Министрлик: Баткенге Кытайдан келген жарандар коронавирус жуктурган эмес

Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ушул тапта өлкө аймагында коронавируска кабылгандар жок. Ал эми сөз болуп жаткан эки киши Кытайдан Тажикстан аркылуу келишкен экен.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облустук ооруканасына эки жаран коронавируска шектелип жаткырылды деген маалыматты төгүндөдү.

Ведомстводон билдиришкендей, ушул тапта өлкө аймагында коронавируска кабылгандар жок. Ал эми сөз болуп жаткан эки киши Кытайдан Тажикстан аркылуу келишкен экен.

Медициналык маска кийген аэропорттогу кыз - Sputnik Кыргызстан
Алып келебиз. ТИМ Кытайдагы кыргызстандыктардын байланышка чыгуусун өтүндү
Санитардык-карантиндик пунктунун кызматкерлери Кытайдан келгендерди Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген тартиптердин негизинде медициналык мекемеге көзөмөлдөп туруу үчүн алып келишкен. Азыр алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Жарандардан вирусту аныктоо үчүн анализдер алынган, анын жыйынтыгы менен атайын комиссия аларды мындан аркы көзөмөлдөө боюнча чечим кабыл алат.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустан 563 адам көз жумду. Ал эми жуктуруп алгандардын саны 28 018ге жетти, сакайып кеткендер — 1 153.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0