Интернеттен жигит болуп таанышып, жолукканда кызды бычактаган аялга өкүм чыкты

Жазылуу
Айыпталуучу кызды 33 жолу бычак менен сайып, 25 миң сомдук уюлдук телефонун, 28 миң сом акчасын жана үч миң сомдук сумкасын алып кеткен.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бир балалуу 32 жаштагы келин кызганычтын айынан жаш кызга 33 жолу бычак сайган. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Жууркан-төшөктөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто ажырашкан кызынын себин алып кеткен энеге соттун өкүмү чыкты
Өкүмгө ылайык, соттолуучу "Бакыт" деген ат менен Instagram-аккаунт ачып жаш кыз менен таанышып, андан соң жолугушууга чакырган. Бишкектин көчөлөрүнүн биринин кесилишинде түн ортосунда кезигип, жабырлануучуга бычак менен кол салган. Ал качууга аракет кылган, бирок айыпталуучу ага жетип барып 33 жолу бычак менен сайып өлтүргөн. Келин жасаган кылмышын жашыруу максатында 25 миң сомдук уюлдук телефонун, 28 миң сом акчасын жана үч миң сомдук сумкасын алып кеткен.

Териштирүү маалында айыпталуучу мындай кадамга кызганычтын айынан баргандыгы ачыкталган. Сот отурумунда каза болгон кыз шектүү келиндин жолдошу менен ажырашып, бир кызы менен жалгыз калуусуна себепчи болгондугу айтылган.

Соттук-медициналык экспертиза маркумдун мойнуна, төшүнө учтуу нерсе сайылып көз жумгандыгын тастыктаган.

Фемида өкүлдөрү аялды камакка калтырып, ишти кайра кароого жөнөттү. Буга чейин ал райондук сот тарабынан 12,5 жылга эркинен ажыратылып, 156 миң сом төлөмөр болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0