Аскар Акаевдин улуу баласы Айдардын Москвада көз жумганы кабарланды

© AFP / TALANT SHABIYEVКыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2005-жылы 24-мартта атасы бийликтен кеткенден кийин Айдар Акаев Москва шаарында ишкерлик менен алектенип жүргөнү айтылчу.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Москва шаарында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев көз жумду. Бул тууралуу үй-бүлөнүн жакындары билдирүүдө.

Сын первого президента Кыргызстана Айдар Акаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Назарбаевге күйөө бала болгон. Айдар Акаев тууралуу 7 факты
Алдын ала маалыматтарга караганда, 44 жаштагы Айдар Акаевдин жүрөгү кармап каза тапкан.

Айдар Акаев Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулдарынын улуусу. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы болчу.

2005-жылы 24-мартта атасы бийликтен кеткенден кийин Айдар Акаев Москва шаарында ишкерлик менен алектенип жүргөнү айтылып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0