Ош шаарынын өнүгүүсүнө салым кошкон мыкты мекемелер сыйланды. Тизме

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшЦеремония вручения лучших пресс-служб Оша
Церемония вручения лучших пресс-служб Оша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаада өз ишин татыктуу алып барган жергиликтүү органдар жана билим берүү мекемелери мэриянын сыйлыгына көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Ош шаарында билим берүү, курулуш, укук коргоо жана маданият тармагына өзгөчө салым кошкондор сыйланды. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 6-февралда, Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп өттү. Ага вице-премьер Жеңиш Разаков, мэр Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын башчылары, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана мектеп директорлору катышкан.

Жыйындын соңунда эң мыкты мекемелерге Ош шаарынын мэриясынын диплому жана 10 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды.

Мыкты аталган мекемелердин тизмеси:

  • Ош шаардык ички иштер башкармалыгы;
  • Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы;
  • Финансы министрлигинин Ош башкармалыгы;
  • Ош муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасы;
  • "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ош филиалы;
  • Ош шаардык маданият башкармалыгы;
  • Кыргыз-Өзбек университети;
  • №32 Жолон Мамытов атындагы орто мектеби;
  • "Жибек" балдар бакчасы;
  • №4 "Манас Ата" муниципалдык аймактык башкармалыгы;
  • "Ош шаардык мамлекеттик залалсыздандыруу бекет" мекемеси.

Ал эми Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен Капиталдык курулуш башкармалыгы жана "Ош шаардык жолдор" муниципалдык ишканасы сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0