Кытайдан келген кыргызстандык тогуз студент ооруканага жаткырылды

© Sputnik / Алексей СухоруковОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку эки күндө Кытайдан Кыргызстанга 42 киши келип, учурда алардын тогузу ооруканада жатат. Аларда оорунун белгилери байкалган эмес, бирок дарыгердин көзөмөлүндө болууну туура көрүшкөн.

БИШКЕК, 30 янв — Sputnik. Кытайдан келген кыргызстандык тогуз студент ооруканага жаткырылганын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Студенттердин алтоосу Москва райондук ооруканада жатса, үчөө Сокулук районунун аймактык ооруканасында экендиги айтылды.

"Аларда оорунун белгилери байкалган жок, бирок өздөрү дарыгердин көзөмөлүндө болууну туура көрүштү. Абалдары канааттандырарлык. Тогуз студенттин баары Хубэйден эмес башка провинциялардан келишти. Учурда Кыргызстанда вирус жуктуруп алган бир да учур катталган жок", — дешти министрликтен.

Жалпысынан Кытайдан Кыргызстанга 28-29-январь күндөрү 42 киши келген. Анын 24ү кыргызстандык болсо, 18и Кытайдын жарандары. Тогуз студенттен башка 33 киши жашаган жериндеги медициналык мекеменин кароосунда болот деп үйлөрүнө жиберилген.

Ухань, чыда, кайрат кыл!. Кыргызстандык кыз вирус тараган жерден видео жөнөттү - Sputnik Кыргызстан
"Ухань, чыда, кайрат кыл!". Кыргызстандык кыз вирус тараган жерден видео жөнөттү
29-январда министрлик Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан коронавирус жугузуп алышы мүмкүн деп шектелген бейтаптарга кам көрүү боюнча сунуштарды алган. Инструкция боюнча бейтаптарга жашаган жеринен медициналык кароо жүргүзүү чечилген.

Ухань шаарынан келген бардык жарандар тогуз күндүк инкубациялык мезгил бүткөнгө чейин ооруканага жатары же аларга байкоо жүргүзүлөрү айтылды.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган.

Соңку маалыматтар боюнча, оорудан 170 адам каза тапты.

Коронавирус Кытайдан тышкары Түштүк Корея, Камбоджа, БАЭ, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия, Малайзия, Германия жана Шри-Ланкага жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0