Нейрохирург Абдыракман Дүйшөбаев

Айыгарын билбей өлмөкчү болуп... Өзгөчө операция жасаган нейрохирургдун маеги

7753
(жаңыланган 17:38 02.02.2020)
Абдыракман Дүйшөбаев онтоткон ооруга чыдабай жанын кыюуну чечкен бейтабынын колунан куралды кантип сууруп алышканын айтып берди. "Бирок операциядан кийин оорудан биротоло кутулду! Азыркыга чейин катышып турабыз" деп жылмаят нейрохирург.

Новосибирскиде иштеген "өзүбүздүн" доктурдун даңкы бүт Кыргызстанга тараган. Ал убакта нейрохирург Абдыракман Раманкуловичке көрүнүүгө республиканын булуң-бурчунан келишчү. "Кайсы бир убакта өлкөгө керек экенимди аңдадым да, үйгө кайттым", — дейт врач. 

Кандидат медицинских наук, член ассоциации нейрохирургов имери Федора Сербиненко Абдыракман Дуйшобаев
© Sputnik / Эркин Садыков
Нейрохирург Абдыракман Дүйшөбаев Россиядагы жумушун таштап, Кыргызстанда эмгек жолун улантып жатат

— Фильмдердегидей көчөдөн капысынан адамдын акыбалы начарлап, бирок Кудай жалгап жакын жерде жүргөн врач анын өмүрүн сактап калган учурлар турмушта кездешеби?

— Андай окуя менин тажрыйбамда болгон. Суусамырда конокто болчубуз. Кымыз ичип, койдун этин жеп жакшы отурган элек. Ошондогу окуяны түк унутпас болдум. Жанымда отурган мейман бир нерсени кобурап жатып эле капилеттен деми кыстыгып, көгөрүп чыкты.

Кекиртегине тамак тыгылып калганын түшүндүм. Кечиктирбестен бир нерсе кылуу керек эле, антпесе өтүп кетмек. Адегенде анын дем алышы үчүн кекиртегин тешип, түтүк киргизейин дегем, бирок колумда тийиштүү инструмент жок болуп калды.

Ошондо аны полго жаткырып, күч менен оозун ачып, эттин үзүмүн алып чыктым. Дароо дем ала баштады... Эсине келип: "Абдыракман, эми мен сага кой карызмын!" – дебеспи. "Эми сен мага бир эмес, көп кой карызсың!" — деп күлдүм.

— Уникалдуу операция жасаган жападан жалгыз врач эмессизби. Ушундан кеп салсаңыз.

— Үч ара нервдин невралгиясы деген оору бар. Бейтаптын үстүңкү жана астыңкы жаагынын бөлүгү, бети, тили, ээгинин алды, кээде көздөрү ооруйт. Аны эч бир оору басаңдатуучу дары менен да баса албайсың.

Мындай оорунун айынан адамдар өз өмүрүнө кол салууга чейин барышат. Мисалы, менин бир учкуч бейтабым бар эле. Ошол киши өзүн өлтүрүүгө аракет жасаган, бирок колунан куралын жулуп аман алып калышат. Өз өмүрүнө кол салууга барганчалык азап чеккен. Операция жасап, толук сакайттым! Азыр ал отставкада, алигүнчө доспуз.

Бул дарт боюнча дарыгерлердин көбү баш сөөктү тешүү менен операция жасашат, ал эми мен наркоз бербестен, баш сөөктү тешпестен, кичи инвазивдик хирургиялык операция жасадым. Кичинекей көзөнөк аркылуу зарыл бөлүккө жетип, үч ара нервдин залалдуу бутагын бүлдүрө алам. Бейтап бир нече сааттан соң үйүнө кайта алат. Менимче, акырындап кыргызстандык башка нейрохирургдар да ушундай операция жасоону өздөштүрүп кетишер. Жабдыктардын жана колдонулчу материалдардын кымбаттыгынан улам операция арзан эмес. 

Кыргызстанский нейрохирург Абдыракман Дуйшобаев в своем кабинете
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дүйшөбаев: бейтаптарды чет өлкөгө жөнөтпөстөн, бардык операцияларды өз жерибизде жасай алабыз

— Тилекке каршы, биздин өлкөдө каражаттын жоктугунан улам бейтаптардын бир тобу дарылануудан баш тартууда...

— Иш тажрыйбамда, тилекке каршы, кайгылуу бир учур болгон. Мага бир жаш кызды алып келишти. Мээ тамырларынын аневризмасы жарылып, мээсине кан куюлуп кетиптир. Аны айыктырдык, эсине келди, бирок бейтапка да, жакындарына да операция жасоо керектигин айттым.

Эгер операция өз убагында жасалбаса, анда эки апта аралыгында кайрадан жарылышы ыктымал эле. Статистика боюнча андайда бейтаптардын жарымы өтүп кетет, жашап кеткендери да оор майыптыкка кабылат.

Сан артериясы аркылуу катетер менен мээнин кан тамырларына чейин жетип, аневризманы "өчүрүп" коюу зарыл эле. Бир гана тоскоол: операциянын кымбаттыгы (жагдайга жараша 7-8 миң доллар жана андан жогору), анткени пайдаланылчу материалдардын баасы асман чапчыйт.

Бейтап операциядан баш тартты, үй-бүлөсүндө андай суммадагы акча жок өңдөнөт. Ал үйүнө кеткен, анан 20 күндөн кийин үйүндө дасторкон четинде отурганында жыгылыптыр. Жакындары ооруканага да жеткирүүгө үлгүрбөптүр...

— Эмнеликтен Россиядан кайра Кыргызстанга кайтууну чечтиңиз? Ал жакта мындай көйгөйлөр жок го, бейтаптарга мамлекет көмөк көрсөтөт.

— Менин бардык туугандарым, досторум мага ушул суроону узатышат. Ал жакта бир топ жыл өткөрүп, көптү үйрөнгөнүмө ыраазымын. Россияда менде баары бар эле, үй десем үй, астымда машина, дача, батир. Ошентсе да үйгө келдим, себеби мекениме куса болуп жүргөм.

Новосибирскиде иштеп турганымда деле мекендештер көп келишчү мага, Россияда жердеш доктур бар экенин билишчү. Заманбап техникалык жабдуу менен жабдылган нейрохирургияны өз мекенибизде уюштурууга эмнеге болбосун деген ой келди мага.

Дал ошондой болду. Оштогу жеке медициналык борбор менен сүйлөшүп, ошол ойду ишке ашырдык. Анан Бишкекке келдим. Эми бардык операцияларды чет өлкөгө жөнөбөстөн, өз жерибизде жасай алабыз. 

Кыргызстанский нейрохирург Абдыракман Дуйшобаев во время операции
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Медицина илимдеринин кандидаты буга чейин Новосибирскидеги ооруканалардын биринде эмгектенген

— Бирок кыргызстандыктар колунда барын сатып Израиль же Түркия өңдүү өлкөлөргө кетип жатышат го...

— Израилде бардык ооруларды дарылашат, бирок кандай гана хирургиялык операция болбосун, тобокелдик менен коштолот. Операция столунда бейтабын ажалдан арачалай албай калышы же дарттын күчөп кетиши дүйнөдөгү ар бир хирургдун башына келиши мүмкүн.

Баары бир четөлкөлүк доктордун колунан операция болгуңуз келсе, анда туугандар менен бирге ал жакка учкандан көрө Кыргызстанга чакыруу кыйла арзанга түшөт.

— Бирок айрым ооруларды, мисалы, мээ рагынан дүйнөнүн эч бир жеринде айыктыра алышпайт го.

— Ооба, ошондой жагы бар. Маселен, ошол эле глиобластома — мээнин жаман кеселдүү шишигинин агрессивдүү формасы. Аны дарылаш кыйын, бүт дүйнөдө азыркыга дейре илдет менен күрөшүү ыкмасын издеп келишет. Статистика боюнча андай бейтаптар 12 ай гана жашайт. Албетте, өмүрү беш жылга чейин узарган да учурлар жок эмес. 

Кыргызстанский нейрохирург Абдыракман Дуйшобаев в операционной
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Азыр нейрохирург уникалдуу операцияларды Бишкекте жасайт

— Жанна Фрискенин диагнозу да ушундай болсо керек эле...

— Ооба, ар ким чалдыгышы ыктымал бул ооруга.

— Эгер үмүт болбосо, анда эмнеге андай бейтаптардын дарыланышына акча чогултулат?

— Алардын өмүрүн узартуу жана бейтаптын абалын жеңилдетүү үчүн. Тилекке каршы, азырынча андай дарттын дабасы дүйнөнүн эч бир бурчунда табыла элек.

— Чет өлкөдө бир ирет врачка кайрылууга туура келген. Камсыздандыруу кагазын көрсөтмөйүнчө, сени менен эч ким сүйлөшпөйт да экен. Эгер ал болбосо, анда ири суммадагы акча төлөшүң керек!

— Чет жерде ушундай, медицина кымбат. Бизде врачтардын бейтаптарды акысыз карап, кеңеш бергенине көнүп алышкан. Азыр жеке клиникада иштейм, бирок баары бир көпчүлүк акы төлөбөстөн консультацияга келе беришет. Албетте, аларга да башкалардай эле жардам берем. Бизди, врачтарды, аларга милдеттүүдөй көрүп сүйлөшкөндөрү гана кейитет. 

Операционная комната Национального центра нейрохирургии в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстандык Дүйшөбаев Федор Сербиненко атындагы нейрохирургдар ассоциациясынын мүчөсү

— Өз небереңизди кыргызстандык жаш врачтарга ишенип дарылатар белеңиз?

— Эмнеге ишенбешим керек? Алар да ошончо жыл окушкан! Биздин жаш адистер боюнча күн мурунтан эле жаман ойдо болбош керек! Совет убагында эле биздин Медициналык институт союздагы мыкты окуу жай болуп саналган. Азыркы тапта Кыргызстандан чыккан доктурлар дүйнөнүн булуң-бурчунда эмгектенет, болгону алар өз өлкөсүнө гана керек эмес.

7753
Белгилер:
медицина, бейтап, оору, Кыргызстан, хирург, дарыгер
Тема боюнча
Өттөгү ташты операциясыз жок кылса болобу? Дарыгер Сыргаев менен маек
Өлкөнүн кайсы аймагы кандай дарыгерге муктаж? Статистика