Айдар Акаев. Архивдик сүрөт

Айдар Акаевдин сөөгү Москвада жерге берилди

1011
(жаңыланган 23:35 08.02.2020)
Экс-президенттин уулу үч күн мурда жүрөгү кармап көз жумган. Бүгүн анын сөөгү Троекуров көрүстөнүндө жерге берилди.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бүгүн, 8-февралда, Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин сөөгү Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө жерге берилди.

Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына жакындары жана туугандары катышты.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги Айдар Акаевге топурак салууга Кыргызстандан кимдер барарын сураштырган

Экс-президенттин уулу Айдар Акаев 2020-жылдын 5-февралында эртең менен көз жумган.

1011
Белгилер:
Аскар Акаев, Москва, Айдар Акаев
Тема боюнча
Аскар Акаевдин иниси Кубан Акаев каза болду
Нурсултан Назарбаевге күйөө бала болгон. Айдар Акаев тууралуу 7 факты
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

61
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

61
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео
Парктагы кишилер

Ишембиге карата аба ырайы

61
(жаңыланган 22:26 27.11.2020)
28-ноябрда жана 29-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Талас өрөөнүндө -4...+1 градуска жетсе, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -3...+2, Ысык-Көл ойдуңунда 1...6, Нарын жергесинде -4...+1 градусту көрсөтүп турат.

Ош жана Бишкек шаарларында абанын башы 0...+2 градуска жетет.

61
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жол тайгакта айдоочулар эсинен чыгарбай турчу 6 эреже
Шашылыш билдирүү! Дем алыш күндөрү кар жаайт