Министрлик Румыния жана Латвияда акысыз билим алчуларга сынак жарыялады

© Sputnik / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Румыния
Страны мира. Румыния - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Румынияда окууну каалагандар документтерин 16-мартка чейин, ал эми Латвияда акысыз билим алгысы келгендер 1-апрелге чейин тапшырышы керек.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Латвия жана Румыния өлкөлөрүндө билим алам дегендерге сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Румыния быйыл 85 гранттык орун бөлгөн.

"Ага Европа биримдигинен башка бардык мамлекеттин жарандары катыша алат. Акысыз орундар магистратура, аспирантура жана докторантурада окуй тургандарга берилген. Аталган мамлекетте окууну каалагандар документтерин 16-мартка чейин тапшырышы керек", — деп жазылат маалыматта.

Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индия менен Кытай кыргызстандыктарга акысыз окууга 19 орун берди
Латвияда да акысыз орундар магистратура, аспирантура жана докторантурада окуй тургандарга берилген. Андан тышкары, илим изилдөө мекемелеринин же жогорку окуу жайлардын кызматкерлери үчүн илимий же илим изилдөө иштерин жүргүзүү, студент жана профессордук-окутуучулар курамы үчүн жайкы мектеп программалары дагы бар. Латвияда окуу латыш тилинде жүрөт. Бул жакка документтер 2020-жылдын 1-апрелине чейин кабыл алынары айтылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Латвия 2016-жылы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшкан.

Сынактын шарт-талабы менен кененирээк министрликтин сайтынан таанышсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0