Пара алууга шектелген Кара-Көл шаарынын судьясы кызматтан четтетилди

© Фото / пресс-служба ГКНБЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековду кармоо учуру
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековду кармоо учуру - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Судья Памирбек Ыманбеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана опузалап пара алуу беренелери боюнча шектелүүдө.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековду кызматтан убактылуу четтетүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов судьяга чара көрүү сунушу менен Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына кайрылган. Себеби Ыманбеков Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттары ("Опузалап пара алуу") каралган кылмыштарга шектелип, сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с Торага Жогорку Кенеша, Премьер-министром и Председателем Верховного суда стран - Sputnik Кыргызстан
Жогорку соттун төрайымы: өзүм да уялам, чын эле судьялардын кадыр-баркы төмөндөдү
Андан соң Тартип комиссиясы карап, Ыманбековду кызматтан убактылуу четтетүүгө жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушу менен мамлекет башчыга кайрылган.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Кара-Көл ШИИБдин жетекчисинин орун басары менен Памирбек Ыманбеков кылмыш ишине оң өкүм чыгаруу үчүн 100 миң пара талап кылганын билдирген. Мындан сырткары, шектүүнү эркинен ажыратпаган бөгөт чарасын тандоо үчүн судья 30 миң сом алганы айтылган.

Алар өткөн жылдын 30-октябрында сүйлөшүлгөн акчанын 20 миң сомун алып жатканда кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0