Азиз Суракматов мэрлик кызматтан эмнеге кеткенин түшүндүрдү

52
(жаңыланган 14:21 20.10.2020)
Азиз Суракматов мындан ары анын милдетин аткара турган Нариман Түлеев мыкты иш алып барарына ишенерин билдирди.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек мэри Азиз Суракматов шаар башчылык кызматтан кеткенин журналисттерге берген маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Ал мэр болуп турган кезинде 100 гектар жерди мамлекетке кайтарганын, скверлер, парктар көбөйгөнүн жана жолдор салынып, оңдолгонун билдирди.

Ал ошондой эле парламенттик шайлоого катышканы жаткандыктан мэрлик кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын билдирди.

52
Белгилер:
мэр, Азиз Суракматов
Тема боюнча
Бишкек мэри Азиз Суракматовдун маалымат жыйыны. Түз эфир
Жогорку сот Жапаров, Ташиев жана Мамытовдун ишине чекит койду