Паратхэквондо менен машыккан Нишан Жээналиева

Крокодил тиштеп кеткен десем ишенишчү. Бишкектик өзгөчө айымдын маеги

516
Бир убактарда Нишан Жээналиева өз күчүнө анча ишене бербеген жан болчу, колу-бутунда манжалары жок болуп, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген эле. Ушул тапта ал паратхэквондо боюнча эл аралык мелдештерге катышып келет, жакында жеке бизнесин түптөдү.

Эки жыл мурун Нишан машыгууга келет. Машыктыруучу андан "бутуңду чеч" деп өтүнгөндө ыйлап сала жаздаганын эстейт... Ал эми азыр Нишан тхэквондо күч бергенин, өзүндө ишеним жаратканын айтып, турмуштагы эң чоң жеңиши катары уулун атайт.

— Өзүңүз тууралуу билсек.

— 3-класска чейин Чалдыбарда окудум. Совет убагында ал жакта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жападан жалгыз атайын мектеп-интернат бар эле. СССР ыдыраган соң мектепти каржылай албай калышты, ошондо үчүнчү класста болчумун. Бардык балдарды ата-энелер алып кетишти, апам мени Бишкектеги атайын интернатка берди. Бирок кишинин көптүгүнөн таптакыр көнө албай койдум. Ошондо ата-энем батирибизди сатып, айылга көчүүнү чечти. Ал жакта мен кадимки мектепте окуй баштадым.

— Классташтарыңыз сизге кандай мамиле кылышчу эле?

— Жакшы. Айланамдагылар мага жаман мамиле жасаган жок. Балдардын өзгөчө көз карашын эс тартып калган кезде байкадым. Адатта чоң кишилер жанында мүмкүнчүлүгү чектелген адамды көрсө, эч үндөбөй өтүп кетишет эмеспи. Ал эми балдар оюндагысын бүт айтат.

Негизинен наристелер гана машыккан менчик балет студиясында төрт жыл администратор болуп иштедим. Улам жаңы келгендердин реакциясы ар кандай болчу — кээ бири таң калчу, кай бири коркчу, айрымдар суроолорун жаадырчу. Андайда мен тамашалап, манжаларымды крокодил жеп кеткен деп койчумун. Балдар аябай таң калып: "Оу! Сиз Африкага бардыңыз беле?" — деп сурашат. Баса, кээде чоңдор деле ишенип алышчу, анан гана тамаша экенин түшүнүшчү. 

Кинорежиссер Нишана Жээналиева во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Нишан тхэквондо күч бергенин, өзүндө ишеним жаратканын айтып, турмуштагы эң чоң жеңиши катары уулун атайт

— Спортко кандайча аралашып калдыңыз?

— Курбум телефон чалып паратхэквондого кандай карай турганымды сурап калды. Кызыга түштүм, анан бир көрөйүнчү дедим. Азия жана Иорданиядагы Ачык чемпионатка катышып келүүгө үлгүрдүм, эми токтотпойм.

Эл аралык мелдештер жөнүндөгү кабар мени ар кандай сезимдерге бөлөдү: кубаныч, жоопкерчилик, жеңишке умтулуу, анан утулуп, ыйладым. Спортто кээде утуларыңды да түшүнүү керек эмеспи, негедир мен дароо эле жеңишти самап алсам керек, ошол мага чоң сабак болду. Бирок машыктыруучум Азиз Боталиев мага ишенгенин туюп турам. Балким, муну айтканым өзүмчүлдүк болор, бирок үмүт болбосо, ал башка параспортчуну издемек да.

— Машыктыруучу сизди аяп, эркиңизге коюп койбойбу?

— Жок. Ал мага анын ишеничин актаганымды, жаш баладай артымдан убара тарттырбай турганымды айтты. Менимче,  бизди коом көбүрөөк чектейби деп ойлоп калдым. Паратхэквондо мага күч берди. Мурда мен өз күчүмө ишенбеген, ойлорум менен баарын чектеп койгон адам элем. Мисалы, машыгуу маалында жылаңайлак жүрүш керек. Ал эми менин колдорум эле эмес, буттарымда да мандем бар. Машыктыруучу:

"Байпагыңды чеч" дегенде дендароо болуп, ыйлап жибергем. Мурда мен көл жээгинде да жылаңайлак жүргөн эмесмин, ал эми залда толтура майда балдар, спортчулар... Ошондо машыктыруучу: "Эгер залда жылаңайлак жүрө албасаң, мелдештерге кантип чыгасың?!" – деп катуу айтты.

Анан ал: "Же азыр байпагыңды чечесиң, биз машыга баштайбыз. Болбосо, азыртан кол куушуруп, токтотосуң", — деп шарт койду. Улантам деп чечтим.

Жакшы жыйынтыктарга жетип, медаль тагынуу үчүн машыгууга көбүрөөк убакыт бөлгүм келет. Бирок жоопкерчилиги менин мойнумда болгон апам менен балам бар. Уулум былтыр мектепке барды, ошондуктан иштөөгө тийишмин. Эгер биз жалгыз пенсиябызга гана таяна турган болсок, жашаш кыйын. Апам 5 миң сом, мен болгону 4 миң сом пенсия алам. Убакытты жумушка, машыгууга жана бала тарбиялоого бөлүшкө аргасызмын. 

Предприниматель из Кыргызстана занимающаяся паратхэквондо паратхэквондо
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бир убактарда Нишан Жээналиева өз күчүнө анча ишене бербеген жан болчу, колу-бутунда манжалары жок болуп, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген эле

— Уулуңуз да спорт менен машыгабы?

— Менден кийин ал да тхэквондо менен машыга баштады. Ашкере кыймылдуу, ошондуктан машыгууга келгенде бүт энергиясын сарптайт. Жакшы жыйынтыктарды жаратат деп үмүт артам. Машыктыруучудан анын канчалык жөндөмдүү экенин кайра-кайра сурай берем. Бирок уулум али кичине, эгер кийин да тхэквондо менен машыгууну уланткысы келсе, колдобой койбойм. Азыр машыгуудан калып калса аябай санаага батат.

— Кай бир адам спорт менен ден соолугу, айрымдары ырахат алуу үчүн машыгат. Ал эми сиз медаль тагынууну самайт экенсиз.

— Өмүрүм текке кетпегенин өзүмө далилдегим келет. Уулум, элим мени менен сыймыктанса, өзүм өзүмө ыраазы болсом дейм. Андан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелген көп адамдар жашоого нааразы болуп, айрымдары өз өмүрүн кыюуга чейин барат. Андай адамдар өздөрүнө: "Нишандын колунан келди, демек, менин да күчүм жетет" – дегендей болушун каалайт элем. Адам максатын жүзөгө ашырууга аттанганда күчү топтолот. Мага ал жөн эле медаль болбойт. Ал медаль жоопкерчилик артат.

— Маекке чакырарда машыктыруучуңуз сизди жеке иш баштаганыңыздан кеп салган.

— Россиядан кол менен чиймеленген идиш-аяк соода түйүнүн Бишкектин ири борборлорунун биринде ачтым. Ар бир сатылган идиштен кийин кардарлардын достору жана туугандары келишет. Бирок башта өз күчүмө көп ишене алчу эмесмин. Паратхэквондо менде ошол ишенимди ойготту, анан билек түрө кириштим. Көрсө, өзүңө өзүң ишенишиң гана керек экен, анан сөзсүз баары ишке ашчудай. Көңүлүңө жаккан иш менен алектенсең, киреше да келет, жашоо да жакшыра түшөт.

Айлыктан айлыкка чейин күтүп жашабай жеке ишимди ачуу боюнча мурдатан эле ойлорум бар эле. Мындан тышкары, тхэквондо мелдештерине акча керек. Акысыз машыгабыз, форма да сатып албайбыз. Бирок мелдештерге барарда бардык каалгаларды каккылоого аргасыз болобуз. Эгер 10 эшикти каккыласак, бирөө гана ачат. Кыргызстанда эл аралык деңгээлде өлкөнү тааныта турган спортчуга колдоо көрсөтүү керек деген түшүнүк жок. Адатта: "Адегенде ийгиликке жетиш, анан биз каржылык жактан жардам беребиз", – дешет. Эгер бул тескерисинче болсо, кыргызстандыктар көп жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшмөк. 

Предприниматель из Кыргызстана занимающаяся паратхэквондо паратхэквондо
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ушул тапта Жээналиева паратхэквондо боюнча эл аралык мелдештерге катышып келет, жакында жеке бизнесин түптөдү

— Эгер сизден эң чоң жетишкендигиңизди айтыңыз десе, эмнени атамаксыз?

— Уулумду. Сенин жолуңду улаган бирөө болгону керемет да. Аны менен аябай сыймыктанам. Көкүрөк кере: "Мына менин апам" деп сыймыктанышы үчүн ага үлгү болгум келет. Менин утулганымда ал: "Апа, эч нерсе эмес, биз чогуу барабыз, анан чогуу утуп келебиз", – деди. Менден кыйла улуу мүмкүнчүлүгү чектелген бир таанышым бар. Ал бир жолу: "Бала төрөп алууга батынбадым. Сен эр экенсиң", – деген. Сонун жана дени сак бир уулум бар деп сыймык менен айта алам. Уулум — менин чоң жеңишим.

Буга чейин маек курган Айдана майыптарга жалооруп кароонун кереги жок деген пикирде. Окуп көрүңүз.

516
Белгилер:
бизнес, акча, мелдеш, машыгуу, крокодил, майып
Тема боюнча
Паралимпиадачы Эсен Калиев: тагдыр экен, уулумду жалгыз тарбиялайм
Дүйнө чемпиону Жолдошбеков: сыртка чыкканда чучук, кукси салып алабыз
COVID-19 вируска каршы дары таблеткалары. Архив

Россияда коронавируска каршы вакцина кийинки жумада чыгып, акысыз берилет

82
(жаңыланган 23:52 05.06.2020)
Бул —  коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экени айтылат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Коронавируска каршы "Авифавир" препараты Россияда Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында бекер берилет. Бул тууралуу Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев президент Владимир Путин менен жолукканда айтканын Кремлдин сайты маалымдады.

Дмитриев "Авифавир" коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экенин билдирген.

"Ал 11-июндан тарта Россиянын клиникаларына келип түшөт. Ал россиялыктарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча бекер берилет", — деп айткан Дмитриев.

Маалыматта мындай вакцинадан жылына 700 миң даана чыгаруу пландалганын, бирок суроо-талап көп болуп, башка 10 өлкөдөн да сурам келип жатканын белгилеген. Мындан улам санын эки миллионго чейин жеткирүү пландалган.

82
Белгилер:
Россия, дарылоо, вакцина, коронавирус
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Россия: коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина баарына жарай бербейт
Коронавируска каршы Япония чыгарган вакцина июлда сынактан өтөт
Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Тилек-Автодорожный өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын кезеги

Алишеров: казак тарап өздөрү чек арада көйгөй жаратып жатканын моюндады

73
(жаңыланган 00:05 06.06.2020)
Казакстанга кирүү май айынын соңунан тарта кыйындап, бул мезгилде чек арада 300-400 фура кезекте туруп калууда. Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров Казакстандын Кыргызстан боюнча жасаган билдирүүсү таң калычтуу болуп жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Казакстандын өкүлү чынында эле казак тарап чек арада көйгөй жаратып жатканына ынанышты. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди. 

Белгилей кетсек, Казакстанга кирүү май айынын соңунан тарта кыйындай баштаган. Өкмөттөн 300-400 фура кезекте турганын айтышкан. Мындан улам Sputnik Кыргызстан жеринен репортаж жасаган.

Кечээ, 4-июнда, вице-премьер Эркин Асрандиев чек арага барып, абалды оор деп баалаган. Ал эми бүгүн Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети чек арада жүк ташуучу автоунаалардын узак кезекке туруп калышын Бишкектин кырдаалды курчутуу аракети катары сыпаттаган. Алишеровдун айтымында, эки өлкөнүн вице-премьерлеринин тапшырмасы менен 3-июнда “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрмө бекетинде жолугуу болгон. Анда КРдин экономика министри, Чек ара кызматынын төрагасы коңшу Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиси менен абалды талкуулаган.

“Сүйлөшүүлөр үч саатка созулду, автоунаалардын өтүүсү боюнча хронометраж көрсөтүлдү. Кыргыз тараптан ар бир жүк ташуучу унааны текшерүүгө орто эсеп менен 12-15 мүнөт керектелет. Ал айдоочуну паспорттук көзөмөлдөн өткөрүүдөн, андан аркы текшерүү үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң жүк ташуучу Кыргызстандын аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби дагы татаал эмес. Ал эми казак тараптан бардыгы жай жүргүзүлүп, 20-23 мүнөт кармалууда. Бул процедурага казак тараптан коюлган талаптар жана барьерлер кошулган эмес. Карап турсак, кыргыз тарапка 61 фура кирди, ошол эле убакта Казакстанга болгону 21 автоунаа өткөрүлдү. Бул үч эсе аз киргизип жатканын түшүндүрөт”,  — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал жолугушуу саат 14.00дө башталып, бирок казак тарап өзү жакты мониторинг жүргүзүүгө 16.00дө гана уруксат бергенин белгиледи. 

Кыргыз-казак чек арасындагы Акжол көзөмөл-өткөрүү пункту. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
“Казакстандын өкүлдөрү эки саатта чынында жүк ташуучулар канчалык жай өтүп жатканын өз көзү менен көрүп, маселе аларда экенин моюндашты. Коңшу өлкөнүн Мамлекеттик кирешелер комитетинин “аткезчилик болууда” деген билдирүүсү боюнча айтарым, кыргыз-кытай чек арасы эки айдан ашык убакыттан бери жабык, ал жактан товар келбейт. Ошентсе да кыргыз-казак чек арасындагы барьерлер дагы деле жоюла элек. Казакстанга бараткан 300-400дөй машина кезекте турат, ал эми биз жакка келе жаткан 60тай автоунаа бар. Коңшу өлкөнүн жасалма түрдө ушундай кырдаал жаратып, автоунааларды өткөрбөй жатканына көзүбүз жетти”, — деп белгиледи Алишеров.

Мындан сырткары ал Казакстандын билдирүүсүнө таң калып жатканын айтат. Ал эми 9-июнда өтө турган ЕЭКтин коллегиясында абалды жөнгө салууга акыркы чечим кабыл алынып, Казакстанга чек араны тез арада ачууну айтарына ишеним артты.

73
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, жүк ташуучулар, ЕЭК, "Актилек" көзөмөл өткөрүү жайы, чек ара, Кыргызстан, Казакстан
Тема боюнча
Кыргыз-кытай чек арасы жүк ташуу үчүн ачылды