Сын первого президента Кыргызстана Айдар Акаев. Архивное фото

Нурсултан Назарбаевге күйөө бала болгон. Айдар Акаев тууралуу 7 факты

33313
(жаңыланган 11:26 06.02.2020)
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев 5-февраль күнү Москва шаарында көз жумду. Жакындары анын жүрөгү токтоп калганын айтып жатат.

Акаев бийликте турганда улуу кызы Бермет Акаева менен уулу Айдар Акаев  депутаттык мандатка ээ болушкан.

Кийин атасы бийликтен кеткенде үй-бүлө Москва шаарына көчүп, Айдар ошол жакта ишкерлик менен алектенген.

Sputnik Кыргызстан Айдар Акаев тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

© Sputnik / Борис Бабанов
76 жаштагы Аскар Акаев менен Майрам Акаеванын төрт баласы бар. Алар Бермет, Айдар, Саадат жана Илим.

Ленинградда төрөлгөн

Айдар Акаев 1976-жылы 20-февралда Ленинград шаарында төрөлгөн. Агезде ата-энеси аталган шаарда билим алып, иштеп жүргөн.

Билими

1998-жылы АКШдагы Мэриленд университетинин менеджмент жана бизнес факультетин бүтүргөн. Андан кийин эмгек жолун "Казкоммерцбанк" компаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүндө баштаган.

Назарбаевдин күйөө баласы болгон

© AFP 2020 / STR / RTR POOL
Айдар Акаев Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алияга үйлөнгөн. Бирок жубайлар үч жылдан кийин эки ача жолго түшүшкөн.

1998-жылдын 18-июлунда Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алияга үйлөнгөн. Бирок 2001-жылы жубайлардын ажырашып кеткени белгилүү. Буга бир нече себептер айтылган, арасында жаштардын мүнөздөрүнүн туура келбей калышы жана Айдардын Казакстанда жашоого макул болбогону да бар.

Экинчи жубайы

Сын первого президента Кыргызстана Айдар Акаев с супругой Сайкал на выборах в Бишкеке. 27 февраля 2005 года
© AFP 2020 / VYACHESLAV OSELEDKO
Айдар Акаев 44 жашта болчу. Ал 1976-жылы 20-февралда Ленинград шаарында жарыкка келген.

Экинчи жубайы (айрым ЖМКлар үчүнчү деп да жазып жүрүшөт) Сайкал Чокубаева экөө эки баланын ата-энеси. Ал актер Ашыр Чокубаевдин кызы, турмушка чыкканча НБТ телеканалында алып баруучу болуп иштечү.

Кызматтары

Айдар атасы бийликте турган убакта Улуттук олимпиада комитетин жетектеген. Баса, ал финансы министринин кеңешчиси дагы болгон. Айдар ал кезде болгону 25 жашта болчу.

Сын первого президента Кыргызстана Айдар Акаев дает присягу в парламенте. 22 марта 2005 года
© AFP 2020 / TALANT SHABIYEV
Айдар Акаев 2005-жылы парламенттик шайлоодон утуп чыгып, Кемин округунан депутат болгон. Бирок март айында бийлик алмашып, ал катышкан шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Депутаттык мандаты

2005-жылы январда парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Бирок 2005-жылдын март айында өлкөдө бийлик алмашып, экс-президенттин уулу катышкан шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Кылмыш иштери

2005-жылы 24-мартта атасы бийликтен кеткендин кийин үй-бүлө мүчөлөрүнө ар кандай беренелер менен айып коюлган. Айдар Акаевдин үстүнөн төрт кылмыш иши козголуп, келтирген зыяны 3 миллион долларга бааланган. Анын күнөөсү дагы 11 иш боюнча аныкталган. Башкы прокуратура үй-бүлө мүчөлөрүнүн кээсин камакка алуу чечимин чыгарса, Айдар Акаевге жана эжеси Берметтин мурдагы жолдошу Адил Тойгонбаевге, ошондой эле башка туугандарына эл аралык издөө жарыялаган.

 

33313
Белгилер:
өлүм, факты, Айдар Акаев, Аскар Акаев
Тема боюнча
Аскар Акаевдин иниси Кубан Акаев каза болду
Акаев Айдар Аскарович — өмүр баяны
Аскар Акаевдин улуу баласы Айдардын Москвада көз жумганы кабарланды
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

61
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

61
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео
Парктагы кишилер

Ишембиге карата аба ырайы

61
(жаңыланган 22:26 27.11.2020)
28-ноябрда жана 29-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Талас өрөөнүндө -4...+1 градуска жетсе, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -3...+2, Ысык-Көл ойдуңунда 1...6, Нарын жергесинде -4...+1 градусту көрсөтүп турат.

Ош жана Бишкек шаарларында абанын башы 0...+2 градуска жетет.

61
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жол тайгакта айдоочулар эсинен чыгарбай турчу 6 эреже
Шашылыш билдирүү! Дем алыш күндөрү кар жаайт