Паспорт, ПИН алып калсаңыз. Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунун дареги

© Sputnik / Жоомарт УраимовВыдача биометрических паспортов в КР
Выдача биометрических паспортов в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаа тургундарынын бардыгы эле документ алуу үчүн калкты тейлөөчү борборлордун даректерин биле бербейт. Sputnik Кыргызстан агенттиги аларды тизмектеп чыкты.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Элге документ берүү үчүн Бишкекте калкты тейлөөчү төрт борбор иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтында жазылган.

Мындан сырткары, калкты тейлөөчү чакан борбордон дагы үчөө бар.

Калкты тейлөөчү негизги борборлордун даректери:

  1. 12-кичи район, Нуркамал көчөсү 29, "ДК" соода борборунун ичинде. №5, №10, 11, 17 троллейбустар, № 105, 110, 132, 150, 170, 172, 195, 204, 215, 243, 252 маршруткалар барат.
  2. Чокон Валиханов көчөсү 2, "АЮ Грандкомфорт" соода борборунун имараты. №6, 7 автобустар, №5, 7 троллейбустар, № 102, 105, 128, 137, 147, 154, 166, 251 маршруткалар барат.
  3. Жаш Гвардия бульвары, 4. (Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет) №18 автобус, №7, 8, 9 троллейбустар, №139, 159, 281, 360, 366, 396 маршруткалар барат.
  4. Ауэзов көчөсү 1/5. "Два прораба" гипермаркетинин ичинде жайгашкан. №7 автобус, №105, 137, 154, 188, 251 маршруткалар барат.

Калкты тейлөөчү чакан борборлордун даректери:

— Чыңгыз Айтматов көчөсү, 3. ("Азия Молл" соода борбору);

— Чүй проспектиси, 96;

— Чүй проспектиси 41Б ("Глобус" супермаркети).

Булар аптасына жети күн бою саат 10.00дөн 19.00гө чейин иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0