ТИМ: кыргызстандыктарды Кытайдан алып келүү каралууда

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМ Кытайда жүргөн кыргызстандыктарга кайрылып, элчиликке дайын-дарегин жана уюлдук телефонунун номерлерин билдирип коюшун өтүндү.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен КРдин Кытайдагы элчилиги Ухань шаарындагы мекендештерди алып келүү маселесин карап жатат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Ошол эле учурда министрлик Кытайда коронавирус коркунучу жөнгө салынмайынча ал жакка барбай турууну сунуштайт", — деп айтылат маалыматта.

ТИМ Кытайда жүргөн кыргызстандыктардан дайын-дарегин жана телефон номерлерин билдирип коюуну өтүнөт.

Ухань, чыда, кайрат кыл!. Кыргызстандык кыз вирус тараган жерден видео жөнөттү - Sputnik Кыргызстан
"Ухань, чыда, кайрат кыл!". Кыргызстандык кыз вирус тараган жерден видео жөнөттү
Ошондой эле министрлик эл көп топтолгон жерлерге барбаганга, жергиликтүү бийликтин жана медициналык мекемелердин айткан кеңештерин сактоого чакырды.

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган.

Соңку маалыматтар боюнча, оорудан 170 адам каза тапты.

Коронавирус Кытайдан тышкары Түштүк Корея, Камбоджа, БАЭ, Япония, АКШ, Таиланд, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия, Малайзия, Германия жана Шри-Ланкага жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0