Медиктер чет өлкөдөн келген 347 кишини көзөмөлгө алды. Себеби эмнеде?

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-февралга карата маалымат боюнча, Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктурган адам жок. Тиешелүү ооруканалар илдеттин белгиси пайда болгондорду кабыл алууга толугу менен даяр, алар үчүн 280 орун камдалган.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Чет өлкөдөн келген 347 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушуна ылайык, күмөн санаткан өлкөлөрдөн келгендердин баары толук текшерүүдөн өтүшү шарт. Аларды дарыгерлер оору жуктурган жок деп тапкан күндө дагы кийин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун көзөмөлүндө турушу керек.

Футбол. Тренировка ФК Порто - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстандын клубу Кыргызстандагы оюнга коронавирустан кооптонуп келбей койду
Мындан улам азыр стационардык көзөмөлдө 52, жашаган жери боюнча медиктердин кароосунда 295 киши турат. Баарынын абалы туруктуу.

5-февралга карата маалымат боюнча, Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктурган адам жок. Тиешелүү ооруканалар илдеттин белгиси пайда болгондорду кабыл алууга толугу менен даяр, алар үчүн 280 орун камдалган. Медициналык персонал окуудан өткөн.

Эпидемиологиялык кырдаал түзүлгөн өлкөлөрдөн келгендер текшерүүдөн өтүп жатат. Кытайдан КРВИ жана грипп белгилери менен келгендер ооруканада өзүнчө бөлүмдө дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0