БШКнын төрайымы Россиядагы мекендештерге парламенттик шайлоо боюнча маалымат берди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПредседатель ЦК по выборам и проведению референдумов КР Нуржан Шайлдабекова
Председатель ЦК по выборам и проведению референдумов КР Нуржан Шайлдабекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ аймагындагы КР жарандарына ушул жылдын 4-октябрына пландалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө маалымат берилди.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Москва шаары менен Москва облусундагы кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков  - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Шайлдабекованы кабыл алып, алдыдагы шайлоо тууралуу сүйлөштү
Билдирүүгө ылайык, аталган иш-чарага Кыргызстандын элчиси Аликбек Жекшенкулов, Тышкы иштер министрлигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү, Россиядагы КРдин Ички иштер министрлиги менен Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүктөрүнүн жана элчиликтин адистери катышкан.

Анда РФ аймагындагы КР жарандарына ушул жылдын 4-октябрына пландалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого көрүлүп жаткан даярдыктар жана шайлоо мыйзамындагы өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берилген.

Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова чет жактагы мекендештердин суроолоруна дагы жооп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0