Бактылуу болду бекен махабаттан... Асанкалый Керимбаев тууралуу 7 факт

© flickr.com / SqueezeboxАккордеон. Архивное фото
Аккордеон. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү обончу, аткаруучу Асанкалый Керимбаев 70 жашка толмок. Өзүнүн таланты менен калың журтка таанылган залкар 21 жыл мурун бул дүйнөдөн кайткан.

Ондогон мыкты обондорду жараткан инсанды Sputnik Кыргызстан агенттиги эскерип, өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Атасынан эрте ажыраган. Асанкалый Керимбаев 1950-жылы 7-февралда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Иринжит айылында жарык дүйнөгө келген. Ал атактуу Керимбай болуштун небереси эле. Чоң атасы совет бийлиги тарабынан куугунтукталып, мал-мүлкү тартып алынган. Ал эми өз атасы Сибирге айдалып, ал жактагы түрмөдө 10 жыл жатып келип көз жумган. Ошентип эки айлык Асанкалый атасыз өскөн.

Комузчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ашыгы Акмырзаны ханга тарттырып ийген. Токтогул ырчы тууралуу 7 факт
Өзбекстанда чоңойгон. Турмушуна байланыштуу болочоктогу композитор Өзбекстанда жашап, ал жакта кой кайтарып, мектепте окуп, 11 жашында Токтогулдагы туугандарына көчүп келген. Ыр-күүгө жакын өспүрүм мектепте 5-класста окуп жүргөндө аккордеонду үйрөнүп, акын Какен Алмазбековдун "Кайдасың" ырына обон жазып чыгармачылыкка кадам таштаган. 17 жашында эле Токтогул райондук элдик театрында артист болуп иштей баштаган.

ЖОЖду тогуз жылда аяктаган. Кийин борбор калаага замандашы Түгөлбай Казаков менен келип Мамлекеттик искусство институтуна тапшырган. Ортодо аскерге кетип, келгенден кийин кайра окуп институтту тогуз жылда аяктаган. Андан соң Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, филармонияда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясында эмгектенген.

Сөзгө маани берген обончу. Керимбаев өзүнүн жазган обондорунун ыр саптарына өзгөчө көңүл буруп, китепкөй болгон. Ал Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев, Эсенгул Ибраев, Омор Султанов, Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүркановдун чыгармаларынан мыкты ырларды таап, аларга обон жазган. 80-жылдардын башында калың элдин купулуна толгон обондорду жаратып, ошол кезеңде чыгармачылыгы оргуштап турган мезгил эле. Анын ырларын коңшу казакстандык ырчылар да аткарган.

Таланттардын устаты. Асанкалый Керимбаевди кесиптештери угармандарга жөнөкөй жана түшүнүктүү мыкты обондорду жараткандыгын эскерет. Анын "Муңдашым Мунар кайдасың", "Кусалык", "Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат", "Сулуулар", "Ак булуттар", "Бактылуу болгум келет махабаттан" өңдүү чыгармалары азыркыга чейин эл оозунан түшпөй ырдалып келет. Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты жашоосунда Сыймык Бейшекеев, Элмирбек Иманалиев, Майрамбек Осмоновго жол көрсөтүп, айрымдарынын устаты болгон. Обончу шакирттерине "жараткан чыгарманы он жылдан кийин да сыймыктануу менен угуу керек" деп эскертип турган.

Интервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым - Sputnik Кыргызстан
Назарбаевдин сый-урматын көргөн. Эл акыны Элмирбек Иманалиев тууралуу 8 факты
Үйгө эптеп жеткен үй-бүлө. Асанкалый Керимбаев тамашакөй, ак көңүл жан болгону айтылат. Адамгерчилиги бийик инсан кошоматчылыкты жактырбай, кемчиликти бетке айтчу. Обончу эки ирет үйлөнгөн. Замандаштарынын айтымында, биринчи келинчегинен балалуу боло алган эмес, андан сырткары, экөө анча тил табыша алган эмес. Экинчи никесинен үч уулдуу болгон. Бир баласы Жаннат учурда Москвада актёр, сценарист болуп иштеп келсе, дагы бир уулу Бишкекте чыгармачылык менен алектенет. Ортончу баласы каза болуп калган.

Кыргыз Республикасынын эл артисти борбор калаада көпкө чейин үйлүү боло албай жүрүп, турак жайга араң жеткени айтылат. Студент кезинде эле кант диабети менен жабыркап, кан басымы жогорулап кетчү экен. 1999-жылы 10-декабрда ден соолугу начарлап, 49 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0