Прокуратура Курсан Асановго Жеңиш Разаковду каралаган деген айып такты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаИчки иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асанов жана өкүл баласы "Разаковду оор кылмыш жасоого күнөөлөп, жалган маалымат таратты" деп күнөөлөнүүдө.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго дагы бир айып тагылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Асанов жана анын өкүл баласы, "Чындык" гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков вице-премьер Жеңиш Разаковду каралаган деп шектелүүдө. Тагыраак айтканда, алар "Разаковду оор жана өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлөп, жалган маалымат таратты" деп айыпталууда.

Бейшенбековду 20-январда Аскер прокуратурасы сурактан кийин кармаган, бирок баш коргоо чарасын тандаган сот аны үй камагына чыгарган.

Заместитель МВД КР Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
Курсан Асановдун жубайы кайсы иш боюнча суракка чакырылып жатканы айтылды
Эске салсак, Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган. Ага карата кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.

Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда далил болчу буюмдарды жана маанилүү документтерди тергөө органдарынан жаап-жашырган деп айыпталууда. Мындан сырткары, министрге баш ийбей, өз алдынча чечим кабыл алган, атайын даярдыктагы аскерди мыйзамсыз түрдө айдоочу кылып дайындаган деген күнөө коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0