2019-nCoV коронавирусун аныктай турган лабораториялык жабдуу

Россия КР жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө коронавирусту аныктаган жабдуу берди

260
(жаңыланган 15:53 03.02.2020)
Тест-система Роспотребнадзор Евразия аймагындагы коңшу мамлекеттерге жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү үчүн пайдаланылмакчы.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Россия кайтарымсыз негизде ЕАЭБ жана КМШга мүчө өлкөлөргө 2019-nCoV коронавирусун аныктай турган лабораториялык жабдууларды берди. Бул туурасында Роспотребнадзордун сайтында маалымдалган.

Учурда аталган вирус баш-аягы 25 өлкөнүн аймагында кездешкени белгилүү.

Маалыматта аталган жабдууну Биотехнология жана вирусология боюнча мамлекеттик илимий борбордун Федералдык бюджеттик "Вектор" мекемеси иштеп чыкканы айтылган.

"Роспотребнадзор Евразиялык экономикалык биримдикке жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн аймагына жаңы коронавирустун киришин жана тарап кетишин алдын алуу максатында кайтарымсыз негизде диагностика кылган лаборатория берди. Ал 2019-nCoV коронавирусунун бар же жок экендигин аныктай алат", — деп айтылат маалыматта.

1 жана 2-февралда ведомство Армения, Белоруссия, Казакстан жана Өзбекстанга россиялык өндүрүштөн чыккан жана 2019-nCoV вирусун аныктай турган тест-системаны берген. Эми анын Кыргызстан менен Тажикстанга алып келиши күтүлүүдө.

Тест-система Евразия аймагындагы коңшу мамлекеттерге жугуштуу оорулар менен күрөшүүдөгү мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу үчүн көмөк иретинде берилмекчи.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын кабарлаган. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган. Жакында ДСУ Кытайдагы вирус жараткан абалды эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп атады.

Коронавирус Кытайдан тышкары 25ке чукул мамлекетке жетип, 100дөн ашык адам вирусту жуктурган. Ал эми Кытайда оорудан 305 адам каза таап, 14 556га чукул киши ооруп жатат. Бейтапканадан айыгып чыккандардын саны — 340.

Кыргызстан көргөн чаралар

Ушу тапта бардык чек аралардагы көзөмөл-өткөрүү жайларында, Бишкек менен Ош шаарларындагы аэропорттордо санитардык-карантиндик көзөмөл жайлары иштеп, Кыргызстандын чек арасын кесип өткөн жарандар тиешелүү текшерүүдөн өтүп жатышат. Өкмөт кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттери убактылуу жабылып, аба каттамдары токтотулганын кабарлаган.

Өкмөт тарабынан коронавирустун өлкө аймагында жайылышын алдын алуу үчүн иш-чаралардын планы бекитилген. Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда бет кап жана вирустук инфекцияларга каршы дары-дармектер жетиштүү экендигин эскерткен.

Соңку маалыматтарга токтолсок, кечээ, 2-февралда, Кытайдын Ухань шаарынан кыргызстандык 18 студентти алып келишти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда алар Бишкектин четиндеги ооруканалардын биринде карантинде турушат.

260
Белгилер:
коронавирус, Ухань, Кытай, Кыргызстан, Россия
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1857)
Тема боюнча
Алгачкы жолу Кытайда эмес, башка өлкөдө коронавирустан адам өлдү
Бишкекке Ухандан кыргызстандык 18 студентти алып келишти
Караколдо тамтыгы чыккан имаратта рентгенге тартат

Караколдо тамтыгы чыккан имаратта рентгенге тартат. Дарыгердин түшүндүрмөсү

45
(жаңыланган 19:55 12.07.2020)
Эски үйгө окшош имаратта 1967-жылы чыгарылган рентген-томография иштетилет. Бул облус боюнча жападан жалгыз аппарат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Каракол шаардык кургак учук диспансеринин директору Жаңыл Акунова эмне себептен рентген-аппарат авариялык абалдагы имаратта жайгашканын айтып берди. Анын билдирүүсүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы жарыялады. 

Аварийное здание, где находится единственный рентген-аппарат в Караколе Иссык-Кульской области.
© Фото / Жаныбек Кожоев
Караколдо тамтыгы чыккан имаратта рентгенге тартат

Буга чейин социалдык тармактарда дубалдары көчкөн эски үйгө окшогон имаратта рентген тартып жатканы туурасында жазышкан.

Ысык-Атанын ооруканасында эртеден бери дарыгерлер жокпу? Министрликтин жообу

Акунова ал аппарат кургак учук менен ооруган бейтаптарга гана колдонула турганын жана жабдыктын иштөө убактысы чектелүү экенин билдирди.

“Бул 1967-жылы чыгарылган эски рентген-томограф, муну эчак эле колдонуудан чыгарыш керек болчу. Бирок облус боюнча бир эле ушул аппарат болгондуктан иштетүүгө туура келет. Учурда томографияга гана тартып жатабыз, рентген иштебей калды. Биз кургак учук менен ооруган бейтаптарды гана тейлейбиз. Бул аппаратты эч качан ордунан жылдырбаш керек, болбосо таптакыр эле  жарактан чыгып калат”, — деди дарыгер.

Ошондой эле ал каражаттын жоктугунан имарат оңдолбой турганын кошумчалады.

45
Белгилер:
оңдоо, дарыгер, имарат, рентген, Каракол
Тема боюнча
Көлдөгү кургак учукту дарылаган борбор COVID жуктургандарга берилеби? Расмий жооп
Ысык-Атанын ооруканасында жарык өчүп, аппараттагы бейтап көз жумду
№1 шаардык оорукананын медигинин кайрылуусу боюнча башкы дарыгер текшерилет
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кичи автобус

Кечээ Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кичи автобустун айдоочусу табылды

131
(жаңыланган 19:27 12.07.2020)
Кечээ, 11-июлда, каналда калкып турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаанын видеосу жарыяланган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Милиционерлер Кара жыгач токоюнда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кичи автобустун айдоочусун тапты. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 11-июлда, каналда калкып турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаанын видеосу жарыяланып, анын айдоочусу изделип жатканы айтылган

Талкаланыптыр! Бишкекте жеңил унаа тосмону сүзүп, чуңкурга түшүп кетти. Сүрөт, видео

Бүгүн автоунаа жана анын айдоочусу дагы табылды. Ал жол кырсыгынан эмес, кокустан сууга түшүп кеткени белгилүү болду.

"Кичи автобус Чоң Чүй каналынын чекесине токтотулган. Бирок анын кол менен тартылчу тормозу иштебей калып, машина каналга түшүп кеткен. Жабыркагандар жок", — деп билдирди Кайгуул милициясы.

Милиционерлер айдоочуга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

131
Белгилер:
айдоочу, Чоң Чүй каналы, Бишкек
Тема боюнча
Тез жардам унаасы Бишкектин чок ортосунда кырсыктан ала салды. Видео