Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Бензинди кем куйган жайлар. Тергөө кандай иштерди аткарып жатат

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май куйуучу жай. Архив
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын жай айларында Sputnik Кыргызстан агенттиги Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте иликтөө жасаган. Анда Бишкек менен Чүйдөгү май куйган жайлар бензинди жетишсиз куяры аныкталган.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Финполдун кызматкерлери бензинди жетишсиз куюу боюнча иликтөөдө айтылган Бишкек менен Чүйдөгү май куюучу жайлардын өкүлдөрүн суракка алды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын борбордук аппаратынын өкүлү Айбек Мамбетов билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Финполдун бензинди жетишсиз куюу боюнча ири иликтөөсү" аттуу маалымат жыйынга катышты.

Анын айтымына караганда, иликтөөнүн жыйынтыгы азырынча чыга элек.

"Анын алкагында ошол күнү жумушта болгон май куюучу жайлардын операторлору суракка алынды. Тийиштүү тергөө амалдарын жүргүздүк. Бардык май куйган жайларда салык боюнча текшерүүлөр болуп жатат. Анын алкагында айдоочуларга келтирилген чыгым аныкталат. Ошонун негизинде гана иликтөөнүн натыйжасы чыгат", — деди Мамбетов.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте сатылган бензиндин сапаты кандай? Иликтөө
Ал ошондой эле тергөөнүн алкагында күнөөлүүлөр аныкталса, баары жоопко тартыларын кошумчалады.

Эске салсак, өткөн жылдын жай айларында Sputnik Кыргызстан агенттиги Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте иликтөө жасаган. Жыйынтыгында Чүй менен Бишкектеги май куйган жайлар бензинди жетишсиз куяры аныкталып, сапаты боюнча дагы маселе жаралган. Финпол "Алдамчылык" беренеси боюнча иш козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0