Төрага Жумабековдун атка мине албай жаткан видеосу. Маалымат кызматы жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеские матчи по кокбору на ипподроме "Ак-Кула"
Товарищеские матчи по кокбору на ипподроме Ак-Кула - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармакка жайылып жаткан видео музыка менен коштолгон жана Жумабековдун атка минип жаткан кези көп ирет кайталанган. Себеби роликке монтаж колдонулган.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы төрага Дастан Жумабековдун атка мине албай жаткан видеосуна комментарий берди.

Франкфурт-на-Маяне. Төрага Жумабеков дагы тилинен жаңылды. Видео - Sputnik Кыргызстан
"Франкфурт-на-Маяне". Дастан Жумабеков тилинен жаңылды. Мурунку, кийинки видеолору
Видео социалдык тармактарга тарап жатат. Кадрдан ЖК төрагасы жанында турган адамдын жардамы менен атка мине албай койгонун көрүүгө болот. Экинчи жолку аракетинен кийин гана майнап чыккан.

Соцтармакка жайылып жаткан видео музыка менен коштолуп, Жумабековдун атка минип жаткан кези көп ирет кайталанган. Себеби роликке монтаж колдонулган.

Бул окуяга Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу комментарий берип, видеонун оригиналын жүктөдү.

"Төраганын атка мине албай калганы тууралуу бир ооз кеп. Бул окуя 2019-жылы 23-февралда журналисттер менен депутаттардын ортосундагы улак тартышта болгону чын. Социалдык тармактарга тарап кеткен кечээги видеону шайлоо жакындаганда жакшы монтаждалып, музыканын коштоосу менен кайра-кайра аттан кулагандай көрсөтүлгөн тамаша катары кабыл алдык. Төмөнкү шилтемеде монтаждалбаган версиясын дагы көрүп койсоңуз болот", — деди Нуракун уулу.

Ал ошондой эле "аттан кимдер гана кулабайт" деп жылмайган.

Жаңылыктар түрмөгү
0