АКШ качан жана кандай шартта визалык чектөөнү алышы мүмкүн. Консулдун жообу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүФлаги США на здании посольства США
Флаги США на здании посольства США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Визалык чектөөлөр "кыргызстандыктардын паспорттору жетиштүү деңгээлде корголбойт" деген жүйө менен киргизилген.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстан коюлган шарттарды аткарса Дональд Трамптын "кара тизмесинен" алты айдан кийин чыгышы мүмкүн. Бул туурасында АКШнын КРдеги элчилигинин консулу Алисса Бибдин билдирүүсүндө айтылат.

Белгилей кетсек, 31-январда Вашингтон Кыргызстан, Эритрея, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзаниянын жарандарын АКШга кирүүсүн чектеген. Визалык чектөөлөр жарандардын өздүгүн аныктаган документтерин тыкыр текшерүүдө коопсуздук чараларынын чабалдыгы аныкталгандан кийин киргизилгени белгиленет.

Кечээ, 3-февралда, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Facebook баракчасында онлайн баарлашуу уюштурган. Анда дипөкүлчүлүктүн консулу Алисса Биб түзүлгөн жагдай боюнча кыргызстандыктардын суроолоруна жооп берген.

"Үй-бүлө мүчөлөрү Америкада жашагандар үчүн бир нече жеңилдиктер бар. Коюлган чектөөлөр көбүнчө визалык лотереянын жеңүүчүлөрүнө таасирин тийгизет. Визалык чектөөлөр күчүндө турган маалда алар АКШга бара албайт", — деди консул.

Нью-Йорктогу Эркиндик айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баарына тиешелүү эмес! Элчилик АКШга кирүүгө коюлган чектөөгө түшүндүрмө берди
Ал ошондой эле АКШнын тиешелүү органдары жарым жыл сайын тизмени кайра карап чыгып, талапка жооп бербеген өлкөлөрдү киргизерин белгилеген.

"Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтып, башка критерийлерди дагы аткарышын каалайт элек. Себеби бул тизме ар алты ай сайын кайра каралып турат", — деди консул.

Кыргызстандыктардын грин-карт 2021 (DV-2021) лотереясына жөнөткөн табыштамасы эмне болот жана кайсы учурда виза алууга жеңилдик берилет деген суроолорго бул материалдан жооп ала аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0