БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, маянаны эсептөөнү автоматташтыруу үчүн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерия кызматкерлеринин биринчи тобун окутуу башталды.
"Жаңы система эмгек акыны кол менен эсептөөнү токтотуп, процессти жеңилдетет. Маянага каралган каражаттын максаттуу жумшалышын камсыздап, финансылык тартип бузуунун төмөндөшүнө шарт түзөт. Ошондой эле негизсиз маяна алган учурларды ачыкка чыгарууга жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачат. Мындан тышкары, текшерүү органдары айткан кемчиликтер жоюлуп, ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат", — деп айтылат маалыматта.
Министр Каныбек Исаков окутууга келгендерди аткарып жаткан жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана кызматкерлер менен мамилени жакшыртууга чакырган.
"Эсепчилердин мугалимдерге жасаган мамилеси боюнча нааразычылыктар бар. Биз азыр министрликтин кызматкерлеринен баштап жарандар менен мамилени жакшыртуунун аракетиндебиз. Министрликтин педагогдордун коомдогу беделин көтөрүүгө багытталган демилгесин сиздер да улап, сылык-сыпаа кызмат көрсөтүүнү жакшыртууңуздарды талап кылабыз", — деген министр.
Он күндүн ичинде бардык облустун эсепчилерин үйрөтүү мерчемделген. Анын соңунда райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн бухгалтериясына жалпы 55 компьютер тапшырылат.
Бул система 2019-жылдын ноябрь айынан баштап Ысык-Ата, Түп райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өткөнү айтылды.
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнү автоматташтыруу Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында аткарылып жатканы белгиленди.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. УКМК мамлекеттик кызматтан жетекчилик орун убада кылып, пара алып жаткан шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Шектүү башкаларды президентке жана УКМК башчысына жакын киши экенин айтып ишендирген.
“Кармалган адам президент жана УКМК башчысы менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, А.Б.А. аттуу жаранды 15 миң долларга мамлекеттик кызматтагы жетекчи орунга дайындоону убада кылган. Бул үчүн андан алдын ала 1 000 доллар аванс алган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголду.
УКМК ушундай көрүнүшкө туш келгендерди же күбө болгондорду (0312) 66-00-20 жана (0312) 66-04-75 телефон номерлери аркылуу билдирүүнү өтүнөт.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын канайымы Айгүл Жапарова “Үмүт — Надежда” реабилитациялык борборуна барды. Анын борборго баргандагы сүрөтү “Тумар” бийчилер тобунун Instagram баракчасына чыккан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Анда Жапарова мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек-бечкек бергени айтылат.
Айгүл Жапарова акыркы жолу жолдошунун инаугурациясында коомчулук алдына чыккан.
Канайым тууралуу кенен маалыматты Sputnik топтогон фактылардан окусаңыз болот.