Кыргыз-казак чегинде турган чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

© AFP / MLADEN ANTONOVЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын аймактык полиция департаментинин маалыматына ылайык, аталган окуялар боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда абалдын курчушунан улам Кыргызстандын чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, Токмокко жакын жайгашкан Сортөбе жана Масанчи айылдарында чыр чыгып, массалык мушташ болгону айтылган. Маалыматта окуя болгон жерлерге полиция тартылып, абал жөнгө салынганы белгиленген болчу.

“Кыргыз-казак чек арасында кырдаал туруктуу. Өткөрүү бекеттери менен чек арачылар күчөтүлгөн тартипке өттү”, — деп айтылат билдирүүдө.

Казакстандын аймактык полиция департаментинин маалыматына ылайык, аталган окуялар боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0