Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

SputnikPro: интервьюга чакыруу процесси канчалык маанилүү

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан радиосунун улуттук версиясынын редактору Айтурган Сатиева интервью алуудагы журналисттерге керектелчү сапаттар тууралуу айтып берди
Sputnik Кыргызстан радиосунун улуттук версиясынын редактору Айтурган Сатиева интервью алуудагы журналисттерге керектелчү сапаттар тууралуу айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан радиосунун улуттук версиясынын редактору Айтурган Сатиева интервью алуудагы журналисттерге керектелчү сапаттар тууралуу айтып берди.

Иш-чарага Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Эл аралык Кувейт жана Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттери катышты.

© Sputnik / Табылды КадырбековРедактор национальной версии радио Sputnik Кыргызстан Айтурган Сатиева во время мастер-класса в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан радиосунун улуттук версиясынын редактору Айтурган Сатиева интервью алуудагы журналисттерге керектелчү сапаттар тууралуу айтып берди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Sputnik Кыргызстан радиосунун улуттук версиясынын редактору Айтурган Сатиева интервью алуудагы журналисттерге керектелчү сапаттар тууралуу айтып берди
© Sputnik / Табылды КадырбековУчастники мастер-класса редактора национальной версии радио Sputnik Кыргызстан Айтурган Сатиевой
Иш-чарага Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Эл аралык Кувейт жана Кыргыз-түрк Манас университетинин студенттери катышты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Иш-чарага Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Эл аралык Кувейт жана Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттери катышты
© Sputnik / Табылды КадырбековУчастники мастер-класса редактора национальной версии радио Sputnik Кыргызстан Айтурган Сатиевой
Ал студенттерге интервью алуу үчүн макулдашуу учуру маанилүү экендигин айтып, буга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал студенттерге интервью алуу үчүн макулдашуу учуру маанилүү экендигин айтып, буга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
1/3
Sputnik Кыргызстан радиосунун улуттук версиясынын редактору Айтурган Сатиева интервью алуудагы журналисттерге керектелчү сапаттар тууралуу айтып берди
2/3
Иш-чарага Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Эл аралык Кувейт жана Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттери катышты
3/3
Ал студенттерге интервью алуу үчүн макулдашуу учуру маанилүү экендигин айтып, буга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Ал студенттерге интервью алуу үчүн макулдашуу учуру маанилүү экендигин айтып, буга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

"Чакырылып жаткан спикер баш тартып койбош үчүн айрым бир ыкмаларды колдонсо болот. Биринчиден, журналисттин маанайы бул сүйлөшүүдө чоң роль ойнойт. Эгер ал бүркөлгөн кабагы менен чалып жатса, телефондун аркы тарабындагы адамга маанайы сезилет. Албетте, сиздин үнүңүздү биринчи жолу угуп, сизди такыр тааныбаган адам үчүн бул жагымсыз. Ал оңой эле баш тартып коюшу мүмкүн", — деди Сатиева.

Радио алып баруучу ошону менен катар эле үндүн уккулуктуу, дикциянын так болушу интервьюга чакырып жаткан убакытта да керек экенин билдирди. "Паразиттик" сөздөрдү колдонуу менен интервью алчу адамды иренжитип алуу толук мүмкүндүгүн айткан журналист төмөнкүлөрдү кошумчалады.

Мастер класс SputnikPro. Журналист Таалайгуль Усенбаева  - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
SputnikPro: Усенбаева: коомго пайда алып келген журналист болуш керек
"Интервьюга макулдашууда пунктуалдуулук, тактык маанилүү. Эгер респондент кандайдыр бир себептерден улам сизди 30 мүнөттөн кийин чалууңузду суранса, демек журналисттин туура 30 мүнөт өткөн соң байланышканы туура. Беш мүнөт ары, беш мүнөт бери деген логика бул жерде таптакыр орунсуз", — деди ал.

Ошондой эле алып баруучу респондент менен макулдашып жатканда жөнөкөй, бирок ишенимдүү сүйлөшүү керектигин айтты.

"Интервьюга келчү адам тууралуу канча көп маалымат билсеңиз, ошончолук макулдашууга оңой болот. Сөзүңүздүн аягында анын сизге убакыт бөлгөнүнө ыраазычылык билдиргенди унутпаңыз. Мейли, ал сизге бул ирет интервью берүүдөн баш тартты. Бирок сиз жылуу коштошууңуз аркылуу ал адамды кийинки жолу эфирге сөзсүз келишине шарт түзөсүз", — деп белгиледи журналист.

Ал ушул эле ыкмаларды интервью алып жатканда да колдонуу керектигин билдирди.

Выпускающий редактор информационного агентства и радио Sputnik Кыргызстан Канышай Бешбаева - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Pro: маалыматты кантип так жана ыкчам жазуу керек
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0