Карьерам кыйрады. Жалгыз мени кетиришти... Кыргызстандык ишкердин баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековПредприниматель Данияр Мамбетов
Предприниматель Данияр Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иштен айдалган соң кеңсе кызматкери Данияр Мамбетов Бишкектен ылайыктуу жумуш таба алган жок. Бирок эки баланын атасы белин бекем бууп, жеке ишин ачкан.

Кеңсе кызматкери болуп көпкө иштеген Данияр Мамбетов күтүүсүздөн жумуштан кетип, каражатсыз калган. Бирок ал кол куушуруп отуруп калбады. Азыр Данияр кичинекей кыргызстандыктарга программалоону үйрөтөт.

— Өзүңүз жөнүндө кеп салсаңыз.

— 32 жаштамын, Бишкекте бюджеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам бир топ жылдан бери мектепте дене тарбия мугалими, апам ооруканада кадрлар бөлүмүн жетектейт. Үйүбүздө акча тартыш болгондуктан, кичине чагымдан бери эле акча табыштын амалын издечүбүз.

8-класста окуп жүргөнүмдө апам иштеген ооруканада кашааны сырдап акча тапкам. Жыты каңылжаарды жарган кара олиф менен бир айда сырдап бүтүп, тапкан 1000 сомго ошол убакта укмуш мода болуп жаткан чолок шым менен кооз, көк Adidas сандал сатып алгам.

Аларды кийген соң бут кийим сапаттуу жана кымбат болушу керек экен деген бир бүтүмгө келгем. Ошол күндөн бери фирмалык гана кроссовка сатып алууга тырышам.

© Sputnik / Табылды КадырбековДанияр Мамбетов: “Дордой” базарынан товар алып, анан үймө-үй кыдырып сатчубуз. Натыйжада ошол тажрыйба мага көп жардам берди: дал ошондо мен сатуу ишине такшалдым.
Карьерам кыйрады. Жалгыз мени кетиришти... Кыргызстандык ишкердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Данияр Мамбетов: “Дордой” базарынан товар алып, анан үймө-үй кыдырып сатчубуз. Натыйжада ошол тажрыйба мага көп жардам берди: дал ошондо мен сатуу ишине такшалдым.

— Программист болууга Кыргызстанда бул кесиптин келечекте маянасы жогору болорун эч ким туя элек кезде киришипсиз. Кантип?

— Ошол убакта Counter Strike деген оюнга кызыгып кеткем. Компьютердик клубдан чыкпай калгам, бирок көп өтпөй оюндан жадап, алымсынбай бараттым. Оюн үчүн гана клубга барбастан, администратордун ишмердигине кызыктым. Акырындап компьютерди өздөштүрө баштадым.

Андан кийин Кыргызстан эл аралык университетине программисттикке тапшырып, эки жылча гана окудум. Себеби досум экөөбүз бизнес ачып, электрдик массажер сата баштадык. Аларды “Дордой” базарынан алып, анан үймө-үй кыдырып сатчубуз. Натыйжада ошол тажрыйба мага көп жардам берди: дал ошондо мен сатуу ишине такшалдым.

— Колго тийгендин баарын сата бериш керекпи?

— Кружканы алалы. Байыркы заманда ойлоп табылган мыкты карападан жасалганын сатып алуучуга түшүндүрөсүң. Кара түсүн караңыз. Аны жылуулукту сактап турсун деп кара өңгө атайын боешкон. Негизи эле бул кружка азыр акция менен арзан сатылууда, бир нече күндөн кийин азыркыдан он эсе кымбат турат. Баса, сиздин коңшуларыңыз эбак мындан үчтү — экөөнү өздөрүнө, бирөөнү Германиядагы таякесине алышты.

Ноутбукта иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ыплас иш, бирок акысы жакшы. Фейк аккаунттар кантип иштээри тууралуу ачык кеп
...Акчабыз ашып-ташкан убак, университетке мен, дагы эки досум дээрлик келбейбиз. Таңкы тамакты, түшкү жана кечки тамакты да кафеде ичебиз, ал эми кечкисин бильярд ойнойбуз. Бирок анын баары тез эле соңуна чыкты. Соода токтоп калды, мурункудай кызыгуубуз да жок, окуудан айдалдык. "Балдар, биз силердин сессияңарды бүтүрөбүз, бирок силердей сабакка келбес студенттердин кереги жок бизге", – деп эле түз айтышкан. Ошентип биз Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Экономика жана менеджмент эл аралык институтуна которулдук.

Ошол жактан чындап окууга кириштим. Акчаны туш келди чачпоо керектигин ошондо түшүндүм! Уюлдук компаниялардын биринин байланыш борборуна оператор болуп орноштум.

— Сиздей дымагы күч адамга анчалык ылайык иш эмес экен го...

— Ал компания ошол убакта рынокту багындырып, шаарда анын көчө-жарнактары жайнай түшкөн. Дароо эле ала калды дейсизби! Болгон күчүм менен тырыштым, акыры төрт ай дегенде барып такшалма жумушчудан адиске айландым.

Абдан кызыккам! Ишке эс алууга чыкканда деле келе берчүмүн, башка операторлордун кезметине да чыкчумун. Айына 30 миң сомго чейин тапчумун. Ишим жүрүшүп, улам кызматым жогорулай берди... Баса, дал ошол жактан бактымды таптым. Мына 10 жыл болду баш кошконубузга, эки балабыз бар.

— Эмнеге чыгып кеттиңиз ал ишканадан?

— Бүт бөлүмдөн жалгыз мен кыскартылдым. Анда кызматкерлердин ишинин сапатын көзөмөлдөгөн бөлүмдө иштечү элем. Департаменттин жетекчилик кызматына документтеримди тапшыргам, биринчи айлампадан оңой эле өтүп кеттим. Ал эми экинчисинде керектүү жакта тааныш-билиши бар киши менен таймашып калдым. Менимче, ошол жетекчилик орунга аттанганым үчүн мени кыскартышты окшойт. Ошентсе да жашоомдогу ошол мезгил үчүн ыраазымын. Ири ишкана кандай иштеши керектигин көрдүм.

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер: Жашаш керек эле, анан мага балдарга программалоону үйрөтүүнү сунуштап калышты. Университетте окугандарымды эстедим, жөндөмүмдү бир аз такшалттым да мектеп ачууга кириштим.
Карьерам кыйрады. Жалгыз мени кетиришти... Кыргызстандык ишкердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Ишкер: Жашаш керек эле, анан мага балдарга программалоону үйрөтүүнү сунуштап калышты. Университетте окугандарымды эстедим, жөндөмүмдү бир аз такшалттым да мектеп ачууга кириштим.

— Карьераңыз заматта кыйрагандай болгон тура...

— Ооба, ошондой эле болду. Бөлөк уюлдук компаниялардан орун табылган жок. Жашаш керек эле, анан мага балдарга программалоону үйрөтүүнү сунуштап калышты. Университетте окугандарымды эстедим, жөндөмүмдү бир аз такшалттым да мектеп ачууга кириштим.

Башында эле туура эмес баштапмын, кеңсе ижаралап, компьютер сатып алып, компания ачууга көп акча жумшап коюптурмун. Баары даяр, бирок кардар жок! Алгачкы үч айда ижара акысын жөн эле төлөдүм. Дагы акча салыш керек болду, машинамды саттым. Баса, ошол акчамды алигүнчө чыгара албай жүрөм, атамдын автоунаасын айдап жүрөм. Уят эле...

— Мектептен кийин университетке тапшырып эле үйрөнүп алса болот да, курс ачыштын кажети барбы?

Кыргызстандыкн ишкер Мирлан Акжигитов - Sputnik Кыргызстан
Үй куруп АКШ рыногуна киргени жатабыз. 5 компания ачкан айылдык жигиттин маеги
— Маалымат технологиялары жаатында биздеги билим берүү кескин түрдө өзгөрүүгө муктаж! Мектептерди алалы. Информатика сабагында балдарга браузерди ачып же Wordдо текст терүүнү үйрөтүп кереги не? Алар аны ансыз да билет эмеспи. Окуучуларга программалоо анчалык татаал эмес экенин көрсөтүү үчүн практикалык сабак өтүүгө эмнеге болбосун? Ишенип коюңуздар, мунун оорчулугу деле жок, анан калса, азыр бул үчүн акысыз булактар толтура.

Жогорку окуу жайларды айтсак, азыркы студенттерди дале бир топ жыл мурунку программалар менен окутушат.

— Программисттикти эң баштан окуп, аздыр-көптүр акча табууга канча убакыт талап кылынат?

— Баары адамдын өзүнө жараша. Мен иштеп кеткен уюлдук компаниянын маркетинг бөлүмүндө көп жыл иштеген бир таанышым бар. Иштеп жүрүп эле курска барып, жети айдан кийин IT тармагынан иш таап кетти. Жумуштан капилет кетип же ишинен чарчап кеткен киши үчүн бул эң жакшы вариант. Кыска эле мезгилде жаңы кесипти өздөштүрүүгө болот. Курска барыштын да кажети жок, азыр YouTube каналында бул боюнча үйрөткөн видеолор жайнайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековДанияр Мамбетов: Кыргызстанды абдан жакшы көрөм. Боорукер, эр жүрөк жана шайыр калкыбыз бар. Алардын бош убактысы кененирээк болсо дейм. Адегенде өзүбүздүкүлөргө көмөктөшүп, андан соң чет өлкөгө иштесек болот.
Карьерам кыйрады. Жалгыз мени кетиришти... Кыргызстандык ишкердин баяны - Sputnik Кыргызстан
Данияр Мамбетов: Кыргызстанды абдан жакшы көрөм. Боорукер, эр жүрөк жана шайыр калкыбыз бар. Алардын бош убактысы кененирээк болсо дейм. Адегенде өзүбүздүкүлөргө көмөктөшүп, андан соң чет өлкөгө иштесек болот.

— Балдарын сиздин мектепке берген ата-энелер көппү?

— Талап күч, азыр биздин үч филиалыбыз иштеп жатат. Албетте, алардын баары жык толду деп айтышка болбойт. Бир топто эң көп дегенде жети киши, сабак аптасына эки сааттан өткөрүлөт.
Негизи бизде курстар керектөөчүгө багытталган, бизнес процесстер дайым талданып жана жакшыртылып турган сапаттуу тейлөөсү бар иш катары каралбайт. Кептин баары ушунда. Баары советтик үлгүдөгү мамлекет каржылоочу ийримдерге көнүп алышкан, ал эми аларда ата-энелерге, балдарга да кандай мамиле кылары белгилүү да... Ошол себептен биздин курстардын акысы жогору деп ойлошот.

Ата-энелер арзандатууну көп суранышат. Маселен, балага программалоо кызык, жөндөмү да бар, ал эми үй-бүлө окуунун толук акысын көтөрө албайт. Биз да аларды түшүнөбүз, ошондуктан бизде орточо акы башта айтылгандай эмес.

— Эң жогорку маяна бүгүн IT тармагында. Эмнеге программалоо менен эмес, муну балдарга үйрөтүү менен алектенесиз?

Программист Алтынай Нуркамилова - Sputnik Кыргызстан
Жаңыдан аралашкандар да 300 доллар алышат. КРдеги маянасы жогору кесиптин сыры
— Чындап эле биз мектептен аз табабыз, бирок бул вазыйпа маанилүү деп ойлойм. Биз кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоого умтулабыз, анткени алар келечекте өлкөнү эл аралык аренада таанытат. Биз окуткан балдардын иштери да алкоого татырлык. Мисалы, бир бала окуучулар үчүн Улуттук тестирлөө борборунун суроолорунун негизинде кыргыз тили боюнча билим сынай турган тиркеме иштеп чыкты.

— Азыр кыргызстандык тиркеме жаратуучулар көбүнесе четөлкөлүк ишканалардын буюртмаларын аткарышат. Биздин бизнесмендерге алардын кызматы кымбатпы?

— Андай маселе жок эмес. Чет жакта чындыгында алардын кызматы жогору бааланат. Өзүңүздөр ойлосоңуздар, маселен, Москванын бир жеринде арзыбаган тыйындай 300 долларды Кыргызстанда бардык ишкерлер эле сайт үчүн сарптай албайт.

Жакын аралыкта биз республикадагы бизнести автоматташтырууга багытталган долбоорлорду ишке киргизүүгө камынып турабыз. Башкача айтканда, кеп иш өндүрүшүн кагаздан компьютерге өткөрүү, кардарлар менен иш алып баруу тутуму жана башка ушул сыяктуу көп нерселер туурасында. Кыргызстанды абдан жакшы көрөм. Боорукер, эр жүрөк жана шайыр калкыбыз бар. Алардын бош убактысы кененирээк болсо дейм. Адегенде өзүбүздүкүлөргө көмөктөшүп, андан соң чет өлкөгө иштесек болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0