Бишкектин жаңы конушунун биринин алдынан чыккан түтүн. Архивдик сүрөт

Абылгазиев Бишкектин экологиясын жакшыртуу программасын иштеп чыгууну тапшырды

77
(жаңыланган 13:15 30.01.2020)
Өкмөт башчы биринчи кезекте калктуу конуштарды газдаштыруу жана автоунааларды дагы газга өткөрүү иштерин активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги экологиялык кырдаалды жакшыртуу программасын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматта тармактык уюмдардын катышуусу менен Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөнү айтылат.

"Экологияны бузуп жаткан булактардын конкреттүү тизмесин аныкташ керек. Ал үчүн эксперттик жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүн, демилгелүү жарандарды тартуу кажет. Бул боюнча биринчи вице-премьердин жетекчилиги алдында координациялык штаб түзүлгөн. Ошондой эле борбор шаардагы экологиялык кырдаалды жакшыртуунун стратегиялык программасы иштелип чыккан. Өкмөт аны ишке ашыруу үчүн каражат табат", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы биринчи кезекте калктуу конуштарды газдаштыруу жана автоунааларды дагы газга өткөрүү иштерин активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Абылгазиев жарандар арасында экологиялык маданиятты пропагандалоо дагы маанилүү иштердин бир экенин кошумчалаган.

77
Белгилер:
программа, экология, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема боюнча
Өкмөт: Кытайдан эт жана жер-жемиш киргизүүгө тыюу салынды
Нур-Султанды кар басты. Казакстан борборунда 56 жыл мурдагы абал кайталанды