Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Бакыт Толканов ЖМК өкүлдөрү президенттик жана өкмөттүк пулдарда кантип иштей турганын студенттерге айтып берди

SputnikPro: президент менен премьердин ишин кантип чагылдыруу керек

199
Бийлик башындагылардын ишмердүүлүгүн чагылдыруунун сырлары боюнча журналист Бакыт Толканов студенттерге айтып берди.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Бакыт Толканов ЖМК өкүлдөрү президенттик жана өкмөттүк пулдарда кантип иштей турганын студенттерге айтып берди.

  • Журналист Sputnik Кыргызстан Бакыт Толканов рассказал студентам, как сотрудники СМИ работают в президентском и правительственном пулах
    Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Бакыт Толканов ЖМК өкүлдөрү президенттик жана өкмөттүк пулдарда кантип иштей турганын студенттерге айтып берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Студенты на мастер-классе журналиста Sputnik Кыргызстан Бакыта Толканова
    Иш-чарага Кыргыз улуттук университетиндеги журналистика факультетинин студенттери катышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Студенты на мастер-классе журналиста Sputnik Кыргызстан Бакыта Толканова
    "Спикердин сөзүн туура эмес мааниде жазып албаш үчүн ойду бир жерге топтоп, өзгөчө көңүл буруу керек. Бул журналистиканын бардык багыттарына тиешелүү. Президент менен премьер катышкан иш-чараларды чагылдыруу — чоң жоопкерчилик. Мында жөнөкөй эрежелерди сактоо ката кетирүүдөн оолак кылат", — деди Толканов.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Журналист Sputnik Кыргызстан Бакыт Толканов рассказал студентам, как сотрудники СМИ работают в президентском и правительственном пулах
    Ал ошондой эле Бийлик башындагылардын чет өлкөдөгү сапарларын чагылдыруудагы өзгөчөлүктөр боюнча кеп козгоду.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Бакыт Толканов ЖМК өкүлдөрү президенттик жана өкмөттүк пулдарда кантип иштей турганын студенттерге айтып берди

Иш-чарага Кыргыз улуттук университетиндеги журналистика факультетинин студенттери катышты.

"Спикердин сөзүн туура эмес мааниде жазып албаш үчүн ойду бир жерге топтоп, өзгөчө көңүл буруу керек. Бул журналистиканын бардык багыттарына тиешелүү. Президент менен премьер катышкан иш-чараларды чагылдыруу — чоң жоопкерчилик. Мында жөнөкөй эрежелерди сактоо ката кетирүүдөн оолак кылат", — деди Толканов.

Ал ошондой эле Бийлик башындагылардын чет өлкөдөгү сапарларын чагылдыруудагы өзгөчөлүктөр боюнча кеп козгоду.

"Көпчүлүк учурда болгон жаңылыктардын бардыгын жөнөтүүгө убакыт болбой калат. Буга байланыштуу приоритеттүү маалыматтарды тандап алууну билиш керек. Мисалы, эл аралык күн тартиби боюнча маанилүү билдирүүлөр жасалса же өлкө ичинде кызуу талкуу жараткан маселелер каралса, биринчи ошо тууралуу жазган оң", — деди журналист.

SputnikPro —  өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

199
Белгилер:
премьер-министр, президент, SputnikPro
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кыргыз аскер кызматкери

Лейлекте чек арада жүргөн тажик аскерлери боюнча милиция түшүндүрмө берди

402
(жаңыланган 00:11 08.05.2021)
Милициянын айтымында, бул маалыматтар тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам текшерилген. Кырдаал туруктуу. Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Лейлек районунун Арка айылына тажик чек ара аскерлери келди деген маалымат боюнча облустук милиция билдирүү таратты.

Бүгүн түштөн кийин социалдык тармактарда “Арка айылына тажик аскерлери кайра келе баштады...” деген видеолор тараган. Анда чек арага жакын жерде автомат асынган эки аскер турганын көрүүгө болот.

Милициянын айтымында, бул маалыматтар тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам текшерилген.

“Бүгүн мамлекеттик чек ара аймагынын Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка-1 аймагында тажик тарап чек ара кезметин коюуга аракет кылган. Кыргызстандын чек арачылары тез арада буга чара көрүп, мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында чек ара кезметин алуу талабын койгон. Тажик тарап ошол эле замат бул талапты аткарган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Саат 23.15ке карата берилген маалымат боюнча, Лейлек районунун Арка, Достук, Борбордук, Жаштык, Максат, Интернационал, Саада, Кулунду, Эски-Оочу айылдарында коомдук жана ыкчам кырдаал туруктуу. Коомдук коопсуздук ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Милиция тараткан маалыматта, азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында ар бир мамлекеттик органдар өз милдеттеринин алкагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатканы айтылды.

402
Белгилер:
Дамира Юсупова, кыргыз-тажик чек арасы, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Лейлектеги бир катар жолдорду оңдоо жана куруу иштери башталды
Ташиев: бир дагы метр жерибизди бербейбиз, Ворухка коридор ачылбайт
Рух-Ордо комплекси. Архив

Ташкул Керексизов дүйнө салды

216
(жаңыланган 21:36 07.05.2021)
Керексизов Бишкектеги ооруканада дарыланып жаткан. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Коомдук ишмер, айтылуу "Рух-Ордо" комплексинин негиздөөчүсү Ташкул Керексизов 73 жашында каза болду. Кабарды маркумдун жакындары тастыктады.

Керексизов Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланып жаткан.

Ташкул Керексизов 1948-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, жогорку билимге ээ болгон. Райондук акимчиликтеги кызматкерден тартып президенттин кеңешчисине чейин жеткен. Талас облусунун губернатору, Мамлекеттик мүлк фондунун, Бажы кызматынын башчысы кызматтарын аркалаган.

Маркумдун сөөгү 9-майда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

216
Белгилер:
Ташкул Керексизов, илдет, оору, өлүм
Тема боюнча
Футболдук союз чек арада көз жумган футзалчы Султанбектин жакындарына көңүл айтты
Кумтөр алтын кени. Архив

Сот "Кумтөр" компаниясын мамлекетке 262 млрд. сом төлөөгө милдеттендирди

78
(жаңыланган 00:20 08.05.2021)
Жергиликтүү тургундар чет өлкөлүк компания экологияга зыян келтирди деген доомат менен сотко кайрылган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Сот "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын Кумтөр кенин иштетүүдөн чыккан калдыктарды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө жыйып келгенин мыйзамсыз деп тапкан. Дээрлик 262 миллиард сомго жеткен негизги суммадан тышкары сот компаниядан 1 миллиард 308 миллион 653 миң 370 сом мамлекеттик алым өндүрүүнү чечкен.

Маалыматта ишкананын үстүнөн сотко Ысык-Көлдүн тургундары арызданганы айтылат. Жергиликтүү жашоочулар "Кумтөр Голд Компани" Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузду деп даттанган. Мөңгүлөргө чыгарылган 1 миллиард 200 миллион тонна калдыктан 183 миллион куб муз талкаланганы белгиленди.

Доого жыгылган тарап 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрылса болот.

78
Белгилер:
токтом, чечим, сот, айып, компания, Кумтөр
Тема боюнча
"Кумтөрдү" Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия текшермей болду
Үч милдет бар. Президент Жапаров экономика кандай реформаланарын айтты