БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык кызматтардагы бош орундарга сынак жарыялаганын билдирди.
Ага ылайык, төмөнкү кызматтар бош:
- төртүнчү саясий департаменттин Түштүк Азия бөлүмүнүн биринчи катчысы;
- алтынчы саясий департаменттин инвестиция, экспорт жана туризм бөлүмүнүн биринчи катчысы;
- иш кагаздарын жүргүзүү жана электрондук документтер менен камсыздоо департаментинин кеңсесинин башкы адиси;
- иш кагаздарын жүргүзүү жана электрондук документтер менен камсыздоо департаментинин архивинин башкы адиси;
- төртүнчү саясий департаменттин Жакынкы Чыгыш жана Африка бөлүмүнүн атташеси;
- консулдук кызмат департаментинин чет өлкөлөрдөгү жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн атташеси;
- эл аралык укуктук департаментинин ар тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн атташеси;
- иш кагаздарын жүргүзүү жана электрондук документтер менен камсыздоо департаментинин көзөмөл бөлүмүнүн атташеси;
- ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси;
- ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси.
Документтер ушул жылдын 17-февралына чейин кабыл алынат. Кызматка орношуунун шарт-талабы тууралуу ТИМдин сайтынан кененирээк таанышууга болот.