Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Экотехинспекция бензиндин сапатын бир гана учурда текшере алат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСертификации топлива на АЗС в Казани
Сертификации топлива на АЗС в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунайдын сапатына күкүрт, суу, бензол, жыттуу көмүртектер, спирт, эфирдин болушу сыяктуу бир нече критерийлер таасир этет.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Учурда Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция бензиндин сапатын пландан тышкары арыз түшсө гана текшере алат. Бул туурасында аталган инспекциянын Метрологиялык көзөмөл боюнча башкармалыгынын башкы инспектору Төрөбай Жукушев айтып берди. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЭкология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Метрологиялык көзөмөл боюнча башкармалыгынын башкы инспектору Төрөбай Жукушев
Экотехинспекция бензиндин сапатын бир гана учурда текшере алат - Sputnik Кыргызстан
Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Метрологиялык көзөмөл боюнча башкармалыгынын башкы инспектору Төрөбай Жукушев

 

Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Финполдун бензинди жетишсиз куюу боюнча ири иликтөөсү" аттуу маалымат жыйынга катышкан.

Инспектор ишкердик субъектилерин арыздын негизинде гана текшерүүгө 2019-жылы жарыяланган мораторий себеп болгондугун айтты.

"Былтыр ушул тыюу күчүнө кирип, эгер кандайдыр бир даттануу түшпөсө, юридикалык же жеке жактар сатып жаткан бензиндин сапатын текшере албай калганбыз. Учурда Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция арыз түшсө гана пландан тышкаркы текшерүү жүргүзө алат", — деди ал.

Жукушевдин билдиришинче, эгерде арыз түшсө, инспекция капыстан текшерүү жүргүзүүнү Экономика министрлиги менен макулдашат.

Ал былтыркы жылдын август айынан тарта Кыргызстанда Бажы союзунун техникалык регламент иштерин, анда бензинге, дизелдик күйүүчү майга өзүнчө талап коюлгандыгын айтты.

"Регламентте бензиндин кандай талаптарга жооп бериши айтылган. Эгерде текшерүү учурунда мунай зат коюлган талаптарга жооп бербесе, аларга айып жана кемчиликти оңдоо боюнча эскертүү берилет", — деди ал.

Эске салсак, Sputnik Кыргызстан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен биргеликте жасалган иликтөөнү жарыялаган. Анын жыйынтыгында Чүй менен Бишкектеги май куюучу бекеттер майды жеткире куйбагандыгы жана анын сапаты начар экени аныкталган.

Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бензинди кем куйган жайлар. Тергөө кандай иштерди аткарып жатат
Мунайдын сапатына күкүрт, суу, бензол, аромат көмүртектер, спирт, эфирдин болушу сыяктуу бир нече критерийлер таасир этери айтылды.

Экспертиза тарабынан алардын ичинен бир эле жайда көрсөткүчтөр талапка жооп берери аныкталган.

Маалымат жыйында Финполдун өкүлдөрү тергөөнүн кайсы этапта экендигин жана кыргызстандыктар иликтөө жыйынтыгын жакында биле тургандыгын айтты. Аны менен катар Метрология жана стандартташтыруу борборунун өкүлү май куйган автобекеттерди мыйзам чегинде иштөөгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0